Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Якутиянын токойлорун өрт каптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Якутия (Cаха республикасы) жумуриятында он эки райондо токойлор өрттөндү. Борбор Якутск шаарын дагы түтүн каптады.

Жергиликтүүлөр көчөгө зарыл иштери менен гана чыкпаса, терезе-эшиктерди ачууга мүмкүн болбой калганын айтышууда. Бийлик июнь айынын соңунда эле өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Якутиянын башкы токойчусу Сергей Сивцевдин айтымында, учурда 397 гектар токойду каптаган тилсиз жоо менен күрөш уланып жатат. Ага 700дөн ашык адам тартылды.

Сивцев өрттү өчүрүү үчүн авиатехника жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.

Республика жетекчилиги Орусия өкмөтүнө кошумча каражат жана техника сурап кайрылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, учурда калк жайгашкан аймактарга коркунуч жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG