Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:57

Өзбекстанда ооган качкындары үчүн лагерь ачылды


Өзбекстан. Термездеги ооган качкындары үчүн тигилген чатырлар.
Өзбекстан. Термездеги ооган качкындары үчүн тигилген чатырлар.

Өзбекстандын Ооганстан менен чектеш Сурхандарыя облусунун Термез районунда ачылган убактылуу качкындар лагерине Аму дарыясынан сүзүп өтүп, коңшу өлкөдөн качып келген жүздөн ашуун ооган качкыны жайгаштырылды.

Бул тууралуу Gazeta.uz интернет басылмасы качкындар лагеринин медициналык бөлүмүндө иштеген дарыгерлерге таянып жазды.

Качкындардын көпчүлүгү ооган армиясы менен коопсуздук күчтөрүндө иштеген аскер адамдары жана өзбек тектүү ооган жарандары экени көрсөтүлгөн.

Буга чейин Өзбекстан Ооганстандан качкындарды кабыл албай турганын жарыялап, коопсуз жайларды кошуна өлкөнүн өзүндө уюштурууну сунуштаган.

Ошол эле кезде Ооганстандан качкындар аскер учактарында жана жөө чек араны кесип өтүп Өзбекстанга улам качып келип жатканы кабарланган.

15-августта талибдер баш калаа Кабулду ээлеп алган соң, президент Ашраф Гани өлкөдөн чыга качып, андан соң бир катары кызмат адамдары Ооганстанды таштап кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG