Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

"Талибандын" куугунтугу күчөдү


Кабулдагы ооган жоочусу, 18-август 2021-жыл.
Кабулдагы ооган жоочусу, 18-август 2021-жыл.

Ооганстанда "Талибандын" зордук-зомбулугу тууралуу кабарлар көбөйдү. Бириккен Улуттар Уюмунун документи талибдер ооган армиясынын өкүлдөрүн үймө-үй кыдырып, издеп жатканын көрсөттү.

Курал көтөргөн талибдер Кабулдун көчөлөрүндө көнүмүш көрүнүшкө айланып баратат. Алар тынчтыкты камсыз кылууну көздөрүн айтышып, мурда ооган өкмөтүндө иштеген же чет өлкөлүк күчтөр менен кызматташкан адамдардан өч албайбыз деп убада кылышкан эле.

Бирок "Талибандын" сөзү менен иши дал келбей жатканын Бириккен Улуттар Уюмунун маалымат каражаттарынын колуна тийген купуя документи күбөлөдү. Бул докладды БУУнун агенттиктери үчүн чалгын маалыматтарын сунуштаган Глобалдык анализ үчүн норвегиялык борбор 18-августта даярдаган.

Жоочулардын зомбулугу

Ага ылайык, талибдердин колунда камакка алынышы керек болгон адамдардын тизмеси бар. Анын негизинде жоочулар АКШ жана НАТО күчтөрү менен кызматташкан ооган аскерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн үймө-үй кыдырып, издеп жатышат. Жоочулар өздөрү багынып бербеген аскердик кызматкерлердин үй-бүлөсүн шариат эрежелери менен кыйнап, куугунтап жактаны белгилүү болду.

Документтин даярдаган эксперттер Ооганстандын армиясында, полициясында жана чалгын мекемелеринде маанилүү кызматтарды ээлеген адамдар коркунучта экенин эскертишти. Мындай кабарларды Италияга эвакуацияланган ооган офицерлерди да ырастап жатышат.

"Талибдер Кабулга киргендин эртеси адамдар тобу мени үйүмө издеп барышыптыр. Кошуналарыма сүрөтүмдү көрсөтүшүптүр. Мен Ички иштер министрлигинде иштегем. Кийинки күнү кайра издеп келишип, менин автоунаамды айдап кетишиптир. Ошондон кийин мен Италиянын элчилигине байланышка чыктым. Себеби мен Италияда окугам", - деп аты-жөнү жашырылган ооган офицери.

Талибдер ошондой эле журналисттерди да издеп жатканы кабарланды. Ооганстандын батышында талибдер Deutsche Welle басылмасына иштеген журналисттин үйүнө барып, өзүн таппай, бирок бир тууганын өлтүрүп, экинчисин жарадар кылганы тууралуу бул медиакомпаниянын жетекчилиги маалымат таратты. Ага ылайык, талибдер учурда Германияда жүргөн журналистти издеп барышкан. Анын калган туугандары качып кутулган.

Кабулдагы мечиттердин биринде жума намазына келген талиб жоочулары, 20-август 2021-жыл.
Кабулдагы мечиттердин биринде жума намазына келген талиб жоочулары, 20-август 2021-жыл.

Amnesty International уюму талиб жоочулары июль айынын башында Газни провинциясыннын Малистан районунда исламдын шиит багытын карманган хазар тектүү ооган аскерлерин ырайымсыздык менен өлтүргөнүн билдирди. Уюм күбөлөргө таянып жазгандай, бул аскерлер талибдер жакындаганда тоого качууга аргасыз болушкан. Алардын айрымдары тамак-аш алуу үчүн айылга келгенде жоочулар кармап алып, кыйнашкан. Алты аскер башына атылган октон, үчөө кыйноодон улам каза болгон. Бир кишинин булчуң эттери кескиленип, муунтуп өлтүрүлгөн.

"Бул киши өлтүрүүлөр Ооганстанда "Талибандын" башкаруусу алдында этникалык жана диний азчылыктар өзгөчө коркунучта экенин күбөлөп турат", - деп айтылат Amnesty International уюмунун билдирүүсүндө.

Уюмдун баш катчысы Агнес Калламард үрөй учурган окуялар талибдердин болочоктогу зомбулугун каңкуулап турганын айтты.

Жубайы жана уулу менен кошо Италияга келген хазар тектүү ооган жараны эвакуациянын алдында башынан өткөргөндөрдү айтып берди.

"Биз "Талибан" хазарлардын үйлөрүнө кирип, ооган өкмөтү менен иштешкендерди издеп жатканын уктук. Алар жаш жигиттерди алып кетип, өздөрү менен кошо күрөшүүгө көндүрүшкөн же өлтүрүшкөн. Мен абдан корктум. Түнү бою уктай алган жокмун. Уулумду карап алып, түнү бою ыйлап жаттым", - деди хазар улутундагы ооган жараны.

Талиб жоочуларынын мүнөзү 19-августта Ооганстандын эгемендик күнүндө бир нече шаарда жүрүшкө чыккан адамдарга жасаган мамилесинен да көрүндү. Кабул, Жалал-Абад сыяктуу шаарларда талибдер ооган желегин көтөргөндөргө ок атып, чогулгандарды күч менен таратты.

"Талибандын" лидерлери куугунтук жүрүп жатканын четке кагып, Кабулду ээлегенден бери эл аралык коомчулукту жоошутууга аракет кылып жатат. Кыймыл тынчтыкты көздөй турганын, исламдын баалуулуктарына негизделген, ар кайсы саясий күчтөрдүн башын бириктирген өкмөт түзүлөрүн билдирген.

Эвакуация уланууда

Мындай убадаларга карабастан чет өлкөгө кетүүнү каалаган ооган жарандарынын аягы суюла элек. Акыркы бир нече күн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнүн жалгыз жолуна айланган Кабул аэропортунда кейиштүү окуялар катталды. Интернетке тараган видеолордон аэропорттун аймагына өтүүнү каалагандар ымыркайлары менен кошо дубалдан ашып өтүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Кабулдун аэропортуна кирчү бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттерди ээлеген талибдер айрым учурда өлкөдөн учуп кетүүгө уруксаты бар оогандыктарды да аба майданына өткөрбөй койгон учурлар бар. "Талибандын" жана НАТОнун өкүлдөрүнүн ырасташынча, 15-августтан бери аэропорттун айланасында жалпы 12 адам өлтүрүлдү.

Кабул аэропортунда топтолгон оогандыктар, 20-август 2021-жыл.
Кабул аэропортунда топтолгон оогандыктар, 20-август 2021-жыл.

НАТОго мүчө мамлекеттер Ооганстандагы эвакуация аракеттерин жана "Талибан" менен болочоктогу мамилени 20-августтагы онлайн жыйында талкуулаганы турат. Анда америкалык күчтөрдү Ооганстандан чыгарып кетүү чечимине байланыштуу сынга кабылып жаткан АКШ президенти Жо Байден да сүйлөй турганы кабарланды.

Түндүк атлантикалык аскердик альянстын Ооганстандагы аскерлеринин дээрлик баары чыгып кетти. Учурда ооган жергесинде уюмдун 800гө чукул гана жарандык кызматкерлери иштеп жатат. Алардын көпчүлүгү оогандыктар.

АКШнын аскердик күчтөрү Кабул аэропортун кайтарып, эвакуация жараянын уюштурууну улантууда. Америкалык расмий жетекчилердин айтымында, ушул тапта Ооганстанда 10 миңге чукул америка жараны бар. Президент Байден эгер америкалыктардын эвакуациясы созула турган болсо бул аскерлер 31-августтан кийин да Ооганстанда кала бериши мүмкүндүгүн айтты.

Кошмо Штаттар 14-августтан бери 9 миң адамды эвакуациялады. Алардын 3 миңи 19-августта Кабул аэропортунан учуп кетти. НАТО билдиргендей, баарын кошкондо беш күндүн ичинде баш-аягы 18 миңдей киши Ооганстандан чыгарылды.

Дагы 6 миңдей адам учуп кетүүгө даяр турат. Алардын арасында чет өлкөлүк күчтөргө жардам берген котормочулар да бар.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG