Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Тажикстан Кытайдан жардам катары 300 миң доза вакцина алды  


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 пандемиясына каршы Sinovac Research & Development Co. Ltd компаниясынын 300 миң доза вакцинасы 20-июнда атайын чартердик рейс менен Бээжинден Дүйшөмбүгө келип түштү.

Гуманитардык жүктү өлкөнүн жогорку кызмат адамдары жана Кытайдын Тажикстандагы элчиси тосуп алды.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, CoronaVac вакцинасынын 300 миң дозасын Кытай акысыз берди.

Министрлик вакцина атайын кампаларда гана сакталып, буга чейин бекитилген план боюнча колдонула турганын белгиледи.

Бээжин Тажикстанга вируска каршы акысыз вакцина бере турганы тажик президенти Эмомали Рахмон менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин быйыл март айындагы телефондук сүйлөшүүсүндө белгилүү болгон.

Тажикстанга буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVAX программасы аркылуу AstraZeneca вакцинасынын 192 миң дозасы бекер берилген.

Бүгүнкү күнгө карата Тажикстанда коронавирус илдетине каршы эмделгендердин саны 80 миңден ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG