Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Иран: кургакчылык элди толкутту


Социалдык тармактарда тараган видео тасмалардан сүрөт. Тегеран шаары, 26-июль.
Социалдык тармактарда тараган видео тасмалардан сүрөт. Тегеран шаары, 26-июль.

Ирандын башкалаасы Тегеран менен Тебриз шаарларында суунун таңкыстыгына жана жашоо-шарттын оорчулугуна нааразы болгон жарандар “диктаторго өлүм” деп кыйкырып, каршылык акциясына чыгышты.

26-июлда "Фарда" үналгысы жаңы видео тасмаларды жарыялады. Анда ондогон митингчилер көпүрөдө чогулуп, АКШ колдогон жана 1979-жылы тактан кулатылган Мухаммед Реза Пехлевинин атын даңктап, "Басиж" күчтөрүнө каршы ураандарды кыйкырып жатканын көрсө болот.

"Фарда" үналгысы ошондой эле, Караждагы Хомейни ооруканасынын медиктери "Убадага тойдук, дасторконубуз бош" деген сөздөрдү айтышканын кабарлады.

Караждагы башаламандык социалдык тармактарга тарагандан кийин, каршылык акциясы 26-июлда эртең менен Тегерандын чок ортосу болгон Жомхури Ислам көчөсүндө да өткөнү айтылууда.

Ал эми Тегерандын губернаторунун орун басары Хамидреза Гударзи нааразылык акциясы болгонун тастыктап, "демонстрация электр энергиясы жоктугунан" болгонун билдирди.

Ал ортодо Тегеранда тартылган видео тасмалардын биринде өлкөнү башкарып жаткан консервативдик исламчыл саясатчыларды сындап, “курал-жарак, танктар, молдолор кетиши керек” деп кыйкыргандар көрсөтүлгөн. Башка бир видео тасмада Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеинин дарегине сын айткандар болду.

Дагы бир видео тасмада "Газа же Ливанга эмес, мен Иран үчүн жанымды аябайм" деген чакырыктарды айтып жатышат.

Мындай ураандарды расмий Тегерандын Ливандагы палестиналык согушкер топторго жана "Хезболлага" каржылык жардам, курал-жарак берүү саясатына каршы чыккандар ондогон жылдар бою айтып келишет.

Укук коргоочу уюмдар кишилер полициянын огунан каза болгонун айтканы менен жергиликтүү бийлик аны четке кагууда. Буга чейин Ирандын бийлиги демонстранттарды укук коргоо органдарына кол көтөрүп, тартипти бузду деп күнөөлөгөн эле.

Эл аралык Мунапыс уюму 27-июлда "Твиттерге" жарыялаган кыска видеосунда "Иранда адам өмүрүн алып жаткан жазасыздыкты токтотуш керек", - деп билдирди. Уюм ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешин кылмыштарды иликтөө механизмин түзүүгө чакырды.

Лондондо жайгашкан бул укук коргоо уюму Иран режимин ок жана көздөн жаш агызуучу газды митингчилерге каршы мыйзамсыз колдонгон деп айыптады. Уюмдун билдиришинче, Хузестанда сегиз демонстрант анын ичинде бир өспүрүм каза болду.

Ал эми расмий бийлик каршылык акциясына чыккандардан эки киши каза болгонун ырастады.

Буга чейин "Хьюман Райтс Уотч" уюму бул өлүмдөр Иран бийлиги "ашыкча күч" колдонгондуктан болгонун билдирген.

Эл аралык уюм ошондой эле Иран бийлигин өлүм тууралуу кабарларды "ачык-айкын" иликтөөгө жана күнөөлүүлөр менен иш алып барууга чакырды.

Диктатуралык бийлик өкүм сүргөн Иранда өкмөткө каршы демонстрациялар көп деле өтпөйт. Бирок быйыл бул өлкөдө 50 жылдан берки эң оор кургакчылык өкүм сүрүүдө. Суунун тартыштыгынан кыйынчылыкка дуушар болгон өлкөнүн бир катар райондорунда электр жарыгы дагы үзгүлтүккө учурап жатат.

Ирандагы каршылык жүрүштөрү өлкө коронавирус пандемиясынан жабыркап, экономикасы АКШнын санкцияларынан улам кыйын абалга кептелген учурга туш келди. Мунай өнөр-жай тармагында иштеген миңдеген жумушчулар иш таштап, айлык акыны көтөрүү, эмгек шарттарын жакшыртууну да талап кылууда.

Акциялар 15-июлда Ирандын мунайга бай Хузестан провинциясында башталган. Муну менен катар бул аймакта этникалык азчылык саналган арабдар жашайт. Алар буга чейин деле басым-кысымга туш болгонун айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG