Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Жээнбеков Париж келишимин ратификациялаган мыйзамга кол койду


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Климаттын өзгөрүшү тууралуу БУУнун алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчы 12-ноябрда өткөн «Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыгынын жыйынтыктары жана келечеги» аттуу форумда билдирди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ишине барган сайын жандуу аралашып жатканын белгилеген.

- Биздин өлкө эл аралык экологиялык процесстердин жигердүү катышуучусу болуп эсептелет. Анткени Кыргызстанга - тоолуу өлкөгө, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири курч сезилет. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына таасир этет, өлкөнүн тоолуу райондорунда табигый кырсыктардын күчөшүнө алып келет. Кыргызстан климаттын өзгөрүшүн экосистема жана адамдар үчүн олуттуу коркунуч катары тааныйт. Ошондуктан Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялаган мыйзамга кол койдум, - деген Жээнбеков.

Маалыматка караганда, бул макулдашууну ишке ашырууда Кыргызстанда ГЭСтердин курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Афганистандын жана Пакистандын гидроэнергияга болгон керектөөсүн камсыз кылат. Ал бүтүндөй ири регионду туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык зыян ресурстарды колдонууну азайтуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды 2019-жылдын 17-октябрында кабыл алган. Ал эми Кыргызстан 2015-жылы Бириккен Улуттар Уюму даярдаган Париж келишимине башка 197 өлкө менен катар кол койсо да ал ратификациялана элек болчу. «Париж келишими» деген аталыш менен белгилүү болгон протоколго ылайык бардык мамлекеттер Жер планетасындагы абанын температурасын эки градустан ашык жогорулатууга бөгөт коюу максатында тиешелүү чара көрүүгө милдеттүү. ​

Буга чейин Кыргызстан Париж келишимин ратификациялабаган 13 өлкөнүн катарында турган. Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандан башка бардык мамлекеттер бул келишимди ратификациялаган. (KЕ)

XS
SM
MD
LG