Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Акылбек Жапаров ЕАЭБ алкагында доллардан баш тартууну сунуштады


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдү АКШ доллары менен эсептешүүдөн баш тартууга чакырды. Ал бул тууралуу бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык бизнес-форумда билдирди. Жапаров биримдиктин алкагында эсептешүүгө доллар сыяктуу "котормочу" валютага муктаждык болбошу керектигин айтты.

Экономика жана финансы министрин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков да кубаттады. Новиков ЕАЭБ алкагында түрдүү тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жоготуу талабы арбын айтыла баштаганын белгилеп, долларга көз карандылык товар алмашуунун көлөмүнө таасир этерин, бул өз кезегинде улуттук валютанын девальвациясына алып келерин белгиледи.

19-августта Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында кыргыз-орус ишкерлеринин "ЕАЭБдин алкагында жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу үчүнчү бизнес-форуму өтүп жатат.

Ага Кыргызстан, Орусия, Өзбекстандан ишкерлер менен Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышууда.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Биримдик алкагында эсепетешүүдө АКШ долларынан баш тартуу маселеси буга чейин да көтөрүлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG