Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:56

Amnesty International: талибдер хазарларды өлтүргөн  


Ооганстан. Газни провинциясынын Малистан аймагындагы хазарлар жамааты.
Ооганстан. Газни провинциясынын Малистан аймагындагы хазарлар жамааты.

Amnesty International адам укугун коргоо уюму Ооганстандын борбордук бөлүгүндө жашаган хазар азчылыгынын тогуз өкүлүн талибдер кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн жарыялады.

Талибдер 4-6-июль күндөрү хазарлар жыш отурукташкан Газни провинциясынын Малистан аймагында өзүм билемдик менен өлүм жазаларын ишке ашырган учурлар катталганы белгилүү болду. Бул үрөй учурган зомбулук тууралуу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү укук коргоо уюмунун 19-августта жарыяланган баяндамасында берилди.

Газнидеги кагылышта тоого качкан хазарлар кайтып келгенде алардын үйлөрү өрттөлүп, мал-жаны таланып кеткенине күбө болгон. Качкан хазарлардын ичинен тогуз киши кайтып келе жатканда талибдердин буктурмасына кабылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү дайын болгон.

Укук коргоо уюмунун адистери алардын кандай жагдайда өлтүрүлгөнүн тастыктаган сүрөт далилдерине ээ болуп, аларды күбөлөрдүн айткандары менен кошо текшерип, иликтеп чыккан.

Талибдер 15-августта Кабул алынганда өздөрүн сыпайы жана сабырдуу көргөзгөнү менен, укук коргоочулардын айтымында, бул жырткычтык фактылары "Талибан" эски усулдардан баш тартпаганынын мисалы.

"Бул адам өлтүрүүлөр Ооганстанда талибдердин башкаруусунда этникалык жана диний азчылыктар мурдагыдай эле өзгөчө коркунучука дуушар болоруна түздөн түз далил болуп саналат", - деди Amnesty International уюмунун баш катчысы Агнес Калламард.

Ооганстанда калктын саны боюнча үчүнчү орунда турган түрк-монгол тектүү хазарлар коомчулугу исламдын шиит агымын карманат, фарс тилинде сүйлөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG