Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

ЕАЭБди күчтөндүрүү сунушталды


Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити башталды.

Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтүүдө.

Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышууда.

Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышат.

Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр сыяктуу жыйырмадан ашуун маселелер талкууланары айтылган. Бул жолку ЕАЭБ жыйыны Ооганстанда кырдаал курчуган учурга туш келди.

Чолпон-Ата шаарында негизги жыйын 20-августта болот. Бүгүн, 19-августта анын катышуучулары чакан чөйрөдө жолугушууга чогулушту. Анда сөз сүйлөгөн учурда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ооганстандагы окуялардын кооптуулугун эскертти.

"Болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна белгилүү таасирин тийгизиши шексиз. Ошондой эле, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын катарында ЕАЭБ мамлекеттеринде табият кырсыктары көбөйүүдө. COVID-19га байланыштуу кырдаал, эмдөө, ооругандардын саны убактылуу басаңдаганына карабай кооптуу кырдаал сакталууда. Бул көйгөйлөргө каршы бирге туруп, жаңы чакырыктарды жеңип чыга аларыбызга ишенем", - деди Марипов.

“Уюмдун жобосу баарына бирдей иштесин”

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Ысык-Көлдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында өтүп жаткан кыргыз-орус ишкерлеринин 3-бизнес-форумунда да бул тууралуу сөз болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык биримдик дүйнөлүк интеграциялык уюм болуп өнүгөрүнө көзү жетерин, бирок бул үчүн уюмдун жоболору бардык мүчөлөргө бирдей иштеши керектигин айтты.

"Уюмдун ичинде товарларды эркин жүгүртөбүз деп келиштикпи? Анда иш жүзүндө да ошондой болсун. Ошол жобону кармайлы. Чек арачыларды жана башка атайын кызматтарды бул тармакка тартуунун кереги жок. Биздин товардын ичинен баңгизат менен террорчуларды издөөнүн кереги жок. Эгер бул жобо талаптагыдай иштесе, биздин өлкөлөрдүн товар алмашуусу бат эле 2-3 млрд. долларга жетет. Экономикада саясат болбошу керек".


Акылбек Жапаров Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишине да көңүлү тойбогонун айтып кетти. Министр фонд түзүлгөн алты жылдан бери болгону 300 миң доллар гана иштетилгенин белгилеп, фонддун азыркы жетекчилигинин жардамы менен жыл аягына чейин дагы 500 млн. доллардын баарын ишке киргизүүгө жетишүү мүмкүнчүлүгү бардыгын айтты. Акылбек Жапаров Орусия тараптан 0,75% үстөк менен 40 жылдык мөөнөткө убада кылынган 500 млн. долларды да бөлүп берүүсүн сурады.

"Бизге болгону бир эле "иштеткиле" деген шарт коюлган. Биз ал шартты аткардык, мурда бөлүнгөн акчаны иштетип жатабыз. Эми Орусиянын каржы институттары сөзүнө туруп, келерки 500 млн. долларды тоскоолдуксуз бөлүп берет деп ишенебиз".

ЕАЭБди күчтөндүрүү аракети

Саммитин алдында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алып, ЕАЭБге катышуусу өлкөнүн тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон калат деп айтты.

Жыйынды утурлай Орусия өкмөтүнүн расмий сайты Евразиялык экономикалык биримдикке Борбор Азиянын башка өлкөлөрү Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды кошуп, уюмду күчтөндүрүү зарылдыгы тууралуу Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин айткандарын жазып чыкты.

Өкмөт башчылардын саммити алдында Нурсултан Назарбаев менен Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Казакстандын баш калаасында жолугушкан.

"Сиз бүгүн ЕАЭБдин өкмөтү менен жолугушасыз. Владимир Владимировичтин сунушу менен уюмдун ардактуу төрагасы катары мен жыйынга байкоо салып турам. Биз бул уюмду бекемдешибиз зарыл. Башка коңшуларыбыз дагы уюмда болсо дейм. Өзбекстан жана Тажикстан, анан түркмөндөр менен дагы бул жаатта иштеш керек. Мен муну дайыма айтып келем", - деген Назарбаев жолугушууда.

Михаил Мишустин жолугушууда өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 34% өскөнүн маалымдаган. Бул пандемияга чейинки көрсөткүчтөн 20% көп. Бирок уюмдун өзүндө товарларды эркин жүгүртүү жобосу иштебей жатканына нааразы пикирлер бар. Маселен, коронавирус эпидемиясына байланыштуу казак тарап 2020-жылдын жаз айларында жапкан чек араларын ача элек. Бул өлкөнүн аймагына азыр учак аркылуу гана кирүүгө болот. Автоунаа менен кирүү үчүн өзүнчө уруксат талап кылынат. Ошол эле маалда Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы чоң мамлекеттер ортодогу негизги келишимди бузуп, бут тосуп жатканын даттанып келет.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдан бери мүчө. Кыргызстандан ташылып жаткан товарлардын ичинде контрабандалык жол менен Кытайдын товарлары ташылып жатканын жүйө кылган Казакстандын текшерүүнү күчөткөнү Бишкектин нааразылыгын жараткан. Кыргызстандан барган айыл чарба азыктары Орусияга түрдүү себептер менен киргизилбей, артка кайтарылган же чек арада жок кылынган учурлар да катталып келет.

Доллардан баш тартуу сунушу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдү АКШ доллары менен эсептешүүдөн баш тартууга чакырды.

Жапаров биримдиктин алкагында эсептешүүгө доллар сыяктуу "котормочу" валютага муктаждык болбошу керектигин айтты.

Новиков: ЕАЭБ тогуз жолдун тоомунда турат

Экономика жана финансы министрин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков да кубаттады. Новиков ЕАЭБ алкагында түрдүү тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жоготуу талабы арбын айтыла баштаганын белгилеп, долларга көз карандылык товар алмашуунун көлөмүнө таасир этерин, бул өз кезегинде улуттук валютанын девальвациясына алып келерин белгиледи.

Ал ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин алдында эки жолду тандоо турганын, анын бири интеграция, экинчиси улуттук кызыкчылыкка багытталган экономика экенин айтып өттү.

Артем Новиков.
Артем Новиков.

"Бүгүн биз эки айрылыш жолдо турганыбыз белгилүү. Андыктан алдыда мындай суроо турат: же интеграциялык жараяндарды мындан ары тереңдетүү же улуттук негиздеги экономикага кайтуу", - деген Новиков ЕАЭБ алкагындагы интеграциянын экономикасы өнүгө элек мамлекеттерге тескери таасири тийип жатканын эске салды.

Биримдик алкагында эсептешүүдө АКШ долларынан баш тартуу маселеси буга чейин да көтөрүлгөн.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG