Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

IT жана инновациялык чечимдерди колдогон сынак


Accelerate Prosperity Кыргызстан уюму уюштурган иш чара.
Accelerate Prosperity Кыргызстан уюму уюштурган иш чара.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жаштар арасында инновациялык жана IT багытында стартаптар үчүн гранттык сынак өтөт.

Эл аралык уюмдардын колдоосу менен жүрүп жаткан тандоого катышуу тууралуу Accelerate Prosperity Кыргызстан уюмунун бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Бибинур Алибаева “Азаттыкка” айтып берди.

-"Аракетчил" долбоору жакында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында сынактын негизинде бир топ стартаптарды колдогону жаткан экен. Сынакка кимдер катыша алат? Канча адам колдоого ээ болуп, алар кандай өлчөмдө каржыланат?

- Азыр арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат. 31-августка чейин кабыл алынат. Арыздарды, дагы башка тандоого керектүү маалыматтарды kg.accelerateprosperity.org сайтынан табууга болот.

Accelerate Prosperity Кыргызстан уюмунун бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Бибинур Алибаева.
Accelerate Prosperity Кыргызстан уюмунун бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Бибинур Алибаева.

Негизинен талапкерлер үчүн эки критерий койгонбуз. Биринчиси, стартап IT же дагы башка инновациялык чечимдерди колдонуусу шарт. Экинчиси, жаштар көтөрүп чыккан демилге болушу керек. Андан соң бул критерийлерге карап тандалып алынган талапкерлер атайын үч жумалык окутуудан өтөт.

Сынак үч этапта жүрөт. Адегенде талапкерлердин арыздарын карап чыгабыз. Андан соң инвестициялык команда тандалган талапкерлер менен маектешүүлөрдү өткөрөт. Үчүнчү этапта донорлор менен стартаптарды финализация кылабыз. 10-15 адамды тандап алабыз. Гранттык сумма беш миңден жети миңге чейин АКШ долларын түзөт.

-Айталы, идеясы гана бар, бирок ишкерликти баштай электер катыша алабы?

-Идеясы гана болсо деле же баштапкы прототиби, алгачкы сатуулары болсо да катышса болот. Мында тажрыйбага көп көңүл бурулбайт. Тескерисинче, иш башынан туура багытта кетүү үчүн бизде атайын окуулар жүрмөкчү. Анда такшалган менторлор топтолгон. Эң башкысы инновациялык же IT чечимдер болсо ошолорго артыкчылык берилет. Ушундан улам иш чараны “Стартап кубок” деп атадык. Түштүк жергесинде биринчи жолу бул багытта гранттар ачык айкын берилгени турат. Себеби, биз азыр түшүнүп жатабыз дүйнөдө креативдик экономика аябай өнүгүүдө.


-Ошондой болсо да кандай стартаптарга артыкчылык берилет?

-Жаштар тарабынан негизделген же жумушчу топтогу негизги иштеген жаштардын үлүшү 60% болушу керек. Ошондой эле кыз-келиндердин стартабына да басым жасалат. Эң негизгиси жогоруда айтып кеткен креативдүү, инновациялык, IT чечимдерди колдонгондорго артыкчылык берилет. Accelerate Prosperity локалдык чечимдерди кабыл алууну көздөгөн ишканаларды колдоого алганды аракет кылат. Себеби, ийгиликтүү ишке ашкан бизнестин сөзсүз тигил же бул аймакка таасири чоң болот.

-Сиздердин эксперттердин пикиринде Кыргызстанда жаштардын санарип, IT багытында ишкердигинин деңгээли кандай экен?

-Былтыркы жылы IT акселерация өткөргөнбүз. Ошондо Кыргызстанда продукт чыгарган IT компаниялар аз экенин байкадык. Бизде ишканалар чет өлкөлөрдүн кандайдыр бир буюртмаларын жасашат экен. Мындай бир масса колдоно турган чечимдерди жасагандар өтө эле аз. Мындан улам атайын иновациялык жана IT багытында гранттык сынактарды өткөрүп жатабыз. Ушундай эле тандоолор түндүк облустарда да өтөт. Ири ишканаларга өзүнчө колдоолор да каралган.

"Аракетчил" долбоору жапон өкмөтү тарабынан дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан фондунун "Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүнү колдоо программасы" тарабынан ишке ашырылууда.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG