Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Ооганстан: "Талибан" имамдарды жума намазында элди биримдикке үндөөгө чакырды


Ооганстан. Герат. 2021-жылдын 20-августу.
Ооганстан. Герат. 2021-жылдын 20-августу.

Ооганстанда “Талибан” кыймылы имамдарды бүгүнкү жума намазында элди биримдикке чакырууга үндөдү. Кечээ өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата айрым жерлерде талибдерге каршы акциялар уюштурулган. Тынчтык жана исламга негизделген өкмөт куруу убадасына карабастан талибдер көчөгө чыккан демонстранттарга каршы күч колдонгону, алардын кээ бирлери өлтүрүлгөнү кабарланды.

Жума намазга карата буйругунда “Талибан” имамдарды “мекендештерибизди өлкөдөн чыгып кетүүгө эмес, мамлекеттин өнүгүүсүнө тартууга” жана “душмандын каршы үгүтүнө жооп берүүгө” чакырды.

Жалпысынан Кабулда абал тынч экени, куралчан адамдар көчөлөрдү кыдырып жүргөнү, жабылып калган кээ бир жайлар кайра ачыла баштаганы, бирок өкмөттүк мекемелер менен банктар дагы эле жабык турганы кабарланууда.

Шаардын аэропортунда чет элдиктерди эвакуациялоо уланууда. АКШ жекшембиден бери 7 миң аскерин алып чыгып кеткенин билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG