Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы Digital CASA долбоорун токтотууда


“Digital CASA – Кыргызстан” долбоорунун логосу.

Дүйнөлүк банк 50 миллион долларлык “Digital CASA – Кыргызстан” долбоорун токтотуп жатат. Ага кыргыз тарап долбоорду ишке ашырбай, мөөнөтүн созгону себеп болгон.

Санариптик план өлкөнүн басымдуу бөлүгүн жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылмак. Өкмөт долбоор өзгөргөн жагдайда ишке ашышы мүмкүн экенин билдирет. Кантсе да бул жагдай коомчулукта бийликке карата сын-пикирлерди жаратты.

Тараптардын жүйөлөрү

Масштабдуу долбоорго байланыштуу коомчулуктагы чуудан кийин Санариптик өнүктүрүү министрлиги расмий билдирүү таратып, түшүндүрмө берди. Мекеме Дүйнөлүк банк долбоордон баш тартып жатканын мойнуна алып, бирок ал кайрадан өзгөртүлгөн абалда ишке ашышы мүмкүндүгүн кабарлады.

Министрликтин басма сөз катчысы Чынара Усупбаева “Азаттыкка” ырастагандай, алар Дүйнөлүк банктын ар кайсы деңгээлдеги өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүшкөн. Анда долбоордун кечеңдешинин себептери, анын ичинде эпидемиологиялык абал талкууланган. Анын соңунда өкмөт тиешелүү мекемеден кат алган.

Чынара Усупбаева
Чынара Усупбаева

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун алкагында санариптештирүүнү атаандаштыктын мыкты башкаруунун маанилүү аспекти деп эсептей турганын маалымдаган. Дүйнөлүк банк санариптик өнүгүү багытында өлкөнү колдоону улантууга кызыкдар экенин билдирген. “Digital CASA – КР” боюнча өнөктөш тарап иш жүзүндө аткарылып жаткан долбоорду токтотууну карап чыгууну жана тез арада санариптик жаңы долбоорду даярдоону сунуштады",-деди Усупбаева.

Мекеме өкүлү жаңы долбоор учурга бап келген нерселерди жана эл аралык тренддерди эске алуу менен түзүлүшү керектигин, ал боюнча жумуш жүрүп жатканын белгилейт. Сүйлөшүүлөр да уланып жатат.

Министрлер кабинети (Минкаб) да өз сайтында 5-августта билдирүү коюп, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин позициясына окшош, кеңейтилген маалымат берди. Анда “санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болгондугуна карабастан, тармактык мекеме долбоор боюнча техникалык тапшырмаларды иштеп чыкпаганы жана сынактар жарыяланбаганы” ушуга алып келгени кабарланат.

Минкабдын Санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков мындай деди:

Таалай Байтереков
Таалай Байтереков

“Муну “баш тартуу, же токтотуу” деп түшүнбөш керек. Реструктуризациялоо дегенди мында “кыскартуу, кайра кароо” деп кабыл алып турсак болот. Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн сунушу болуп жатат. Алар “үч жыл өтүп кетти, дагы эки жылда муну бүтүрө албайсыңар” деп, “кайрадан жаңыдан долбоор түзөлү” дегендей кылып жатышат. Аны Санариптик өнүктүрүү министрлиги карап чыгып, изилдеп, Дүйнөлүк банк менен, Экономика жана финансы министрлиги менен сүйлөшүп, анан бизге, Минкабга өз сунушун алып келиши керек. “Барабызбы-барбайбызбы, баш тартабызбы”, кыскасы аны изилдөөнүн жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чечебиз”,-деди ал.

Дүйнөлүк банк кеп болуп жаткан долбоорду токтотуп жатканын алгач “Кактус Медиа” басылмасы өкмөттөгү өз булактарына таянып жазып чыккан. Буга кыргыз тараптын милдетин аткарбаганы, долбоорду өз убагында ишке ашырбай жатканы себеп болгону айтылган.

Андан кийин Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Фейсбуктагы” баракчасында учкай билдирүү калтырып, маалыматты ырастады.

Дүйнөлүк банктын логосу
Дүйнөлүк банктын логосу

“Мурдагы “Digital CASA – Кыргызстан” долбоору 2018-жылы жактырылган жана 2023-жылы майда бүткөрүү мерчемделген эле. Акыркы үч жылда долбоорду ишке ашырууда прогресс байкалбаганын эске алуу менен аны жапса болот, каражаттарды Министрлер кабинетинин жаңы долбооруна которсо болот”,-деп айтылат билдирүүдө.

“Азаттык” мындан кененирээк маалымат алуу үчүн Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви менен да байланышууга аракет кылды. Бирок мекеме өкүлдөрү алардын позициясы соңку расмий билдирүүдө чагылдырылганын айтып, чектелишти.

“Чоңдор сыйакы сураган үчүн ишке ашпай калды”

Кантсе да, бул окуя коомчулукта кыйла резонанс жаратты. Байкоочулар жана талдоочулар Кыргызстан үчүн маанилүү долбоорлордун биринен кол жууганы үчүн бийликти айыпташууда.

“Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева муну өлкөдөгү саясаттын кесепети деп баалап чыкты:

Таттуу Мамбеталиева
Таттуу Мамбеталиева

"Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып жаткан учурда өлкөдө көп талкуу жүргөн. Түрдүү пикирлер болгон, каршылар да, колдогондор да чыккан. Бирок биз иш жүзүндө Конституция менен бет келип, ал иштебей жатканын көрүп жатабыз. Digital CASA долбоорунун ишке ашпай калышы мына ошонун бир көрсөткүчү. Анткени президент өлкөдө чечим кабыл албай жатат. Маселен, мамлекет башчы жаздан бери бул долбоорду тез арада аткаруу боюнча бир нече жолу так жана түшүнүктүү тапшырмаларды берген, бирок бүгүнкү күндө анын бири да аткарылган жок. Соңунда ал долбоордун жабылышына алып келди жана өлкөнү 50 млн. доллардан куржалак калтырды",-деген оюн билдирген ал “Кактус Медиа” басылмасына.

Мамбеталиева өз сөзүндө Дүйнөлүк банк долбоорго байланыштуу көйгөйлөрдү чыры жок чечип келген уюм экенин белгилеп, эгер алар долбоордон баш тартып жатса, “анда тараптар өз ара келише албай калган” деген бүтүм чыгарат.

Башка бир укук коргоочу Нурбек Токтакунов да маселе боюнча “Азаттыкка” кеп куруп, долбоордун ишке ашпай калуусуна жемкорлук себеп болду деген оюн билдирди:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

“Ушундай эл аралык чоң-чоң долбоорлордо бизде өкмөт дайым сыйакыларды (откат) алып келчү. Дүйнөлүк банк болсо эле ар кайсы программаларында “акча алмайлар” болгонун угуп эле жүрөбүз. Бирок мурда тыйынды да алышкандан кийин долбоорлор иштечү. Менимче азыр долбоорду жылдырган кишилер сыйакы берсе деле иш жылбай калганын түшүндү окшойт. Digital CASA долбоорунда да өкмөттүн төрагасы сыйакы сураганын уктум. Демек, Дүйнөлүк банк ошондон улам баш тартты”,-деди ал.

Долбоордун артка кетишине байланыштуу мындай айыптоолорду Кыргызстандын бийлигин төгүндөөгө алат. “Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин коррупциялык көрүнүштөргө байланыштыгы боюнча чындыкка дал келбеген маалыматты таркатууну туура эмес деп эсептейбиз”,-деп айтылат Минкабдын 5-августтагы билдирүүсүндө.

Дүйнөлүк банк да өз позициясында долбоорду ишке ашырууда мыйзамсыздыкка жол берилбей турганын маалымдады.

“Дүйнөлүк банктын тобу өз программаларында коррупцияга карата таптакыр бөгөт койгон саясатты карманат. Бизде кардар-мамлекеттерге бөлүнгөн каражаттарды максаттуу, үнөмдүү жана эффективдүү пайдаланууну камсыздоо үчүн финансылык башкаруу жана сатып алуулар боюнча катуу процедуралар бар. Шылуундук жана жемкорлук жөнүндөгү белгилөөлөр олуттуу каралат жана тиешелүү департамент тараптан көз карандысыз иликтөө жүргүзүлөт”,-деп белгиленет мекеменин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн билдирмесинде.

Аталган долбоорду аткаруу мурдагы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, азыркы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мойнунда. Министрликти азыр Дастан Догоев жетектейт. Баса, ушул эле Догоев мурдараак аны ишке ашыруу боюнча мекеменин ичиндеги топтун башчысы экени айтылган.

Кыргызстан чоң мүмкүнчүлүктөн кол жууйбу?

“Digital CASA – Кыргызстан” долбоору жалпы Борбор Азияны, Түштүк Азияны жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо боюнча Дүйнөлүк банктын “Digital CASA” аттуу масштабдуу планынын бир бөлүгү. Ал жарандарга ыңгайлуу интернет жеткирүүнү, натыйжада сапаттуу мамлекеттик кызматтарды пайдалануусуна шарт түзүү жана санариптик технология тармагында жаңы жумуш орундарын түзүү максатын көздөгөн.

Долбоорго байланыштуу алкачкы протокол 2018-жылдын 9-февралында Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (МАР) менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда кабыл алынган. Кийин бул документ парламентте ратификацияланып, тиешелүү мыйзам ишке кирген.

Беш жылдык долбоордун алкагында Кыргызстанда 1000 чакырым оптикалык-була байланыш линиясы тартылышы керек эле. Анын 600 чакырымы Кыргызстандын калктуу конуштары үчүн багытталса, 400 чакырымы коңшу өлкөлөрдөгү интернет линиялар менен байланыштырмак. Бул долбоордун биринчи компоненти.

Кыргызстанда интернет жеткирген негизги провайдерлер
Кыргызстанда интернет жеткирген негизги провайдерлер

Экинчи компоненти катары мамлекеттик кызматтардын порталын түзүү, маалыматтарды санариптештирүү, санариптик платформаларды өнүктүрүү боюнча иштер алып барылмак. Үчүнчү-төртүнчү компоненттери санариптештирүүгө байланыштуу нормативдик-укуктук базаны иштеп чыгууга, аткаминерлерди, бюджеттик кызматкерлерди жана жарандардын ар кайсы катмарын санариптик көндүмдөргө үйрөтүүгө, IT тармагында аялдардын санын көбөйтүүгө арналмак.

Муну үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 млн. доллар, же азыркы курс менен баалаганда 4 млрд. сомдон ашык каражат бермек. Сумманын теңи грант түрүндө, теңи пайызсыз насыя түрүндө берилген. Болгону тейлөө үчүн насыяга 0,75% коммиссия алынмак.

Минкабдын өкүлү Таалай Байтереков кандай болгон күндө да Кыргызстандын бийлиги долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин кошумчалады:

“Ошол 50 млн. доллардын 18 млн. долларына оптикалык-була байланыш линиясы курулмак. Анүчүн эл аралык тендер жарыяланып, ошону утуп алган компания тартмак. Ал айылдарга интернет жеткирип, 4 миңге жакын социалдык объектилерге, айыл өкмөттөрдүн имараттарына чейин киргизип бермек. Ага кошумча G-Net (Government Net) деп аталган мамлекеттик корголгон локалдык линия тартылмак. Андан сырткары эки чоң магистралдык линия тартышмак. Бул долбоор башталганда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистанга чейин магистралдык линия куруу пландалган. Бирок азыркы учурда Дүйнөлүк банктын бул долбоорунан азыр беш мамлекеттин ичинен үчөө чыгып кеткен, Ооганстан менен Кыргызстан эле калган. Бирок биз, Кыргызстандын өкмөтү бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Болгону анын убактысын өзгөртүп, дагы 4-5 жылда аткарабыз деген ниетте турабыз”.

Расмий маалымдалгандай, учурда Кыргызстанда 30 826,835 км оптикалык-була байланыш линиясы (волоконно-оптической линия связи, ВОЛС) болсо, анын 11 224,734 чакырымы магистралдык деп эсептелет.

Бирок аймактарды туташтырган линиялардан сырткары алганда мунун көбү Бишкек шаарынын жана облус-район борборлорунун тегерегинде тартылган. “Digital CASA – Кыргызстан” долбоорунун буласы негизинен айыл жергесине же тоолуу айылдарга тартылмак экен. Натыйжада Кыргызстандын 60% жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болмок.

IT тармагындагы адис Айкут Конушбай кепке кошулду:

Айкут Конушбай
Айкут Конушбай

“Бул долбоор коңшулар менен жана башка мамлекеттер менен интеграцияга алып келмек. Ишке ашса жакшы эле болмок. Азыр кандай себептер менен кармалып жатканын мен деталдуу билбейт экем. Бул ошондой эле айыл жергесине жеткирүүгө да шарт түзөрү айтылган. Айылдарда мобилдик интернет бар, бирок жогорку ылдамдыктагы интернет көп жерге жетпейт, жетсе да ылдамдыгы өтө начар. Эгер элетке да сапаттуу интернет жетсе, айылда эле олтуруп алып иштей бергенге көбүнө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бул жагынан балким Тажикстандан, же Өзбекстандан алдыда болушубуз мүмкүн, бирок Казакстандан артта калып жатабыз”.

Соңку кабарларга ылайык, Кыргызстанда 75 интернет-провайдер ишмердүүлүк жүргүзөт. Алар жалпы өлкөнүн 92% аймагын камтыганы айтылганы менен анын көбү мобилдик интернет. Ал эми жогорку ылдамдыктагы линиялар же стационардык интернет жеткен жерлер аз эле пайызды түзөт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG