Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 16:05

Токаев сууну орток байлык деп эсептейт


Касым-Жомарт Токаев жана Сооронбай Жээнбеков.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Быйыл Казакстандын президенттигине киришкен Касым-Жомарт Токаев бир күндүк мамлекеттик сапардын жүрүшүндө кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен алгач жекеме-жеке, андан соң кеңири чөйрөдөгү жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуудан соң эки президент сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жөнүндө журналисттерге маалымат беришти.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков акыркы жолугушуунун жыйынтыгына канааттанганын, бул жаатта кызматташтыкты тереңдетүүгө бардык аракеттер көрүлөрүн билдирди:

- Биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөнүн канааттануу менен белгиледик. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч быйыл 10,5 пайызга жогорулады. Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-казак ишканаларынын саны 1900гө жеткени экономика багытында дагы жаңы ийгиликтерге негиз түзөт. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Негизги документтердин бири — Кыргызстандын жана Казакстандын ортосунда үч жылдык Кызматташтык боюнча комплекстүү программа. Аталган программа эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүн камтыйт. Жалпысынан кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ыраазы экенин жана өз ара аракеттенүүбүз жемиштүү уланып жатканын өзгөчө белгилейм.

Президент айтып жаткан меморандум, келишимдер арасында инвестицияны тартуу, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш, миграция, саламаттык сактоо жана эки өлкө ортосундагы "Актилек" жана "Кара-Суу" өткөрмө бекеттерине жакын көпүрө куруу сыяктуу тогуз документке кол коюлду.

Казакстандын президенти Кыргызстанга келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00


Журналисттердин алдында сөз сүйлөгөн Касым-Жомарт Токаев жолугушуунун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берди. Токаевдин айтымында, соода-экономикалык алака жана чек ара тоскоолдуктарын азайтуу жөнүндө макулдашуулар болгон. Токаев 2015-2018-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасы 30% өсүп, 900 миллион долларды түзгөнүн айтты:

- Биздин келечектеги максатыбыз соода жүгүртүүнү 1 миллиард доллардан ашыруу. Буга байланыштуу биз эки тараптуу соода алаканын номенклатурасын кеңейтүү жана рыноктогу жаңы багыттарды, мүмкүнчүлүктөрдү табуу милдетин койдук. Муну ишке ашыруу үчүн биз ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп беришибиз керек. Бул максат үчүн биз соода бөгөттөрүн азайтууну шартташтык, бизнес кооперацияларды кеңейтүүгө токтолдук.

Казак президенти эки өлкө ортосундагы маанилүү суу ирригациялык жааттагы абалга токтолуп, "Борбор Азияда суу ресурстары - жалпы байлык" деп атады. Ал бул жаатта суу ресурстарын биргеликте колдонууну улантуу зарылдыгын белгиледи.

Борбор Азиядагы дарыянын жогору жагында орун алган Кыргызстан менен Тажикстан жана дарыянын төмөн жагында жайгашкан Казакстан менен Өзбекстандын суу ресурстарын колдонуу боюнча позицияларында айырмачылыктар бар.

Тоолуу эки өлкө сууну товар катары кароо зарылдыгын айтып келсе, Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын жалпы байлык катары сыпаттап келет.

Ошондуктан эксперттер Касым-Жомарт Токаев сапарында суу ресурстарына басым жасаганын күтүлгөн кадам катары белгилеп жатышат.


Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев эки өлкө чогуу пайдаланып келген суу сактагычтарды мындан ары оңдоо жана биргеликте жаңыларын куруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Кыргызстанга Токаев өз өлкөсүнүн президенти катары экинчи жолу келүүдө. Буга чейин быйыл июнь айында Бишкекте ШКУнун жыйынына катышкан. Бирок мамлекеттик сапар менен биринчи жолу келди.

Токаевдин бул сапары өлкө ичиндеги саясий абал кызыган учурга туш келди. Бажыдагы коррупциялык схемаларга байланыштуу журналисттик иликтөөдөн соң жарандык коом бийликтен реакция талап кылууда. Бажыдагы мыйзамсыз схемалар ЕАЭБге мүчө болгон, чек аралаш эки өлкөнүн мамилесине тиешеси бар. Буга чейин 2017-жылы казак тарап бир нече күнгө өткөрмө бекеттердеги көзөмөлдү күчөткөн жайы бар.

Нур-Султан менен Бишкектин 2017-жылкы өз ара таарынычы тараса да, кыргыз-казак чек арасында маал-маалы менен ири жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги туруп калууда. Адатта казак тарап чек арада текшерүүнүн күчөгөнүн аткезчиликти токтотуу, бажы талаптарынын аткарылышын камсыздоо максаты менен түшүндүрүп жүрөт.

Темирбек Ажыкулов
Темирбек Ажыкулов

Кыргызстандагы Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бирикмесинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов жолугушуунун жүрүшүндө ушул маселелерге өзгөчө көңүл бурушу керек болгонун билдирди:

- Тилекке каршы, бир уюмда болгонубузга карабай Кыргызстандын товарларынын Казакстанга киришине бир топ тоскоолдуктар бар. Бул жерде маселе бажыда эмес, Казакстандын аймагына киргенден кийинки кыйынчылыктар көп болуп жатат. Мисалы, кыргыз ишкерлери ЕАЭБдин ветеринардык ж.б. стандарттык талаптарды аткарып, чек арадан өткөндөн кийин да, Алматы же башка шаарына товарды алып барабы - кайрадан Казакстандын өзүнүн ички талаптарын аткарууга мажбур болушат. Улам жаңы эрежелерди киргизип, доолап жатышат. Айласы кеткен биздин ишкерлер Казакстандын аймагына жаны фирма ачууга аргасыз болуп, «ошол фирма сатып алды, ошол фирма сатты» кылышууда. Ал үчүн төлөнгөн салыктар Казакстандын бюджетине түшөт. Бул маселени биздин өкмөт чечиши керек.

Уларбек Шаршеев
Уларбек Шаршеев

Ошондуктан кыргыз тарап казак президентинин сапарындагы маанилүү жыйынтык катары чек арадагы жарандардын өтүшүнө жеңилдиктерди түзүүнү атап жатат.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевдин айтымында, кол коюлган келишимдердин жыйынтыгында айрым өткөрмө бекеттердин иши жанданат:

- Өткөрмө бекеттер боюнча келишимге кол коюлду. Тактап айтсак, "Кичи-Капка" өткөрмө бекетинин кыргыз жана казак жарандары үчүн иши жанданат. Ошондой эле "Каркыра" өткөрмө бекети буга чейин күндүз эле иштеп келсе, күндүр-түндүр иштеген режимге өткөрүү каралды.

Расмий маалымат боюнча, эки өлкө ортосунда жалпысынан 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу бекеттер. Эки жактуу бекеттердин төртөө 2010-жылы жабылган боюнча иштебей келген эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (60)

XS
SM
MD
LG