Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Жалал-Абад: Пара алууга шектүү окутуучунун айыбы угузулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда мамлекеттик жогорку окуу жайдын студенттеринен пара талап кылууга шектелип жаткан окутуучуга айыбы угузулду. Бул тууралуу 18-августта облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал окутуучу тууралуу маалымат келип түшкөндө Жазык кодексинин 238-беренесинин (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

Ыкчам иштердин натыйжасында 28-июлда факультеттердин биринин деканынын кабылдамасында «студенттердин сынактарын бүтүрүп, баа койдуруп берем» деген окутуучу 10 500 сом акча алгандыгы аныкталган.

Далил буюм катары анын жанынан студенттердин аты-жөнү жана алардан алган акчанын суммасы жазылган бир барак алынып, тергөөчүлөргө тапшырылып берилген.

Кылмышка шектелип жаткан окутуучу тарап азырынча милициянын айыптоосу боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда 73 жогорку окуу жайы бар, алардын 33ү мамлекеттик.

Өлкө «Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде 2020-жылдын жыйынтыгы менен 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээлеген. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG