Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:07

Жети айда 55,5 млрд. сом салык жана төлөмдөр чогулду


Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жети айда салыктан жана төлөмдөрдөн 55 млрд. 546,9 млн. сом чогулду. Бул былтыркыга караганда 15,9 млрд. сомго көп. Мамлекеттик салык кызматы кабарлагандай, жети айдын планы 105,4% аткарылганын маалымдоодо.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, мунун ичинен мамлекеттик бюджетке 44 млрд. 819,2 млн. сом түштү.

Жергиликтүү бюджеттерге чогулган акчанын жалпы суммасы 10 млрд. 727,6 млн. сом чогулуп, план 105,8% аткарылган.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу салык жана төлөм чогултуу эселеп азайган.

Кыргызстандын экономикасы жарым жылдын расмий жыйынтыгында 1,7% төмөндөгөнү расмий кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG