Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Сураппаева: Абанын ысышына ар бирибиз айыптуубуз


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму менен чогуу климаттын өзгөрүүсүн токтотуу үчүн Улуттук деңгээлдеги салымдарды аныктоо деген планды кабыл алган. Ага ылайык беш жыл ичинде климаттын өзгөрүшүн мамлекет көзөмөлгө алышы керек.

Кургакчылык, суу тартыштыгы жана токой, айдоо талааларынын бузулуусунун себеби эмнеде? Бул суроолорго токой жана биотүрдүүлүк боюнча эксперт Венера Сураппаева жооп берди.

- Венера айым, алгач Улуттук деңгээлдеги салымдарды аныктоо деген пландын маани-маңызын түшүндүрүп бересизби?

- Климаттын өзгөрүшү боюнча Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган атайын конвенция бар. Ага ылайык Кыргызстан Париж келишимине кол койгон. Кийин бул келишим мыйзамдык деңгээлде ратификацияланган.

Ушундан улам биздин өлкөнүн климаттын өзгөрүшү, абанын ысышын токтотуу жаатында эл аралык милдеттери бар. Ага ылайык абанын температурасы 1,5 же 2 градустан өйдө көтөрүлүп кетпеген абалда сакталышы керек. Мындай жагдай үчүн улуттук деңгээлде салым кошуу боюнча план аныкталат. Бул план беш жылга түзүлөт. Биздин биринчи план 2015-жылы бекиген. Азыр экинчи планга өтүп жатабыз.

Венера Сураппаева, оңдо.
Венера Сураппаева, оңдо.

- Ушул өткөн беш жылдын ичинде эмнеге жетиштик? Жөнөкөй жарандардын жашоосуна бул план кандай таасир этти?

- Туура айтасыз, 2015-жылы кабыл алынган планды карапайым калк дээрлик түшүнгөн да, сезген да жок. Мындай документ бар экенин, милдеттерди аткаруу керектигин туйгандар аз болду.

Акыркы 125 жылдын ичинде Кыргызстандагы абанын температурасы өтө тездик менен өзгөрүп жатат. Башкача айтканда, бул убакыт ичинде температура 0,01 градуска жогорулады. Акыркы элүү жылда бул көрсөткүч 0,02° болду. Ал эми жыйырма жылда 0,07° болмокчу. Эгерде мындай ылдамдыкта аба ысый берсе, 2100-жылы орточо абанын температурасы 4 градуска көтөрүлөт.

Париж келишимине ылайык биздин мамлекет 1,5 же 2 градустан өйдө ашырбашы керек. Улуттук деңгээлдеги салымдарды аныктоо планы дал ушул абанын ысышын жайлатуу максатында түзүлгөн.

- Эгер абанын температурасы токтобой ысый берсе, Кыргызстан үчүн кесепети кандай болот?

- Албетте, абдан оор. Анан калса климаттын өзгөрүшү деген маселе эртең болушу мүмкүн, балким болбой деле калат дегендей түшүнүк эмес. Бул процесс чындап эле азыр болуп жаткан оор кубулуш эмеспи. Өзүңүз деле байкасаңыз, быйылкы жылы июндун башында эле күн катуу ысып, эл кыйналды. Мындайды мурда көргөн эмеспиз.

Адатта күн июлдун ортосунда же августта ысычу эмес беле. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү дыйканчылыкка коркунуч жаратууда.

Мындайда түшүм аз болот, бак-дарактардын өсүшү жайлайт, мунун баары калктын жашоосуна терс таасирин тийгизет. Азык-түлүк тартыштыгы келип чыгат. Климаттын өзгөрүшү өзүнүн артынан бир топ оор кесепетти алып келет.

- Сиз айтып жаткан Улуттук планды ишке ашырууда бийлик негизги ролду аткарабы же калкпы?

- Биринчи кезекте өкмөт, мамлекет буга жооптуу. Андан кийин жарандык сектор келет. Бул маселеге ким кызыкдар болсо баары катыша алат. Анткен менен мамлекет Париж келишимин ишке ашырууда эң негизги жооптуу орган болуп кала берет. Ошентсе да ар бир жаран жаратылыштагы кубулуштарга таасир эте аларын эске алуусу шарт.

Ар бир жаран Кыргызстандагы абанын температурасы көтөрүлгөнгө салым кошуп жатпайбы, аны төмөндөткөндө да жарандардын жоопкерчилиги маанилүү. Ошол эле транспортту алалы, энергетика сектору, таштандыларды кайра иштетүү, айыл чарба сектору, мал чарбачылык - ушунун баары абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат. Зыяндуу заттарды сиңирип алган бир гана нерсе бар. Ал - токойлор. Токойлор гана абаны тазалоочу милдетти жалгыз аткарып жатпайбы.

- Бирок абаны тазалаган токойлордун көлөмү Кыргызстанда жетиштүүбү?

- Жалпысынан алып карасак, Кыргызстан өзү токою аз өлкө. Бул эми климаттын өзгөрүшүнө деле байланыштуу эмес. Тоолуу мамлекет болгондуктан, жаратылыш өзү берген токойлорго жардыбыз. Токой бардык жерде эле өсө бербейт да. Расмий статистика боюнча, Кыргызстандын территориясынын 5,6% токойлор түзөт. Токойлорду каттоо ар бир он жылда бир ирет ишке ашат. Акыркы ирет 2010-жылы катталса, быйыл кайрадан токойлордун эсебин алуу жүрүп жатат. Биз азыр колдо бар токойду сактап калышыбыз керек. Себеби, климаттын өзгөрүшү үчүн токойдун мааниси биринчи орунда турат. Тилекке каршы, бизде токойлор азыр картайып калды.

Токойду жапырт кыюу болбосо да анын табигый калыбына келтирүү иши начарлады. Өлкөдө жаш токойлор дээрлик жок болууда. Кыртыштын бузулганы да табигый токойлорду азайтууда. Азыр биз өсүп турган токойлорду сактап кала албасак, мөңгүлөрдүн эрип жатканы өтө тез болот.

Жашыл зоналардын эң чоң душманы - мал чарбачылык болууда. Чаржайыт мал багуудан улам жандыктар жаңы өсүп келе жаткан токойдун майда бадал, дарак көчөттөрүнүн бутак, тамырына чейин жеп жатат. Токойдун пайда болушуна өтө узак убакыт керек. Айыл чарба өсүмдүктөрүндөй жазында айдап, күзүндө түшүмүн алуу мүмкүн эмес. Токойдогу бир чырпыктын даракка айланышы үчүн 20-30 жыл талап кылынат. Бирок мал чарбачылык муну күтпөй эле жаш токойду талкалап салууда.

- Андай болсо ар бир адам абанын температурасы ашыкча ысыбашы үчүн эмне кылышы керек? Жөнөкөй кадам эмне?

- Мен өзүм токойлор боюнча экспертмин. Ар бир атуул аймагына бак тигүүдөн баштаса болот. Жашыл аймактар, бак-дарактар абаны калыпка салып, зыяндуу газдарды сиңирип аларын какшап эле айтып жатпайбызбы, бул илимий жактан далилденген да. Демек, биз жашыл аймактарды көбөйтүшүбүз керек. Бир эле дарак тигип, аны өстүрүү менен климаттын кесепетин аз да болсо алдын алабыз. Жогоруда айтканымдай, абанын ысышына ар бирибиздин таасирибиз бар. Мамлекет эмне кылат деп күтүп отурган туура эмес. Ар бирибиз автоунаага түшөбүз, светти жандырабыз, кышкысын көмүр менен үйдү жылытабыз. Мунун баарын жасап аткандан кийин табиятта тең салмактуулук да сакталышы зарыл экенин эстен чыгарбасак. Аны биз бак тигүү менен гана камсыздай алабыз.

- Экологиялык жоопкерчилик, жаратылышка маданияттуу мамиле кылуунун деңгээлин арттыруу керекпи?

- Ооба, калк арасында экологиялык билим, маалымат көбөйтүп, бул багытта өтө активдүү иш алып баруу керек. Мен азыр абага чыккан уулуу заттарды азайтуучу эң эле жөнөкөй, алгачкы кадам тууралуу айттым. Бир бак тигүү менен планетанын жүгүн жеңилдетүү мүмкүн экенин унутпайлы.

Борбор Азия: Суу талашты ким чечет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:43 0:00

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG