Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Казакстан менен соода алакасынын көйгөйү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токоев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

Соода-экономикалык алаканын бүгүнкү деңгээли эки тараптын кызыкчылыгына, мүмкүнчүлүгүнө төп келеби? Эки өлкөнүн Евразия Экономикалык Биримдигинде болушу кызматташтыкты жакшырта алдыбы? Кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүнүн дагы кандай багыттары бар?

«Арай көз чарай» талкуусуна Экономика министрлигинин аймактык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бирикмесинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов катышты.

«Азаттык»: - Зайнидин мырза, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык алаканын бүгүнкү деңгээлин кандай мүнөздөйт элеңиз? Эки-үч жыл мурдагы менен салыштырганда тенденция кандай?

Зайнидин Жумалиев.
Зайнидин Жумалиев.

Зайнидин Жумалиев: - Биздеги статистикага таянып айта турган болсок Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы жылдары 10-12 пайыз өсүш болуп жатат. 2016-жылы 700 миллион доллардын тегерегинде соода болсо, 2017-жылы 790 миллион долларга чыккан, 2018-жылы 873 миллион болсо, 2019-жылдын тогуз айында 714 миллион долларга чыктык.

Жыл аяктап баратканда Казакстанга жашылча-жемиштер, башка айыл чарба азыктары көп сатылууда. Бир эле картошка 300 миң тоннанын тегерегинде сатылды. Буюрса жылдын аягына чейин 1 миллиард долларга жетип калабыз деген үмүтүбүз бар.

«Азаттык»: - Темирбек мырза, Кыргызстан менен Казакстандын экономикалык кызматташтыгын кандай баалайсыз? Эки өлкөнүн ЕАЭБдин мүчөсү болушу оң таасирин тийгиздиби, уюмдун пайдасын көрүп жатабы?

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

Темирбек Ажыкулов: - Эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 700-800 миллион доллардын тегерегинде болгону – бул жөн эле расмий маалымат, статистика. Мындан сырткары эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы жеке адамдык карым-катышты эсептесек сооданын жалпы көлөмү мындан алда канча көп болот. Анткени казак менен кыргыздын ортосундагы алака-катыштын тарыхы өтө эле тереңге кетерин баарыбыз билебиз.

Ооба, 2015-жылдан кийин Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери бир топ эле өзгөрүүлөр болду, товарлардын кирип-чыгышы бир топ жеңилдеди. Бирок ошол эле учурда ЕАЭБге киргенден бери бизге Казакстандан келген эл керектөөчү товарлардын көлөмү көбөйүүдө. Айыл чарба өндүрүмү тоскоолдуксуз көп кирип жатат. Албетте, биз муну Казакстандын экономикалык кубаты, масштабы менен түшүндүрсөк болот.

Тилекке каршы, бир уюмда болгонубузга карабай Кыргызстандын товарларынын Казакстанга киришине бир топ тоскоолдуктар бар. Бул жерде маселе бажыда эмес, Казакстандын аймагына киргенден кийинки кыйынчылыктар көп болуп атат. Мисалы, кыргыз ишкерлери ЕАЭБдин ветеринардык ж.б. стандарттык талаптарды аткарып, чек арадан өткөндөн кийин да, Алматы же башка шаарына товарды алып барабы - кайрадан Казакстандын өзүнүн ички талаптарын аткарууга мажбур болушат. Улам жаңы эрежелерди киргизип, доолап жатышат. Айласы кеткен биздин ишкерлер Казакстандын аймагына жаны фирма ачууга аргасыз болуп, «ошол фирма сатып алды, ошол фирма сатты» кылышууда. Ал үчүн төлөнгөн салыктар Казакстандын бюджетине түшөт. Бул маселени биздин өкмөт чечиши керек.

«Азаттык»: - Зайнидин мырза, Жогорку Кеңештин депутаты «Кыргызстан ЕАЭБге кириши менен бардык фронтто утулуп жатат. Орусия, Казакстан Кыргызстанга малды тирүү алып келип жатат, Кыргызстан сыртка мал алып чыга албай жатат» деди. Анын себеби эмнеде?

Зайнидин Жумалиев: - Коомчулукта «Казакстандан келген импорт көбөйдү, Кыргызстандан барган экспорт азайды» деген пикир бар. Биз дагы эле статистикага кайрылсак. 2018-жылы Казакстандан келген импорт көбөйгөн эмес, тескерисинче Кыргызстандын Казакстанга жиберген экспорту 4% көбөйгөн. 2019-жылы импорт 8% түзсө, экспортубуз 18% өстү.

Биз кошунабызга негизинен айыл чарба өндүрүмүн сатабыз, анын ичинде тирүү малды да чыгарабыз. Биздин мамлекеттик органдар көзөмөлдөп санап отурат. Эгер суроолор жаралса ЕАЭБдин комиссиясына чейин маселе коё алабыз.

Биз кечээ эле казак эксперттери менен көп маселелерди талкууладык. Кээде жаралган маселеге өзүбүз күнөөлүү болуп калабыз. Өткөндө бирөө «20 тонна картөшкө алып баратам» деп документ толтурат, текшере келгенде анын ичинде 10 кап пияз салып койгону билинип калган.

Темирбек Ажыкулов: - Мындай суроо бар: Казакстандан Кыргызстанга кирген ишкер бир эле документ толтурса, эмне үчүн кыргыз ишкери Казакстанга барганда жети документ толтурушу керек? Кыргызстан ЕАЭБдин талабын аткарып жатат. Алар Казакстанга кирген кыргыз ишкеринин товарын килосуна чейин тартып, дезинфекциялап-дарылап, кайсы дүкөнгө алып бара турганына чейин жазып, дагы көп документтерди толтуртуп убара кылышууда. Макул, Казакстандын өз жарандарынын ден соолугу, коопсуздугу үчүн ушундай талаптарды киргизгени туура. Эмне үчүн аларга жооп кылып Кыргызстан ошондой эле талаптарды коё албайт?

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG