Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Кумшекердин баасын 54 сомдон көтөрбөө сунушу берилди


Монополияга каршы күрөшүү агенттиги соодагерлерге кумшекерди 54 сомдон кымбат сатпоого чакырды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бааларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, кумшекердин орточо баасы 61,9 сом болууда. Ошол эле учурда азыктын "Кошой" ишканасынан сатылган дүң баасы 52 сомду түзөрү аныкталган.

"Кумшекерге кошулуучу баага салыктын алынганына байланыштуу баасы арзандатылууга тийиш. Ошондуктан, соода түйүндөрүнө кумшекердин 1 кг 54 сомдон ашырбай сатуу сунушу берилди", - деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-июлдан 31-августка чейин Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон кумшекерге, ал эми 1-июлдан тартып 31-декабрга чейин жылкыга, бодо малга, кой-эчкиге, чочкого жана үй канаттууларына кошумча нарк салыгы алынбайт.

Мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган. Өкмөт мындан бюджетке 200 млн. сомдой түшпөй каларын, бирок бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо оң натыйжа берерин айткан.

Быйыл Кыргызстан жана коңшу өлкөлөрдө кургакчылык байкалууда. Айрым эксперттер азык-түлүк маселеси курчушу мүмкүн деп эскертүүдө. Акыркы айларда Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин өсүп кетти.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG