Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45

«Google» өңдүү долбоор түзгүсү келген Азрет


Кыргызстандык программист Азрет Кенжалиев.
Кыргызстандык программист Азрет Кенжалиев.

«Азыркы кыргызстандык» рубрикасынын кезектеги каарманы - жакында эле «Палантир» IT компаниясына тажрыйба топтош үчүн ишке кирген программист Азрет Кенжалиев. Ал жаңы жумушу, алдыдагы кыялдары, ислам динине болгон мамилеси тууралуу ой бөлүштү.

Азрет Кенжалиев 21 жашта. Ал Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүргөн. Информатика боюнча бир катар эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү. Учурда ал Түштүк Кореядагы KAIST же Кореянын Алдыңкы илимдер жана технология институтунун студенти. Жакында эле ал Америкадагы «Палантир» IT компаниясына тажрыйба топтоого ишке кирген. Кепти ошондон баштадык. Бул ишкана ойлоп тапкан долбоорлорду АКШнын коргонуу, чалгын жаатындагы мекемелери колдонушат. «Palantir Metropolis» деген дагы бир өндүрүмүн банктар жана каржы компаниялары пайдаланышат.

- Азрет, бул компанияга кирүүнү кыялданчу белең же жөн гана көп компаниянын бир катары документ тапшырып койдуң беле?

- Мен жыл сайын жайында тажрыйба топтош үчүн 80-100дөй дүйнөлүк компанияга документ тапшырам. Анткени алардын көбү жооп бербей турганын билем. Алардын он чактысы жооп берет жана мага код жазуу үчүн тест жөнөтөт. Муну эми техникалык тапшырма деп койсок болот. Андан соң алардын үчөө баарлашууга чакырат. «Палантир» компаниясына да ушундай эле максат менен тапшыргам. Мен биринчи жолу алар жиберген техникалык тапшырманы толук аткара алган жокмун. Ошондуктан мага оң жооп беришпейт го деп күткөм. Бирок андан кийин алар мени алты жолу баарлашууга чакырышты. Төрт жолу техникалык мүмкүнчүлүктөрүмдү текшеришти. Эки ирет психологиялык жаткан сынап көрүштү. Аягында кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси менен сүйлөштүм. Ошондон кийин гана ишке алууну туура көрүштү. «Палантир» компаниясына өтүү «Гуглга» караганда оор экени айтылып келет, муну жакында белгилүү программист Тилек Мамытов да белгиледи. Менин «Google», «Facebook» компанияларында тажрыйба өтөгөн досторум бар, алардан улам да билем, «Палантирге» ишке кирүү кыйла оор болду. Мен азыр студент болгондуктан бул компанияда быйыл июнь айынан сентябрга чейин жөн гана тажрыйба топтойм, толук ишке кирдим деп айта албайм. Бирок кадимкидей айлык төлөп берилет. Негизи эле IT тармагындагы бардык такшалмалар акысыз болбойт. Балким КМШга кирген мамлекеттердеги компанияларда акча төлөнбөшү мүмкүн.

Азрет «Гуглдан» ашкан долбоор ачат
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:19 0:00

- Бул жумуш өзүңө жагабы? Андан ырахат алып иштейсиңби? Келечекте дагы кандай компанияларда иштеп көрүүнү кыялданасың?

- Мага программа жазган жагат. Ошондой эле мен IT ишкерликке абдан кызыгам. Өзүмдүн стартапымды ачкым келет. Жакынкы убакта бир эмес, бир нече стартапты ишке ашыра алам деген ойдомун. Бирок мен алардын техникалык жагын көзөмөлдөгүм келбейт. Өзүмдү ишкерлик жактан сынап көрүүнү каалайм. Мисалы, «Google» менен теңтайлаша турган долбоор баштагым келет. Бул компаниянын эң негизги өндүрүмү - баарыбыз билген кадимки издөө системасы эмеспи. Ал жактан азыр кыргыз тилинде маалымат издесең абдан чектелүү санда чыгат. Негизи эле Дүйнөлүк желеде кыргыз тилинде маалымат өтө аз. Мен тил жагынан чектелбеген издөө системасын ойлоп табууну кыялданам. Мисалы, кыргыз тилинде маалымат издесең түрк тилиндеги материалдын баары которулуп чыгышын каалайт элем. Бул оюмду Тилек Мамытовго бөлүшсөм, колдоду. Ал «Y Combinator» стартап-акселераторунун негиздөөчүсү Пол Грэм көптөн бери кимдир-бирөө ушундай издөө системасын ойлоп тапса деп кыялданып жүргөнүн айтты жана ага өз демилгем менен кайрылып көрүүнү сунуш кылды. «Балким Грэмге жакса, ал өзү ментор болушу мүмкүн» дейт. Мага бул сунуш аябай жакты. Ошол эле «Y Combinatorдун» стартаптар мектеби бар. Алардын лекцияларын бекер эле көрсө болот. Мен акыркы учурларда жалаң ошолорду гана көрүп, өзүмдүн стартабымды кантип баштасам болот деп ойлонуп жүргөн чагым.

- Демек, кыргызстандык кыйын програмисттер бири-бириңер менен сүйлөшүп, колдоп, кеңеш берип турат экенсиңер да?

- Ооба, мен акыркы кезде Тилек Мамутов байке менен көп сүйлөшүп жүрөм. Ал ар дайым мага кеңештери менен дем берип, колдоп турат. Ал эми Кайнар Камалов байке көптөр билгендей эле MITти бүткөн. Мен да бир кезде ушул окуу жайына тапшырууну көздөгөн элем, ошондо ал мага өз кеңештери менен жардам берген. Бирок тилекке каршы сынактардын баарынан өткөнүм менен «күтүү тизмесине» түшүп калдым.

Белгилей кетсек, Тилек Мамутов - дүйнөгө таанымал компанияларда иштеген кыргызстандык программист. Ал «Google» компаниясында 11 жыл иштеген. Учурда өз стартабын негиздеп, КМШ мамлекеттериндеги адистерге «Кремний өрөөнүндө» карьера баштоого жардамдашып келет.

Ал эми Кайнар Камалов Массачусетс технологиялык институтун бүтүрүп, ошол эле университетте илимий кызматкер болуп, кийин «Майкрософт» компаниясында иштеген. Учурда өзүнүн B12 деген стартабын иштетип, жасалма интеллекттин негизинде тиркмелерди жасоо менен алектенет.

- Азрет, бирок сен МITке өтпөй калганың менен дүйнөдөгү мыкты университеттердин катарына кирген KAIST же Кореянын Алдыңкы илимдер жана технология институтуна өттүң да..

- Ооба, мен бул окуу жайынын экинчи эле курсун аяктадым. KAIST 1971-жылы «Кремний өрөөнүн» түптөгөн Фредерик Терман тарабынан негизделген. Алгач ал абдан тез өнүгүп жаткан «Хюндай», «Самсунг» сыяктуу ишканаларга адистерди чыгарууга багытталган. KAIST учурда Түштүк Кореядагы номур биринчи жогорку окуу жайы болуп эсептелет жана өкмөт ага жыл сайын абдан жакшы каржы бөлүп турат.

- Маектин алдында жума намаздан келгениңди айттың. Ар дайым барып турасыңбы?

- Ооба, 2016-жылдан бери барып турам. Ал кезде 11-класста окучумун. Биз олимпиадалык борбордо өлкөнүн башка аймактарынан келген күчтүү балдар менен бирге алдыдагы сынактардын бирине даярданып жаткан элек. Алардын арасында Нарындан келген бала бар болчу, ал экөөбүз ар кандай суроолор боюнча, анын ичинде дин темасы тууралуу да көп талашып-тартышча кетчүбүз. Мен андан калбаш үчүн Куранды, хадистерди окуп чыктым. Көп суроолорго жооп таптым жана өзүм да ислам динин дагы тереңирек түшүндүм. Ошентип беш маал намаз окуп калдым.

- Мындай чечиминди туугандарың, жакындарың кандай кабыл алышты? Эмне дешти?

- Үй-бүлөм, жакындарым жакшы эле кабыл алышты. Болгону «радикалдашып кетпе, диндин фанаты болуп кетпе» деп кайталашты. Анан албетте, үйдө Куранды билген, окуган адам пайда болгонуна сүйүнүштү. Мен үчүн дин - бул биринчиден адамдарга карата ак ниеттик, чын пейилден жакшы мамиле кылуу, адамдарга жашоосун жеңилдеткенге жардам берүү, сабырдуу болуу. Мен жакшы жакка өзгөргөн сайын үстүдөн кандайдыр бир колдоо болуп жаткандай сезем. Ошол эле маалда ашынган динчил болуп кетпеш керек. Мисалы, мен жаңы намаз окуй баштаганда мен эле туура жолдо бараткандай, динге берилбегендин баары туура эмес кылып жаткандай ойлочумун. Бирок бул туура эмес экенин кийин түшүндүм. Башка динди тутунгандарга, керек болсо атеисттерге да толеранттуулук менен караш керек. Негизи ислам башкаларды сүйүүгө чакырат.

- Жакшы, эми кайрадан билим тууралуу сүйлөшсөк. Акыркы кезде «билимсиз эле иштеп акча таап алам» деген жаштар көбөйдү. Буга кандай карайсың? Негизи эмне үчүн билим алуу маанилүү?

- Билим чындыгында көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Билим менен ой жүгүртүүнүн башка деңгээлине чыкса болот. Албетте, азыр баары эле каржы менен байланыштуу. Кыргызстанда тилекке каршы жакыр жашагандар көп. Ошол себептен аларга тезинен акча табуу маанилүү. Муну түшүнсө болот. Ал эми мүмкүнчүлүгү барлардын баарын эле мен билимин тереңдетүүгө чакырат элем. Себеби билим алдыда дагы көп эшиктерди ачат жана бул дагы көбүрөөк акча табууга өбөлгө түзөт. Билимиң болсо, акчаң болсо жалаң эле өзүңдү жана жакындарыңды гана эмес, мамлекетти да ойлогонго шарт болот.

- Сени азыркы Кыргызстанда эмне өкүнтөт жана эмне кубантат?

- Мени Кыргызстанда адамдар кубантат жана өкүндүрөт. Бизде көп сүйлөбөй, кыйкырбай, эл алдына чыкпай эле Кыргызстан үчүн көп жакшы иштерди кылгандар көп. Алар тууралуу эч ким деле билбейт. Бирок алар өз иштери менен пайда алып келип жатышат. Ошондой адамдар кубандырат. Ошол эле учурда ар дайым эл алдында болуп, кейип-кепчип, маселе көтөргөн адамдар көп. Алар көп сүйлөшөт, бирок пайдалуу эч нерсе кылышпайт. Аларды өсүп келе жаткан жаңы муун идеал катары көрүп, эптеп эле эл көзүндө болуп, бир нерсе деп сүйлөп туруу зарыл экен деп ойлойт. Көп сүйлөп, аз пайда келтирген адамдардын көптүгү өкүндүрөт.

- Рахмат, Азрет. Иштериңе, окууларыңа ийгилик!

XS
SM
MD
LG