Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:10

Тажикстан Казакстанга сугат үчүн кошумча суу берет


Шалы талаасы.
Шалы талаасы.

Казакстан катаал кургакчылык жүргөн түштүк аймактарын сугаруу үчүн Тажикстандын Кайракум суу сактагычынан 315 млн. метр куб кошумча сугат суу алууну пландаштырды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы Казакстандын расмий бийлик органдарына шилтеме берип, маалымат таратты.

Түштүк Казакстандагы дыйкандар Сырдарыянын бассейниндеги суунун таңкыстыгынан быйыл жазында шалы аянттарын кескин кыскартууга аргасыз болгон.

Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйканчылык райондордунда сугат суунун кескин тартыштыгы байкалып, кургакчылык айыл-чарба өсүмдүктөрүнө терс таасирин тийгизип жатканы кабарланган болчу.

Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Серик Кожаниязов июнь-август айларында Тажикстандын Кайракум суу сактагычынан түштүк райондордогу шалы талааларына суу жеткизүү үчүн кошумча 315 млн. метр куб сугат суу алуу макулдашылганын кабарлады. Анын ордуна Казакстан тажик тарапка техника жана күйүүчү-майлоочу май бере турганы сүйлөшүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG