Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Кыргызстан Париж келишимин ишке ашыруу аракетин баштады


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж келишиминин алкагында өз милдеттенмелерин ишке ашыра баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын басма сөз катчысы Айнагүл Абдрахманова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте өкмөттүн, жеке сектордун, илимдин өкүлдөрү жана эксперттер катышкан улуттук семинар болуп өттү. Анда беш жылдык план талкууланды.

Кыргызстан «Климаттын өзгөрүшү тууралуу БУУнун алкактык конвенциясы боюнча 2015-жылдагы Париж макулдашуусун” 2019-жылы ноябрда ратификациялаган.

«Париж келишими» деген аталыш менен белгилүү болгон протоколго ылайык бардык мамлекеттер Жер планетасындагы абанын температурасын эки градустан ашык жогорулатууга бөгөт коюу максатында тиешелүү чара көрүүгө милдеттүү. ​(RK)

XS
SM
MD
LG