Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Түркия: Анталиядагы өрт өчө элек


Түркиянын провинцияларында чыккан өрттөн жүздөгөн үйлөр күйүп кетти.
Түркиянын провинцияларында чыккан өрттөн жүздөгөн үйлөр күйүп кетти.

Акыркы беш күндөн бери өрт Түркиянын алты провинциясындагы токойлорду каптап, кеминде жети кишинин өмүрүн алды. Жүздөгөн адам жабыркады.

Жекшембиде Түркиянын айыл жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли өрттүн 107 очогу көзөмөлгө алынып, дагы беш очогунда күрөш уланып жатканын маалымдады.

"28-июлдан 1 -августка чейин 112 жерде чыккан өрттүн 107син көзөмөлгө алдык. Учурда беш өрттү көзөмөлдөө аракеттерибиз үзгүлтүксүз уланууда",- деп жазды Пакдемирли "Твиттерге".

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Ал эми ишембиде жабыр тарткандар баш калкалап жаткан кризистик борборго барган түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өрткө тиешеси бар деп шектелген бир киши Мугла провинциясында кармалганын билдирди.

"Мармаристеги өрткө кичинекей балдар себеп болгону белгилүү болсо да, башка өрттөрдү изилдөө уланууда. Милас шаарындагы өрткө байланыштуу бир адам кармалды. Былтыр Манавгатта террордук уюмдун өкүлдөрү өрткө аралашкан окуя катталгандан кийин, өлкөбүздөгү токой өрттөрүнүн саны эки эсе көбөйдү. Биз бул өрттөрдүн айрымдары ушундай эле буйрук менен чыкканын жокко чыгарбайбыз. Эгерде бул иш диверсия болсо, күнөөлүүлөрдүү жазалоо - биздин милдетибиз", - деди Эрдоган.

Ал ошондой эле, жабыр тарткандарга жардам бериш үчүн 50 миллион лира бөлүнгөнүн кошумчалап, жол жээгинде күтүп турган жарандарга кургак чай тараткан.

Деген менен президент Эрдогандын өрттөн жабыркагандарга тараткан бул "белеги" соцтармактарда чоң талкуу жаратты. Оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын төрагасынын орун басары Энгин Өзкоч "Твиттердеги" баракчасына "өлкө өрттөнүп жатканда Эрдоган Мармаристеги жарандарга кургак чай таратты. Аны ыргыткан да, алган да уялыш керек!" деп жазды.

Ал эми 2018-жылы президенттик шайлоодо Эрдогандын оппоненти болгон Мухаррем Инже "Сиз Мармаристе жүрөгү ооруп турган адамдардын башына чай ыргыттыңыз! Сиздин абалыңыз азыр саясат менен эмес, дары менен чечилиши керек", - деп сындады.

Муну менен катар өткөн аптадан бери чыккан өрттөрдө Түрк авиация бирикмесинин өрт өчүргүч учактары колдонулбаганы сынга алынган. Айыл чарба министри Бекир Пакдемирли бирикмеге таандык учактар "өрт өчүрүүгө жөндөмсүз" экенин ачыктаган.

Түркиялык өрт өчүргүчтөргө учурда Орусия, Украина, Азербайжан, Ирандан барган атайын топтор жардам берип жатышат.

Өрттө күйгөн үй. Манавгат аймагы. 29-июль.
Өрттө күйгөн үй. Манавгат аймагы. 29-июль.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өрт чыккан аймактарга ыктыярчылар жана калк гуманитардык жардам көрсөтүп жатканын кабарлап жатышат. Алардын арасында Анталия шаарында эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттар да бар. Бактыгул уулу Кутман, Зикирия уулу Мыктыбек жана Медеркул уулу Бекболот Анталиядан 70 чакырым алыстагы Манавгат аймагындагы өрттү өчүрүүгө катышып келгенин айтышты.

"Анталияда жашап, иштеген кыргыз досторум менен 1-августта Манавгат аймагында чыккан өрттү өчүрүүгө өз ыктыярыбыз менен барып жардам берип келдик. Саат эртең менен 11де барсак, өрт көп аймакты жалмап кетиптир. Турак жайлар, айыл-чарба техникалары, автоунаалар күйүптүр. Көтөрүп барган сууларды, тамак-аштарды ошол жактагы өрт өчүргүчтөргө берип келдик", - деди кыргызстандык Кутман.

Мигранттар Түркиянын дал ушул Анталия аймагында эң көп жашап-иштешет. Өткөн аптада Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кыргызстандыктарды Манавгат аймагына барбай турууга чакырып, өрттөн жабыркагандардын арасында мекендештердин бары-жогу такталып жатканын кабарлаган.

"Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асаналиева.
"Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асаналиева.

Бул кабарды Анталия аймагында түптөлгөн "Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асаналиева да тастыктап, өрттөн жабыркагандардын же эвакуациялангандардын арасында кыргызстандыктар тууралуу маалымат тактап жатканын айтты.

"Түркиядагы өрткө биздин да кабыргабыз кайышып турат. Биз өрт чыккан Манавгат аймагындагы мекендештерден кабар алып жатабыз. Кудайга шүгүр, өлгөндөрдүн арасында кыргызстандыктар жок. Биз дагы кайдыгер карап турбай, Адыл Абдырахманов жетектеген "Анталия жаштары" уюму менен акчалай жардам топтой баштадык. Колдон келишинче жардам берели деп чечтик. Баарын тизмелеп, топтоп Анталиянын мэриясына өткөрүп беребиз. Же болбосо өрт чыккан жерлерге барып жергиликтүүлөргө таратып берели деп турабыз", - деди Асаналиева.

1-августта Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн алты провинциясында чыккан өрт жети кишинин өмүрүн алып, 500гө жакын адам жабыркаганын кабарлады.

28-июлда чыккан өрт бара-бара өлкөнүн туристтик аймактары Мармарис жана Бодрумдагы калктуу конуштарга чейин жетти. Ар кандай тобокелчиликти алдын-алуу максатында үч мейманканадагы жана айрым айылдагы тургундар башка жактарга убактылуу көчүрүлдү. Муну менен катар өрттөн токой жаныбарлары жана сейрек кездешүүчү бак-дарактар күйүп кеткени айтылууда.

Түркиянын тарыхында эң чоң өрт дал ушул Манавгат аймагында 2008-жылы июлда катталган. Токойдо чыккан өрт бир жумада араң өчүрүлүп, 16 миң гектардан ашуун жер күйүп кеткен.

Акыркы он жылда Түркияда 30 миңге жакын токой өрттөнүп, жалпысынан 100 миң гектарга жакын аянт күлгө айланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG