Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

COVID-19: 242 адам ооруга чалдыгып, беш киши көз жумду


Бишкектеги ооруканалардын бири. Июнь, 2021-жыл.
Бишкектеги ооруканалардын бири. Июнь, 2021-жыл.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 20-августка карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 242 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Акыркы суткада 526 киши сакайды. Беш адам илдеттен көз жумду.

  • Бишкек - 81
  • Ош шаары - 8
  • Чүй облусу – 71
  • Ош облусу – 12
  • Талас облусу - 11
  • Нарын облусу - 11
  • Ысык-Көл облусу – 24
  • Жалал-Абад облусу – 9
  • Баткен облусу - 15


Ушуну менен былтыр март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 173 428 адамга жетти. Жалпы - 165 368 киши сакайды. Илдеттен 2473 адам каза болду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG