Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Меркел Путин менен Москвада жолугат 


Франция. Германиянын канцлери Ангела Меркел "Норманд" саммиттине төрайымдык кылган учуру. 20-декабрь, 2019-жыл.
Франция. Германиянын канцлери Ангела Меркел "Норманд" саммиттине төрайымдык кылган учуру. 20-декабрь, 2019-жыл.

Германиянын канцлери Ангела Меркел 20-августта Орусияга барып, президент Владимир Путин менен жолугары күтүлүүдө. Бул анын чоң саясаттан кетер астындагы Орусияга эң акыркы расмий визити болот.

Меркел менен Путин эки тараптуу мамилени, коронавирус пандемиясын жана Ооганстанга байланыштуу эл аралык абалды талкуулайт. Мындан башка Украинанын чыгышындагы чатакты тынч жол менен жөнгө салуу чаралары дагы сүйлөшүүнүн башкы темасы болору айтылды. Бул тууралуу немис канцлеринин кеңсесинен кабарлашты.

Ал эми жолугушуунун эң негизги өзөгүн курулушу аяктап калган «Түндүк агым-2» газ кууру долбоору түзөрү белгиленди. Орусиядан чыккан жаратылыш газы мына ушул куур аркылуу Балтика деңизинин түбү менен Германияга жеткирилет.

Меркел Орусияга жасаган визитинен кийин 22-августта Украинага барып, президент Владимир Зеленский менен жолугат. Анда өз ара кызматташтык жана Орусия менен мамилени жөнгө салуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр өтөрү күтүлүүдө.

Германия менен Франция «Норманд төрттүгүнүн» форматында Донбасстагы Орусия колдогон жикчил топтор менен украин армиясынын ортосундагы согушту жөнгө салуу боюнча демилгенин башында турушат.

XS
SM
MD
LG