Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Түркия: токойдо чыккан өрт туристтик жайларга жетти


Манавгат аймагында чыккан өрт.
Манавгат аймагында чыккан өрт.

Акыркы үч күндөн бери Түркиянын 21 облусунда 71 токойдо өрт чыкты. Алардын үчтөн бири өчүрүлө элек. Тилсиз жоо төрт адамдын өмүрүн алып, миңдеген тургун коопсуз жайга көчүрүлгөнү кабарланды.

Өлкөнүн айыл-чарба министри Бекир Пакдемирли бейшембиде "Твиттер" баракчасына чыккан өрттөрдүн айрымдары ээ-жаа бербей жатканын, абалды согуш менен салыштырган билдирүү жазды.

"Бул согушта токойчулар, мамлекеттик кызматкерлер жана калкыбыз менен болгон күчүбүздү колдонуп, согушуп жатабыз", - деп жазды министр.

Ал ошондой эле, тилсиз жоо менен үч учак, 38 тик учак жана 4000 кызматкер алышып жатканын кабарлады.

Деген менен 28-июлда чыккан өрт эми өлкөнүн туристтик аймактары Мармарис жана Бодрумдагы калктуу конуштарга чейин жетти. Айрым айылдардан жана мейманканалардан миңдей киши эвакуацияланды. Муну менен катар өрттөн токой жаныбарлары жана сейрек кездешүүчү бак-дарактар күйүп кеткени айтылууда.

Өрттө токой жаныбарлары жана сейрек кездешүүчү бак-дарактар күлгө айланганы айтылууда.
Өрттө токой жаныбарлары жана сейрек кездешүүчү бак-дарактар күлгө айланганы айтылууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Түркиянын түштүгүндө чыккан өрттөрдөн төрт киши каза болгонун жазды. Ал эми Мармарис шаарынын башкы прокурору Мехмет Надир Ягжы өрткө байланыштуу иликтөө башталганын билдирди.
Анткени жергиликтүүлөр арасында, токойлордо чыккан өрт "саботаж болушу мүмкүн" же "террордук чабуул" деген пикирлер айтылууда.
Бирок оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын төрөгасынын орун басары Энгин Өзкоч "Твиттер" баракчасына бир бүтүмгө келүүгө али эрте экенин жазды.

"Ички иштер министри Сүлейман Сойлу менен сүйлөштүм. Өрт атайылап коюлганы тууралуу маалымат азырынча тастыктала элек экен. Министр өрт ысык аба ырайынан улам чыгышы мүмкүн деген оюн билдирди", - деди Өзкоч.

Шершембиде Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кыргызстандыктарды Манавгат аймагына барбай турууга чакырды. Андан сырткары ошол аймакта жашаган мекендештерге коопсуздук чараларын жана жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарууну сунуштады. Ал эми Анкарадагы элчилик жабыркагандарга жана каза болгондорго көңүл айтты.

Ал арада Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияга көңүл айтып, өрт өчүрүүчү бир учак жиберилерин "Твиттер" баракчасына жазды.

"Украина Түркияга ар тараптуу жардамын көрсөтөт. Өрт өчүрүүчү бир учак Түркияга жиберилет. Украина калкы бул оор учурда түрк элинин жанында болуп, колдоо көрсөтөт", - деди Зеленский .

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов да өрттөн каза болгондорго көңүл айтты.

"Биз ушул оор күндөрдө боордош Түркия менен биргебиз, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, шаршембиде Түркиянын Анталия аймагындагы Манавгат районундагы токойдо өрт чыккан. Өрт кыска мөөнөттө 600 гектарга жакын жерге жайылган. Шамалдан жана күндүн ысыгынан улам өрт эки күндө башка туристтик аймактарга да жеткен.

Ал эми Түркиянын тарыхында эң чоң өрт дал ушул Манавгат аймагында 2008-жылы июлда катталган. Токойдо чыккан өрт бир жумада араң өчүрүлүп, 16 миң гектардан ашуун жер күйүп кеткен.

Акыркы он жылда Түркияда 30 миңге жакын токой өрттөнүп, жалпысынан 100 миң гектарга жакын жер күлгө айланган.

Түркия: Анталиянын аймагын өрт чалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG