Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Иран: суу тартыштыгы тополоңго алып келди


Систан-Белучистан аймагы.
Систан-Белучистан аймагы.

Иранда соңку алты күндөн бери уланып жаткан башалмандыктан бир полиция кызматкери өлдү. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хузестен провинциясында сугат сууну тартыштыгына нааразы болгондор акцияга чыгып, кагылышуулар менен коштолууда.

Ирандын IRIB мамлекеттик телеканалы Бандар-Махшахр порт шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлүнө шилтеме берип, 21-июлга караган түнкү ок атышуудан полициянын бир офицери каза болуп, бирөө жарадар болгонун кабарлады. Өлүмгө жеткирген окуяга бийлик көтөрүлүшчүлөр айыптап жатат.

Мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу: “Бийлик өкүлдөрү Хузестанда суу жетишпестиги боюнча көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жаткан чакта, кечээ кечинде аймактагы бир нече жерде адамдар чогулуп, коопсуздукка шек келтирди. Айрым куралданган адамдар полицияга ок ачышты. Башаламандык учурунда Махшарда көтөрүлүшчүлөрдүн огунан бир полициячы ажал таап, ал эми айрымдары кызматкерлер жараат алды”, - деп маалымдады.

Диктатуралык бийлик өкүм сүргөн Иранда өкмөткө каршы демонстрациялар көп деле өтпөйт. Бирок быйыл бул өлкөдө 50 жылдан берки эң оор кургакчылык өкүм сүрүүдө. Суунун тартыштыгынан кыйынчылыкка дуушар болгон өлкөнүн бир катар райондорунда электр жарыгы дагы үзгүлтүккө учурап жатат.

Кырдаалга нааразы болгон жергиликтүүлөр каршылык акциясына чыгып, полиция менен кагылышууда.

Ирандагы нааразылык акциялары өлкө коронавирус пандемиясынан жабыркап, экономикасы АКШнын санкцияларынан улам кыйын абалга кептелген учурга туш келди. Мунай өнөр-жай тармагында иштеген миңдеген жумушчулар иш таштап, айлык акыны көтөрүү, эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылууда.

Расмий бийлик каршылык акциясына чыккандардан эки киши каза болгонун ырастады. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча беш адам кайтыш болгону кабарланды.

Укук коргоочу уюмдар алар полициянын огунан каза болгонунун айтканы менен жергиликтүү бийлик аны четке кагууда. Буга чейин Иран расмийлери укук коргоо органдарына кол көтөрүп, тартипти бузду деп күнөөлөгөн эле.

Хузестандагы каршылык жүрүштөрү бир нече шаарга жайылды. Соңку күндөрү аймактын борбору Ахваз, андан сырткары Изах, Рамхормоз, Бехман сыяктуу калааларда орун алды.

Социалдык тармактардагы таратылган видеолордо нааразылыкка чыккандар жолдорду тосуп, бийликке, өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хамениеге каршы ураандарды чакырганын көрүүгө болот. Ал эми күч кызматкерлери болсо аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонуп, айрым видеолордо ок атылганы да угулат.

Ирандагы Etemad гезити соңку түнү Ахваз шаарында интернет толугу менен өчүрүлгөнүн жазып чыкты.

Ал эми Ирандагы кесиптик кошуундар, анын ичинде мугалимдер уюму социалдык көйгөйдөн улам чыккан протестти күч менен бастыруу аракетин сындап чыкты.

Мунайга бар Хузестан провинциясында этникалык азчылык саналган арабдар жашашат. Алар буга чейин деле басым-кысымга туш болгонун айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG