Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

УКМК: Ниязов өзүн саясий туткун катары көрсөткүсү келүүдө


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттик аппараттын мурдагы башчысы, учурда тергөө абагында жаткан Фарид Ниязовдун 18-августтагы билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда Ниязов өзүн элге саясий туткун жана күнөөсү жок болсо да жабыркагаан адам катары көрсөткүсү келип жатканы жазылган.

Мекеменин басма сөз кызматы Ниязовдун азыркыдай абалга туш болушунун себеби анын мурдагы бир катар мыйзамсыз иштеринде экенин белгилеген. Ошондой эле сот жообуна тартылбай турганына ишенип алганы- анын жеке көйгөйү болгонун моюнга алууга чакырган.

18-августта Ниязов "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин билдирип, аны УКМКнын жана ИИМдин жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалаган. Ал “Кыргызстандын жаранын чет өлкөлүк атайын кызматтарга уурдатып жиберип, эми коомчулуктун көңүлүн башкага буруу аракети болуп жатат" деген.

Инандыга кыргыз жарандыгы мыйзамсыз берилгени үчүн айып тагылганы жөнүндө билдирме Ниязовго адвокаты аркылуу 10-августта берилген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, дайыны чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы үчүн кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Кийин ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG