Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Казакстан менен Кытай Хоргоско суу сактагыч курат


Казакстан.
Казакстан.

Казакстан менен Кытай чек арадагы Хоргос дарыясында суу сактагыч курууну пландаштырууда.

Шейшембиде Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстар министрлиги Хоргос дарыясына суу сактагыч куруу долбоору эки өлкөнүн өкмөттүк деңгээлинде каралып жатканын кабарлады.

"Климаттык шарттын өзгөрүшү дыйкандардын актуалдуу көйгөйүнө айланды. Жергиликтүү адистер жана дыйкан чарбалардын жетекчилери бул көйгөйдү Хоргос дарыясына суу сактагыч куруу менен чечүүгө болорун белгилешти" деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Жаңы суу сактагыч Алматы облусунун Панфилов районундагы Баскунчан айылында курулат. Буга чейин 2013-жылы пайдаланууга берилген "Достук" гидротүйүнүнө келген суунун көлөмү азайып, ал жараксыз болуп калган. Серепчилер буга тоодогу мөңгүлөрдүн азайып баратканын себеп катары көрсөтүшкөн.

Адистер негизинен Хоргос дарыясындагы суунун таңкыстыгын жаңы суу сактагыч куруу менен чечкенге мүмкүнчүлүк бар экенин айтышат.

Нур-Султан шаары. 2015-жыл.
Нур-Султан шаары. 2015-жыл.

“Казсуу” мамлекеттик ишканасынын директору Алтай Элжасовдун билдиришинче, ишкана жергиликтүү аткаруу органдары менен биргеликте курулуштун сметалык документтерин иштеп чыгып, өкмөткө сунуштайт.

"Аталган объект транс чек ара аймагында жайгашкан. Ошол себептен маселе эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде каралып жатат. Бирок ага карабай, жергиликтүү аткаруу органдары объект салына турган жерди аныктап, сметалык документтерин жасап, Экология министрлигине тапшырат".

Былтыр ноябрда, Казакстан парламентинде суу коопсуздугу боюнча өкмөттүк отурумда өлкөнүн Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев, Кытай менен транс чек аралык дарыялар боюнча сүйлөшүүлөр "өтө жай жүрүп" жатканын айткан.

Долбоор ишке ашса сууну бөлүштүрүү, суунун сапатын көзөмөлдөө жана булгануунун алдын алуу сыяктуу маселелер казак-кытай мамилесине көлөкө түшүрөт дегендер да бар.

Балхаш көлүнө куюлган Иле дарыясынын оң куймасы, Хоргос дарыясы Казакстан менен Кытайдын чек арасынан башталат. Дарыянын узундугу 180 чакырымга жакын, анын 160 чакырымы казак-кытай чек арасынан агат.

Ал эми Казакстан Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстары жетишпеген өлкөлөрдүн бири. Республикада суунун 65% айыл чарбасына колдонулат. Жер үстүндөгү агын суулардын жарымына жакыны (44,9 куб километр) Кыргызстан, Кытай, Орусия жана Өзбекстандын аймактарына туура келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG