Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

Борбор Азияны куураткан кургакчылык  


Кургакчылыктын азабын тарткан Маңгыштоо облусунун Акшымырау айылынын жанынан тартылган сүрөт. 15-июль, 2021-жыл.

Борбор Азияда суу таңкыстыгы жаралып, чөлкөмдөгү экономикалык проблемаларды күчөттү.

Жаан жаабай, чакырайып тийген саратандын ысыгын адамдар айласыз көтөрөт. Жарамсыз башкаруу менен чарбасыздыктын жоопкерчилигин эми ким алар экен, андайлар барбы?

Казакстандагы кургакчылык алып келген чыгым

Оор кургакчылыктын азабын фермерлер менен малчылардай билген киши жок. “Азаттыкка” маек курган жарандык активист Жанибек Кожык Казакстандагы Маңгыштоонун аксакалдары мындай кургакчылык болгонун буга чейин укпаганын айтып берүүдө.

Кожыктын ырасташынча, ала жаздан тарта катуу кургакчылык болунуну шек-шыбасы сезилген. Бирок ал кездеги камтама кеп-сөздү аткаминерлер кулак сыртынан кетиришкен.

Маңгыштоо – жалпысынан чөл, бирок анын арасында деле мал жайганга жарамдуу жерлер көп. Ошондуктан облуста кырылган малдын саны кой, уй, жылкы боюнча гана саналат. Канча жандык жок болгонун так билген киши жок, бирок миңдеген малдар чыгымга учурады.

Мал жайыла турган жердин чөбү суюк, жем-чөптүн баасы Казакстандын көп аймагында асман чапчып калды.

Июнда айрым малчылар жылкыларына ашканадан чыкчу калдыктарга картон кагазды аралаштырып бере баштагандыгы тууралуу маалыматтар чыга баштаган.

Кожык картонду малга деп Актаудан алып келишкенин, эми болсо андай картон да “дефицит болуп калганын” айтып отурду.

Оор жагдайды Казакстан өкмөтү өтөле кеч аңдады. Ошентсе дагы өлкөнүн башка жерлеринен чөп ташып, муктаж болгондорго жеткирип берүүнүн аракетин көрдү.

26-июлда Казакстандын айыл чарба министрлиги жем менен чөптү сыртка экспорттоого алты айлык тыюу салды. Аны республиканын башка жерлерине жеткирүү аракети көрүлүүдө.

Суу башы болгон өлкөдөгү абал

Бул жерден түштүк-чыгышты карай миңдеген чакырым алыстыкта жайгашкан Кыргызстандын түндүгүндөгү Чүй облусунун фермерлери дагы кургакчылыктан катуу жапа чекти. Эгиндер баш көтөрүп калганда сугат суунун жоктугунан куурап баштаган.

Кыргыздын расмий өкүлдөрү ансыз деле белгилүү жагдайды айтып алакан жайып тим болушту – суу тартыш, мөңгүлөр эрибей, анан те совет заманынан калган бетон каналдар менен ирригациялык системалардын айынан агып келчү суунун көбү жарым жолдон жерге сиңип, эскилиги жеткендерин оңдоого мүмкүнчүлүк жогун кайталап, эски система жаңы талаптарга жооп бере албай калганын саймедиреп отурушат.

Кыргызстандын айыл чарба министринин орунбасары Нурлан Шерипов июндун ортосунда Чүй облусундагы ирригациялык система улам-улам сугарууну талап кылбаган совхоздордун эгиндерине ылайыкталып курулганын белгиледи.

“Азыр болсо жеке чарбалар талаада жүгөрү, жер-жемиш, бакча дагы башка нымды сүйгөн эгиндерди айдап алышкан, аларга суу көп керек”, – дейт Шерипов.

Катуу кургакчылыктын айынан Казакстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндө жайыттарга чөп чыкпай калды.
Катуу кургакчылыктын айынан Казакстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндө жайыттарга чөп чыкпай калды.

Аткаминерлер кысталыш чакта ыкчам иш жүргүзүүгө жөндөмсүз экенин көргөн айрым чүйлүк фермерлер көбүнесе түнкүсүн сугат сууну бөлүшүүнү өз колуна алып, каналда агып аткан суунун көбүн өзүнө буруп, каналдын баш жагындагысы жердин баарын көлдөтүп жатышса, түнкү сугатка ишенип отурган төмөнкү жактагылар эгини кургап, айласы куруп турушат.

Мунун жыйынтыгы суу башчылар айрым чакан суу топтогучтарга күзөт коюп, каналга кетчү сууну күн-түндөп эсеби менен бөлүүгө киришти.

Суудан өксүгөн чүйлүк фермерлер айласы куруганда өлкөнүн негизги артериясы Бишкек-Ош жолун тосуп, суу таңкыстыгын тезирек чечип берүү талабын коюшту.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштеп жаткан каналдарды оңдоп-түзөп, суу сактагычтарды калыбына келтирип, жаңыларын куруп, жаңы жерлерден кудук казып, суу сордуруп чыгарууну убада кылууда.

Өзбекстандагы абал

Өзбекстандын чыгышындагы Наманган облусунда Давлатабад менен Туракурган районундагы эки фермердин суу талашы мушташ менен аяктады. Мушташтын натыйжасында туракургандык фермер башынан алган жарааттан оңоло албай каза болду.

Ал жерден батыш тарапка кеткенде бир нече жүз чакырым алыстыктагы Сурхандарыя облусунун Ангор районундагы фермерлер жергиликтүү кластердик чарба менен суунун айынан урушуп-талашып келатышат.

Навшахар айылындагы жеке фермерлер чарба келген суунун көбүн буруп алат, жергиликтүү бийлик сууну калыс бөлуштүрбөйт деп нааразы.

“Азаттыктын” өзбек редакциясынын маалымдашынча, үй алдындагы жерлерин сугарууга куштар дыйкандар менен мамлекеттик кластердин кызматкерлеринин ортосундагы талашты сот июлдун башында кароого киришкен. Ушу кезге чейин талаш маселе сотто чечиле элек. Ал арада күн сайын жаатташкан тараптардын канал боюндагу урушу токтобой, эки тараптын ортосундагы талаш чоң жаңжалга айланып кетпесин деп мыйзам коргоо кызматкерлери айылды сак-сактап турушат.

“Азаттыктын" өзбек редакциясынын ырасташынча, мындай жаңжалдар Өзбекстандын көпчүлүк жерлеринде такай болуп турат.

Шаардагы жашоо

Шаарда жашагандар деле кургакчылык эмне экенин жон териси менен сезишти окшойт.

“Азаттыктын” тажик редакциясынын кабарлашынча, Тажикстандагы ири шаарлардын үчүнчүсү эсептелген Кулябдын жашоочулары суу чыкпай калганда пластик бөтөлкө менен чакаларын көтөрүп көчөдөгү суу крандарынан ичер суусун ташып калышкан.

Тажикстандын Куляб шаарындагы аял чака менен суу көтөрүп баратат.
Тажикстандын Куляб шаарындагы аял чака менен суу көтөрүп баратат.

Кулябдын Шохин конушунда жашаган Талаб Иброхимов “Азаттыктын” тажик редакциясына:

“Мен 78 жашка чыгып калдым, карагыла, эки пластик чакага суу көтөрүп баратам. Эмки жумушум ушул - суу ташымай”,-деп айтып берген.

Казакстандын ири шаары Алматыдан анча алыс эмес Бесагаш шаарынын 100гө жакын тургуну 12-июлга караган түнү үйүнө келчү сууну токтотуп койгону үчүн калаанын жанынан өткөн кан жолду тосушту. Ушундай эле проблема Казакстандын түндүк батышындагы Орол шаарында орун алганы кабарланды.

Түркмөнстан үчүн мээ кайнаткан саратан ысыгы жаңылык эмес, бирок быйыл өлкөнүн бардык жеринде ысык 50 градустан төмөн түшпөй турду. Өлкөнүн чыгыш тарабындагы Лебап вилаятында 7-июлда күндүн ысыгы 55 градус Цельсияга чыкты.

Лебап шаарынын жашоочуларына сууну машине менен ташып беришет же жакын айылдардан бөтөлкөгө куюлган сууну 5 манаттан (АКШ доллары менен 1,4 доллар) сатып аларын “Азаттыктын” түркмөн редакциясы кабарлайт. Суунун баасы өтө кымбат, бирок айла жок тургундар аны деле сатып алганга мажбур. Үйдөгүлөр суу ичиши, жуунушу, кир-когун жуушу керек, мындайда суу баасы кыйла оорчулук жаратары турган иш.

Кургакчылык кесепети: жаан жок, суу жок, чөп тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:15 0:00

Электр энергиясынын көпчүлүк бөлүгүн суу электр станцияларында өндүргөн Кыргызстандын расмий өкүлдөрү элди эмитен эле электрдин өчүрүлүшү мүмкүн экенин эскертүүгө өтүштү, антишке суу сактагычтардагы суунун аздыгы, анан да өлкөнүн негизги электрстанциясы эсептелген Токтогул ГЭСинде оңдоо иштеринин аягына чыга электиги себепкер болууда.

Суунун тартыштыгы азык-түлүктүн баасынын кымбатташына алып келет, айыл чарба өсүмдүктөрү куурап калса, мал багуу кымбатка турат, мындайда баалар эмдиги жылы мындан да кымбат болушу мүмкүн.

Борбор Азияда сабиз кошулбай жасаган тамактар аз эле, ар кандай аштын даамын чыгарчу сабиздин баасы кийинки кездери аябай көтөрүлүп кетти. Тажикстанда сабиз баасы 700 % кымбаттады, калган төрт республикада деле ушундай эле жагдай.

Жакшы күндөрдүн биринде кургакчылык токтойт, а бирок суу көйгөйү жоголбойт.

Климаттын өзгөрүшү аба ырайынын кескин бузулушуна алып келет, ар кандай табигый кырсыктар мындан ары пенде баласын азапка сала бериши ыктымал.

Борбор Азиянын калкы 1900-жылдардын башында 8 миллион чамалуу болчу, учурда ал сан 75 миллионго жетти. Ушул ыраатында көбөйө берсе 2030-жылы чөлкөм калкы 80 миллионго деле жетиши ыктымал.

Борбор Азиянын аткаминерлери суу таңкыстыгынан кутулуунун жолу катары кудуктарды көп казуу убадасын берүүдө. Маңгыштоо облусунун айрым тургундары мунай компанияларын карамай казуунун ордуна кудук сууларын казып чыгарып берүүнү үндөп келатышат.

Кызык сунуш, кандайынан келгенде да, Борбор Азияда кайсы суюктуктун баасы карапайым калк үчүн маанилүү экени мына ушундан билинип калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG