Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Кымбатчылык: абалдын өзгөрүшү арсар


Ош базары. Бишкек.
Ош базары. Бишкек.

Кыргызстанда азык-түлүктүн, башка товарлардын жана тейлөө кызматынын баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 10,5% өстү. Бул ЕАЭБ ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Министрлер кабинети алакан жайып, Кыргызстан импортко көз каранды экенин айтуудан тажабайт. Ал эми эксперттер менен экономисттер Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигиндеги аяк-башы ачык, бекем корголбогон өлкөгө айланышынын бир топ себептерин белгилеп жатышат.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ырасташынча, Кыргызстанда инфляциянын күчөп кетиши өлкөнүн товар өндүрүүчү Орусия, Казакстан, Беларуска көз каранды экени менен байланыштуу. Мекеменин маалыматы боюнча, бул өлкөлөрдө баалардын кескин көтөрүлүп кетиши азык-түлүктөрдүн кымбатташына алып келди.

"Мисалы, Кыргызстандын өсүмдүк майына жылдык керектөөсү 100 миң тоннаны түзөт, анын 12 миң тоннасы өзүбүздө өндүрүлөт. Жыл сайын биз Орусия менен Казакстандан 85 миң тонна өсүмдүк майын ташып келебиз. Кумшекерге жылдык керектөө 100-110 тонна. Атамекендик өндүрүшчүлөр анын 50% гана камсыз кылат, калган кумшекерди Орусия, Беларус, дагы башка өлкөлөрдөн алабыз. Кыргызстандыктар 600 миң тонна буудай керектейт, анын 80% Казакстандан импорттолот. Ун менен буудайдын баасы тышкы базарга, башкача айтканда, Казакстан койгон баага көз каранды", - деди Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директорунун жардамчысы Ынтымак Осмонов.

Мекеме өкүлдөрү бийлик азык-түлүктүн баасын кармап турууга кандай аракет жасап жатканын айтып беришти. Алардын айтымында, 25-майдан тарта 90 күнгө чейин кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы мамлекеттик көзөмөлдө болот, дүң баасына 13% ашуун үстөк коюлбайт. Базардагы бааларды турукташтыруу максатында 1-июлдан 31-августка чейин кумшекер менен өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы жоюлган.

"Мындай аракет кумшекердин баасынын 63 сомдон 55-56 сомго чейин арзандашына алып келди"-, деди Ынтымак Осмонов. Анын айтуусунда, өсүмдүк майынын баасы да арзандоодо, бир литр майдын баасы 15-20 сомго түштү.

Экономист Денис Бердаков Кыргызстандагы кымбатчылык күтүлгөн нерсе болчу деп эсептейт.Ал бийлик азык-түлүк коопсуздугу жаатында көп иштерди жасай электигин, андан сырткары өлкөдө көп нерсе өндүрүлбөй турганын белгиледи.

"Маселен, Орусия менен Казакстанда гречиха тартыш, андыктан анын баасы кымбат. Бизде алардыкынан да кымбат, себеп дегенде, аны ошол өлкөлөрдөн сатып келебиз. Кыргызстандын керектөө базарынын көлөмү чектелүү. Адамдар керектүү, сапаттуу продуктуларды көп ала алышпайт, андай болгон соң биздеги дүң соода базарындагы товардын баасы кымбат. Бул толгон себептердин бири гана. Ушундан улам Кыргызстанда жакын арада жагдай жакшы жагына өзгөрүлүп кетиши кыйын".

Бердаковдун баамында, жакынкы 10-15 жылда өзгөрүү болору күмөн.

"Топтолуп калган маселелерди аз-аздан өзгөртүү зарыл. Маселен, фермерлерди колдоочу ири турукташтыруучу фонд түзүү керек, ага жылдык үстөгү 1% ашпаган каражаттарды салуу зарыл. Фермерлер сугаттан өксүбөш үчүн суу менен камсыздоо программасын өнүктүрүү абзел. Суу чарбасына көп каражаттарды тартуу керек. Бул иштер менен бирге бизде 2-3 миллиард долларлык өзүбүздүн күйүүчү-майлоочу завод куруп, аны тикелей мунай менен камсыздоо жагын ойлонушубуз керек. Бул чиеленишкен, татаал геосаясий маселе. Бул жаатта олуттуу вариант деп Орусияны алуу керек. Түркмөнстанды да айтышат, эгер андай болсо кандай логистика болору түшүнүксүз. Мунун баары миллиарддаган долларды талап кылган, 10-15 жыл бел чечпей иштей турган жумуштар. А бизде 15 жыл саясий туруктуулук болобу – бул да өзүнчө оор маселе".

Эксперттин айтуусунда, Орусиянын, Казакстандын, Беларустун азык-түлүк коопсуздугу жагынан Кыргызстандан кыйла алдыга кетишинин себеп-жөнү деле белгилүү, аларда айыл чарбасына ири инвестициялар сарпталат. Казакстанда деле ошондой, ал жерде фермерлерге мамлекет ири дотация бөлөт. Буга кошумча масштабдын маани-жайы деген бар. Кыргызстан айыл чарба секторун мыкты өнүктүрө албаган кичинекей өлкө. Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугу жагынан Бажы биримдигиндеги аяк-башы жыйналбаган, корголбогон өлкө.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Кыргызстандын импортко көз карандылыгынан тышкары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында аяк-башы ачылып, корголбой калгандар катарында туруп калышынын бир нече себептерин белгиледи:

"Инфляциянын тамыры башка жакта жатат. АКШ триллиондогон долларды бапыратып басып чыгарып койду, “америкалык” акчанын баасы түштү. Саман акчалар дүйнөлүк биржалардагы баалардын кымбатташына алып келди. Анын натыйжасында жалаң эле азык-түлүк товарлары гана кымбаттабастан, башка товарлар, тейлөө, дагы башка секторлор деле кымбаттады. Экинчиден, сомдун долларга карата катышы өзгөрдү, улуттук валютанын куну түштү, мунун бир канча себептери бар: чабал экономикабыз, саясий талаш-тартыштардын токтобогондугу, анын үстүнө соттор менен тергөөчүлөрдүн колуна түшкөн ишкерлер эч кандай далили жок эле бюджетти толтурууга мажбур болушту. Ушул жагдай бизнестин абалын начарлатып, өлкөдөгү инвестициялык климатка зыянын тийгизди. Үчүнчүдөн, коронавирус апаатынан көпчүлүк өндүрүш көнүмүш ыраатынан чыгып, азык-түлук продуктуларын өндүрүү жайлап калды, товарды жеткирип берүү чынжыры үзүлүп, айрым ишканалар жарым-жартылай иштөөгө өттү. Төртүнчү себеби, биздин импортко көз каранды өлкө экенибизге барып такалат. Тамак-аш продуктуларынын 70% жакынын биз сырттан ташып келебиз".

Элдар Абакировдун айтуусунда, азык-түлүк коопсуздугу, бизнес-климатты жакшыртуу, казынага акчаны арбын түшүрүү, мамлекеттик аппаратты алдым-жуттум кадрлардан тазалоону маалында ойлонуу керек. Мына ушул иштерди жүзөгө ашырууга багытталган реформалар канчалык эрте башталса, ошончолук өлкө азык-түлүк жагынан туруктуу камсыз болот.

Кыргызстанда азык-түлүктөр вирус апааты күчөй баштаган чакта, 2020-жылдын жаз айынан тарта кескин кымбаттап кетти. Былтыркы жылы азык-түлүккө баа 17,6% жогорулаган.

2021-жылы да баалардын кымбатташы токтободу. Быйылкы кургакчылык оор жагдайды ансайын татаалдантты. Дыйкандардын миңдеген гектар эгин талаалары күйүп кетти, сугат суу маселеси болсо ушу кезге чейин чечилбей келатат.

Сары-Өзөн-Чүйдүн талааларында жүгөрү, буудай, дагы башка дан эгиндеринин өсүшү начар. Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянсак, быйыл пландалган түшүмдүн 25% алынбай калышы ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG