Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

ТИМ: Кыргызстан-АКШ кызматташтыгы талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 18-августта АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер менен жолугуп, кызматташтык маселелерин талкуулаганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, министр Казакбаев Кошмо Штаттарга Ооганстандан Кыргызстандын 15 жаранын Казакстан менен бирге коопсуз эвакуация кылууга, андан мурдараак кыргыз жарандарын үчүнчү өлкөгө чыгарып кетүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошону менен катар Сириядагы жана Ирактагы кыргызстандык аялдар менен балдарды биргелешип алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү жагы да айтылды.

Казакбаев Кыргызстан 500 ооган студентине виза бермей болгонун, Ооганстанда абал турукташса гуманитардык жардам жеткирип берерин кошумчалады.

Америкалык дипломат Кыргызстандын бул аракеттерин оң баалап, Кошмо Штаттар Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинде ооганстандык 150 студенттин окуусун каржылоого даяр экенин билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча базалык макулдашуунун долбооруна байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жана башка артыкчылыктуу багыттар талкууланды.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы макулдашуу даярдалып жатканы үч жылдан бери айтылууда, бирок ага кол коюла элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG