Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

"Акыркы көч" көркөм тасмасы эл аралык фестивалга катышат


"Акыркы көч" тасмасынын постери.
"Акыркы көч" тасмасынын постери.

Кыргызстандык режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" тасмасы Андрей Тарковский атындагы эл аралык XV "Зеркало" кинофестивалына катышат.

Бул тууралуу тасманын режиссёрлорунун бири Дастан Жапар уулу «Азаттык» радиосуна билдирди.

Кинофестивал Орусиянын Иванов облусунда 2021-жылдын 27-августунан 31-августуна чейин өтөт. Ага Кыргызстандан сырткары Орусия, Монголия, Болгария, Германия, Британия жана башка өлкөлөрдүн тасмалары катышат.

“Акыркы көч” - Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен “Билимкана” коомдук фонду биргелешип өндүргөн чыгарма болуп саналат.

Тасманын бет ачары Кыргызстанда 1-сентябрда өтөт. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG