Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Аксы: сел бир үйдөн алты өмүрдү алды


Алты өмүрдү кыйган каргаша
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Алты өмүрдү кыйган каргаша

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды.

12-июлда аймакта сел жүрүп сегиз кишини агызып кеткен. Учурда жети адамдын сөөгү табылды, алардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Дагы бир адам изделүүдө.

Нурбек Шайыбеков бир күндө эки кызынан, апасынан, карындашынан жана эки жээнинен айрылып калды. Күйүткө баткан Нурбек эки жарым жаштагы кызынын сөөгүн 14-июлда гана сел алып кеткен үйүнүн жанынан тапканы маалым болду.

“Апамды, бир тууганымды, эки жээним менен эки кызымды жоготуп отурам. Жайлоого кыздарымды жөнөтпөй жүргөн элем, тарткылык болуп кечээ "бара бер" дегенимди карачы. Чоң кызым 11-класста окучу. Англис тилинен котормочу болууну кыялданчу, биз догдур болосуң деп койчубуз. Сөөгү табылбай жаткан эки жарым жаштагы кызым эшиктен кирип келгенде “аталап” тосуп алчу эле. Арман дүйнө, байкуштарым ай...”, - деди ыйга муунган Нурбек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 12-июлда кечки саат 18:00дө катталып, сууга аккандардын сөөгү 14 чакырым ылдый айылдан табылган.

Издөө иштери уланууда. Аксы, 13-июль, 2021-жыл.
Издөө иштери уланууда. Аксы, 13-июль, 2021-жыл.

Жолборсту айылынын тургуну Жуманалы Айталиев маркумдардын сөөгүн түнү менен таап, издөө иштери азыр да уланып жатканын айтууда.

“Кечээ түнү алты адамдын сөөгүн таап чыктык. Айыл эли баары жардамга чыкты. Кечээ кечинде шамал катуу болуп жатат эле, көрсө сел келе жаткан экен. Суунун минтип көбөйүп, сел жүргөн учур буга чейин болгон эмес”.

Селден каза болгондордун жетөө Аксынын Ак-Жол айылынан, ал эми дайынсыз болуп жаткан беш жаштагы бала кошуна Жаңы-Жол айылынан.

Адам өмүрүн алган бул каргашалуу суу ташкыны айылдагы төрт көпүрөнү кошо агызып кеткен. Сел болгон учурда сайдагы суунун көлөмү 50 куб метрге чейин көтөрүлгөн.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксыдагы бөлүмү талкаланган жолдорду калыбына келтирип жатат.
Аталган мекеменин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закиров мындай маалымат берди.

"Жайлоодон суу кирип, сел жүргөн. Куткаруучулар менен кошо жергиликтүүлөр да иштеп жатат. Эки наристенин сөөгү азырынча табыла элек. Ал эми кырсыктан жабыр тарткандар боюнча тактоо иштери жүрүп жатат”.

Ал арада президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырды. Кырсыкта мерт болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Буга чейин 8-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам Баткен районундагы Газ жана Согмент айылдарында сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ондогон үйдүн короосун суу каптаганын, көпүрөлөр бузулуп, жаан айрым жолдорду, эгин талааларын жууп кеткенин, кум-шагылга толуп калганын кабарлаган. Газ айылында 50дөй үйдө кооптуу абал жаралып, алты тамдын ээсинен кооптуу жерге убактылуу көчүп кетүү сунушу берилген.Райондун акиминин буйругу менен Газ менен Согментке өзгөчө кырдаал жарыяланган.

2-июлда кечки саат 18:30 чамасында Кара-Кулжа районундагы Күйөө-Таш айылында сел жүрүп, 11 турак жай жана 250 метр ички чарбалык жол жабыркаган. Маалыматка ылайык, анда тилсиз жоо адам өмүрүнө зыян келтирген эмес. Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундар да тартылган.

1-июль күнү саат 19:00 чамасында Алай районунда да катуу жааган жаандан кийин Гүлчө айыл аймагында сел жүргөн. Анда Курманжан-Датка айылындагы алты үйдүн короолорун сел каптаган.

25-майда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагындагы Түйтө айылында сел жүрүп, алдын ала маалымат боюнча 37 турак үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты менен мектепти да суу каптаган. Талас районунун Бердике айыл аймагындагы 70 гектар айдоо жерди сел алган.

11-майда Өзгөн районунун Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында жаандын кесепетинен тоодо сел жүрүп, мал кайтарып жүргөн бала агып кеткен. Аны туугандары таап алып ооруканага алып барганда чарчап калган.

8-майда Кара-Кулжа районундагы Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарында сел жүрүп, 158 турак жайдын короосун суу каптаган. Мындан тышкары жолдор жана электр мамылары жараксыз абалга келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ак-Кыя айылында 47 үй селден жабыркап, 450 метр жол жараксыз абалга келгенин кабарлаган. Ошондой эле Сары-Булак айылында “Жаңы-Моңол” каналы кумга толгондуктан суу ашып, мектептин, мечиттин, бала бакчанын, 102 турак үйдүн короосуна суу кирген. Айылда бир электр мамычасы кулап, 400 метр электр зымы жарактан чыккан. Мындан сырткары бир жылкы, беш уй жана 70 бал челекти сел агызып кеткен. Нөшөрлөгөн жаандан Кара-Кочкор айылындагы Атакул, Нура сел өткөрүүчү каналдары да бузулуп, тогуз турак үйдүн короо-сарайларын, беш гектар үлүш жерди жана эки чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган.

Ошол эле маалда Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек баштаган айрым аймактарына эки айдан бери жамгыр жаабай, кургакчылык болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG