Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

Кыргызстанда буудай кымбаттады


Буудай жыйноо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда буудайдын наркы бир жылда дээрлик 40% кымбаттады. Былтыр ал 20 сом турса, быйыл орточо 29-30 сомдон сатылып жатат.

Импорттук дан азыктарына көз каранды өлкөдө бул жагдай кооптонууну жаратууда. Анүстүнө ушул жылы кыргыз фермерлеринин түшүмү кыйла кыскарары күтүлүп жатат.

Наркка байланыштуу жагдай

Товарлардын негизги түрлөрүнө, анын ичинде азык-түлүктөрдүн наркына байкоо жүргүзгөн Улуттук статистика комитети биринчи муктаждыктагы азыктарга байланыштуу жылдык сереп чыгарды. Ага ылайык, буудайдын керектөө баасы 12 айда дээрлик 40% көтөрүлгөнү аныкталды.

Улуттук статистика комитетинин Баалар бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаева “Азаттыкка” муну деталдуу түшүндүрдү.

Айнура Нурбаева
Айнура Нурбаева

“Мониторингдин жыйынтыгы 2021-жылдын июль айына карата буудайга болгон баа республика боюнча орточо эсеп менен 29,15 сомду түзгөнүн жана 2020-жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн көрсөттү. Ошол эле учурда, буудайдын чекене баасы орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Бишкек (кг үчүн 31,46 сом), Токтогул (кг үчүн 30,96 сом), Исфана (кг үчүн 30,73 сом) жана Өзгөн (кг үчүн 30 сом) шаарларында, ал эми төмөн болуп - Чаек айылында (кг үчүн 18 сом), Каракол (кг үчүн 20,87 сом) жана Кара-Суу (кг үчүн 23,59 сом) шаарларында түзүлдү. Былтыр июль айында орточо республикадагы орточо баа 20,92 сом болчу”, -деди ал.

Статкомитет изилдөөнү Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлардан баштап, айрым район борборлорун жана айылдарды кошкондо 20дай калктуу пунктта жүргүзгөн. Буудай өндүрүлгөн башка жерлерде мындан айырма болушу мүмкүн.

Маселен, Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов​ аларга караштуу комбинаттар дүң баада дыйкандан мындан арзаныраак алып жатканына токтолду.

“Статкомитет базарда чакалап, килограммдап сатып жаткандардын баасын айтып жатса керек. Алып сатарлар фермерден алып, анан эки-үч ортомчудан өтөт, ошолордун да акчасы кошулуп сатылат. Фермерлердин баасы арзаныраак. Алар комбинаттарга 24 сомдон сунуштайт. Бирок анда дагы жергиликтүү буудай аз болуп жатат, сырттан келгендерди биздин заводдор 22 сомдун тегерегинде сатып алууда”.

Кыргызстандын буудайы. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын буудайы. Архивдик сүрөт.

Ошентсе да, Улуттук статистика комитети келтирген сандар өлкөдөгү жалпы жагдайды көрсөтүп турат.

Мекеменин маалыматында тургандай, буудайдын килограммы айрым жерлерде 18-20 сомдон сатылып жатса, кээ бир жерлерде 29-30 сомдон да жогору. Эң кымбаты Бишкекте – 1 кг буудай дээрлик 32 сомго чейин жеткен. Ошол эле убакта социалдык түйүндөрдө айрым колдонуучулар кээ бир жерлерде бул азык чекене баада 34-35 сомдон да сатылып жатканын жазышууда.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Бишкекте пресс-конференция берип жатып, буудайдын наркын кармап калуу боюнча чараларга токтоло кетти.

Аскарбек Жаныбеков
Аскарбек Жаныбеков

“Мына өзүңүздөр көрдүңүздөр, Жогорку Кеңеште 1 млрд. 250 млн. сом акча бюджеттен бөлүнүп, түздөн-түз азыктык буудай сатып алууга каралды. Андан сырткары материалдык резервдерде ун бар, ал сатылып, жалпы 1,5 млрд. сом акча азыктык буудайды Орусиядан жана Казакстандан сатып алып келүүгө бөлүндү. Бул каражат биздин ички базарыбызда ундун баасы кымбаттап кеткен кезде мамлекеттин колдоосу менен арзандатууга багытталат. Азыр биз тендер жарыяладык, жакындан тарта бизге сырттан көп көлөмдөгү буудай ташылып келе баштайт. Биз буга кошумча Кыргызстандагы буудайды кайра иштетүүчү комбинаттарга четтен алып келинген азыктык буудайга кошумча нарк салыгын (КНС) алып салдык. Бизде кырктан ашык комбинат болсо, азыр анын 20 чактысы иштеп жатат. КНСти алып салуу аларга чоң өбөлгө жана аталган аракеттин өзү өлкөдө буудай жана унга баанын көтөрүлүп кетишинин алдын алган чоң рычаг”.

Мурдараак Кыргызстандын Министрлер кабинети (Минкаб) жалпы кымбатчылыктын фонунда буудайды, унду, шекерди, күрүчтү, өсүмдүк майын жана жумуртканы Евразия экономикалык биримдигинен тышкаркы үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого тыюу салган. Ошондой эле тоютту сыртка чыгарууга да чектөө коюлган. Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жана алардын кымбаттап кетишинин алдын алуу үчүн киргизилгени айтылган.

Өндүрүш жана импорт

Албетте, дан азыгынын наркын аныктоочу факторлор көп. Алардын негизгиси өндүрүштүн жана импорттун көлөмү. Алгач кыргыз фермерлеринин түшүмүн талдап алалы.

Демек, Улуттук статистика комитетинин эсебинде акыркы жылдары 600-700 миң тоннадай буудай өндүрүлүп келген. Быйыл анын көлөмү кыйла аз деп күтүлүп жатат.

Кыргызстандын буудай талаасы
Кыргызстандын буудай талаасы

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков түшүмгө карата эсеп менен тааныштырды.

“2020-жылы биз 690 миң тонна буудай өндүргөнбүз. Былтыр күздө жалпы 132 миң гектар жерге күздүк буудай себилген. Алардын 70% чабылып, жыйналды. Бирок кургакчылыкка байланыштуу быйыл түшүм 30-35% чейин кыскарышы мүмкүн деген божомол бар. Ошондо быйыл 400-450 миң тонна азыктык буудай жыйналат деп күтүп жатабыз”.

Арийне, тиешелүү министрлик Кыргызстан 2020-жылы 700 миң тоннадай буудай өндүргөнүн билдиргени менен көз карандысыз адистер анын көлөмү ушунун жарымын эле түздү деп баалашкан. Мекеменин быйылкы болжолунан да күмөн санагандар арбын.

Кайрадан Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушовго сөз берели:

Рустам Жунушов
Рустам Жунушов

“450 миң тонна буудай өндүрүлөт деген болбогон сөз. Былтыр болгону 250-300 миң тоннадай болгон. Менимче, быйыл биздин фермерлер ашып кетсе 100-150 миң тоннадай эле буудай өндүрөт. Себеби биз деле талааларды кыдырып, кайсы жерде кимдер экти, түшүм кандай болду деп карап, мониторинг кылып жатпайбызбы. Жылдан-жылга буудай талаасы азайып жатат, быйыл ага кошумча кургакчылык болду, сугат суу жетишпеди, түшүм жакшы болгон жок. Мен статистиканы карап көрсөм, Кыргызстан СССРдин курамында турган мезгилде жылына орточо 500-600 миң тонна өндүрүп турчу экен. Анда жер мамлекеттики болчу, трактор-комбайн, күйүүчү май, баары даяр турган мезгилде ушундай өндүрүш болгон. Азыр биздин өкмөт да инерция менен эле ошондой сандарды бере берет окшойт”.

Кыргыз өкмөтү мурдараак Кыргызстандын буудай азыктарына муктаждыгы 600-650 миң тонна деп баалап келчү. Айыл чарба министрлиги быйылкы керектөөнү 750 миң тонна деп баалап жатат.

Демек, өлкө мунун көбүн сырттан алып келүүгө аргасыз. Сөз жок, Кыргызстан жылда эле сырттан, басымдуусун Казакстандан жана Орусиядан сатып алчу. Быйыл көбүрөөк алышы керек.

Министр Аскарбек Жаныбеков мындай деди:

“Бизде бир жылда 750 миң тонна азыктык буудай керектелет. 2020-жылы импорттолгон азыктык буудайдын көлөмү 300 миң тоннаны түзгөн жана 92 миң тонна буудай сырттан алып келинген. Өзүбүздүн өндүрүштөгү 700 миң тоннадай буудайды буга кошкондо бар буудайдын көлөмү керектөөдөн көптөй көрүнүшү мүмкүн. Буудай тазаланат, бир бөлүгү кебекке чыгат жана башка азыктарды чыгарууга да пайдаланылат. Кондициялуу эмес буудайдын түрү тоютка да колдонулат”.

Адистер быйыл сырттан буудай жана ун алуу жылдагыдан опурталдуураак экенин да эскертип жатышат. Себеби көп өлкөлөрдө Кыргызстандагыдай эле суу тартыштыгы жана кургакчылык өкүм сүрдү. Орусияда, Казакстанда да табигый кубулуштар дыйканчылыкка кыйла залака келтирди. Алардын өзүндө өндүрүш жетишсиз болуп калса, бул Кыргызстан сыяктуу майда рынокторго да таасир этпей койбойт.

Казакстандагы буудай кампа.
Казакстандагы буудай кампа.

“Казакстандын түштүгүндөгү буудай толугу менен эле күйүп кетти. Түндүгүндө деле түшүм өтө жакшы болбойт деген болжол чыгарып жатышат. Орусияда бир жагында суу каптап жатат, бир жагында өрт. Аларда да түшүм башка жылдарга караганда азыраак болот деген эсеп бар. “Түшүм талаада турганы эмес, кампага түшкөнү” деген сөз бар, кампага салгандан кийин белгилүү болот. Себеби аларда буудайдын акыркы түшүмдөрү сентябрь-октябрь айларына чейин жыйналат. Маселен ошону жыйнайлы деп жаткан кезде узак жамгыр жаап, өрт чыгып же суу алып кетсе да ар кандай сценарий күтүлүп калат”, - деди Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов.

Демек, Кыргызстандын өзүндө өндүрүш аз болсо, ага кошумча сырттан буудай-ун ташып келүү чектелип калса, бул аталган товарлардын наркын дагы көтөрүп жибериши ыктымал.

Азыктын унга айлангандагы жагдайы

Кыргызстанда азык-түлүктүн, башка товарлардын жана тейлөө кызматынын баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 10,5% өстү. Бул ЕАЭБ ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Эгер деталдуу алганда кээ бир товарлардын наркы 20-30%, кээлери 40-50% чейин кошту. Анын ичинде, буудай жана ун да бар.

Бишкектин “Ош базарындагы” ун саткан бөлүккө түшүп, алардын наркына кызыгып көрдүк. Мындагы сатуучулардын бири Назарбек Ибраимов кепке кошулду.

“Жыл башында Казакстандын унун 1600дөн сатып жатканбыз, азыр 1800 сомго чыгып калды. Эгер жалпы алсак, биринчи сорттогу ун 1500 сомдон 1800 сомго чейин болуп жатат. Экинчи сорттогу ун 1100 сомдон 1400 сомго чейин сатылууда. Бул 40-45-50 кг каптар үчүн айтылып жаткан баа. Эми бизге ушундай баада келет, кабына 50 сомдон эле кошуп сатабыз. Анда мээнетибиз бар, капты ташыган арабалардын акысы бар дегендей. Килограммдан сатканда баа мындан да жогорураак болот”.

Назарбек Ибраимов чекене баадагы ундарынын астында. Бишкектин "Ош" базары.
Назарбек Ибраимов чекене баадагы ундарынын астында. Бишкектин "Ош" базары.

Өлкөдө кымбатчылык калк арасында кыйла нааразылыктарды жаратып жатат. Анын ичинде кыргызстандыктардын дасторконундагы эң негизги нанды жасай турган буудайдын жана ундун наркынын өсүшү да терс пикирлерди туудурууда.

Базарга ун алганы түшкөн Бишкек шаарынын тургуну Мукарам Турсунбекова “Азаттыкка” мындай пикири менен бөлүштү.

“Базарда баары кымбат болуп жатат, ун да кымбат. Бир кап ун 1850 сомго чейин экен. Бул карапайым адамдар үчүн оорчулук жаратууда. Орточо бир үй-бүлө айына эки кап ун жейт, ага каражатты кайдан табат? Элдин кирешеси өспөй эле турат, бирок базардагы баа күн сайын көтөрүлүүдө. Пандемия болуп атат, балдардын иммунитетин көтөрүш керек, жакшыраак тамак ичиш керек дейбиз, бирок азык-түлүк сатып алуу оорлоп баратат”.

Бишкек шаарынын "Ош" базарындагы ундун баалары.
Бишкек шаарынын "Ош" базарындагы ундун баалары.

Улуттук банк жакынкы айларда инфляция 10% ашпайт деп 2021-жылдын февралында болжолдоп, жылдын аягында 7% чейин төмөндөй турганын билдирген. Бирок май айындагы божомол боюнча сентябрга чейин инфляция 11% деңгээлинде болору, жыл соңунда 9% чейин төмөндөй турганы айтылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG