Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

ЕАЭБ саммитинде бир катар документтерге кол коюлду


Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жана Өзбекстандын премьер-министрлери. Чолпон-Ата. 19-август, 2021-жыл.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жана Өзбекстандын премьер-министрлери. Чолпон-Ата. 19-август, 2021-жыл.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин отурумунда бир катар макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду.

Анын ичинде "Товар алып кирүүгө жана товар чыгаруудагы бажы төлөмдөрүнүн бир тараптуу тарифтик чараларын жакындатуу жөнүндө", "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички жана тышкы соодасын колдоо", "Казакстандан айыл чарба техникаларын сатып алуу программасына тең катышуу укугу" жана башка документтер бар.

Биримдик алкагында соода алакасын эркин жүгүртүүнү камсыздоо багытында:

"Чек араларда автоматтык соода-эсеп системасын орнотуу долбоорун ишке ашыруу", "Биримдик ичиндеги чектөөлөрдү алуу", "Бажы төлөмүнөн түшкөн каражатты биримдикке мүчө өлкөлөргө бөлүштүрүү" сыяктуу документтерге кол коюлду.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны өттү. Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны 19-августта башталып, чакан форматтагы алгачкы жыйын жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. Өкмөт башчылар менен президент Садыр Жапаров жолуккан.

20-августта өкмөт аралык кенештин кеңейтилген отурумунда 20 чакты маселе талкууланып, жыйынтык документтерге кол коюлду.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.(ZKo)


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG