Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

"Талибандын" күмөн жараткан убадасы


Ооганстандын Жалалабад шаарындагы талибдерге каршы митинг, 18-август 2021-жыл.
Ооганстандын Жалалабад шаарындагы талибдерге каршы митинг, 18-август 2021-жыл.

18-августта Ооганстандын Жалалабад шаарында ооган желегин көтөрүп, акцияга чыккан ондогон адамдарды талибдер күч менен таратты. Андан бир күн мурда "Талибан" кыймылы алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, адам укугун сактоону убада кылган эле.

"Талибан" Кабул шаарын ээлегенден берки эки күн тынч өтсө, 18-августта эл арасында нааразылыктын белгиси байкалды. Шейшемби күнү Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында ондогон адамдар кара, кызыл жана жашыл түстөгү ооган желегин көтөрүп, акцияга чыгышты.

Бирок эл аралык маалымат каражаттары жарыялаган видеолордон талибдер чогулгандарга ок атып, элди күч менен таратканын көрүүгө болот. Reuters, Associated Press маалымат агенттиги Жалалабаддагы окуяда өлгөндөр бар экенин жазып жатат.

"Би-Би-Синин" пуштун кызматы "Талибанга" каршы нааразылык акциялары Кунар, Хост шаарларында да өткөнүн, митингчилер ооган желегин желбиретип турушканын кабарлады. Буга чейин Кабул шаарында аялдардын чакан тобу талибдерге каршы акцияга чыккан эле.

Ошондой эле, шаршемби күнү ооган баш калаасында талиб жоочулары калың элдин арасынан аэропорткө өтүүнү каалаган адамдарды сабап жаткан видео тарады. Ал видеодон ок атылганын да угууга болот. НАТОнун коопсуздук тармагындагы өкүлдөрү аэропорттун кире беришиндеги бул окуяда 17 киши жараат алганын билдирди.

Бир күн мурда "Талибандын" бозгунда жүргөн негиздөөчүлөрүнүн бири Абдул Гани Барадар Ооганстанга кайтып келген жана аны улай талибдердин өкүлдөрү Кабулда алгачкы маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

Анда "Талибандын" узак жылдан бери көмүскөдөн иш алып барып келген басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид Ооганстанда исламдын баалуулуктарын карманган, ар кайсы саясий күчтөрдүн башын бириктирген өкмөт түзүлөрүн белгилеп, "өч алуу болбойт" деп убада кылган.

"Биз эске салып коелу. Бардык адамдарды кечирдик. Себеби бул Ооганстандагы тынчтык жана туруктуулук үчүн керек. Бизге каршы турган бардык топторго ырайым берилет", - деп айткан Забиулла Мужахид.

"Талибандын" басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид, Кабул, 17-август 2021-жыл.
"Талибандын" басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид, Кабул, 17-август 2021-жыл.

Күмөн жараткан убадалар

Талибандын өкүлдөрү Ооганстанда адам укуктары сакталат деп ишендирип жатат. Мужахид талибдер тышкы дүйнө менен тынч мамиле түзүүнү көздөй турганын, аялдарга иштөөгө, билим алууга уруксат берилерин кошумчалаган жана "аялдар исламдын алкагында коомдук турмушта активдүү болот" деп белгилеген.

"Бизге өлкө ичинде да, сыртында да душман кереги жок", - деп айткан Мужахид.

Бирок Батыш өлкөлөрү да, ооган активисттери да мындай убадалардан күмөн санап турушат. Эл аралык журналисттер Кабулда жашоо-тиричилик өз калыбына түшүп келе жатканы менен мурдагыдай аялдар көчөгө чыкпай калганын да айтып жатышат.

"Ооган кызы катары, мен аларга ишенбейт элем. Себеби алар убадаларын толук аткарышпайт. Эгер алар ушунчалык эле аялдардын укугун коргогусу келсе, Гераттагы кыздарга университетке барууга тыюу салмак эмес", - деп билдирди кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн ооганстандык активист Паштана Дуррани.

Евробиримдик Ооганстанга жардам иретинде бериле турган каражаттарды убактылуу токтото турууну чечти. Вашингтон Ооганстандын Борбордук банкынын АКШдагы эсептерине чектөө койду. Эл аралык валюта фондунун апрелдеги маалыматына ылайык, Ооганстандын алтын жана валюта резерви 9 миллиард доллардан ашат.

"Талибан" АКШнын санкциялык тизмесинде турат. Андыктан Вашингтон жана анын өнөктөштөрү жаңы ооган өкмөтүн таанымайынча, талибдер бул каражатты колдоно албайт.

"Эгер "Талибан" өз жарандарынын укугун коргой турганын айтып жатса, анда биз алардын бул сөзүн аткарганын, билдирүүсүн ишке ашырганын байкап турабыз", - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Нед Прайс.

Кабул аэропортундагы эвакуация, 18-август 2021-жыл.
Кабул аэропортундагы эвакуация, 18-август 2021-жыл.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да дүйнө "Талибандын" кадамдарына баа бере турганын айтты.

"Биз режимге кандай тандоо жасаганына, сөздөрүнө эмес кадамдарына жана алардын терроризмге, кылмыштуулукка, баңгизатка, кыздардын билим алуу укугуна болгон мамилесине жараша баа беребиз", - деди ал.

Өкмөт куроо аракети

"Талибандын" лидерлеринин бири Абдул Гани Барадардын келиши менен Кандагарда жаңы өкмөттү куроо маселеси боюнча сүйлөшүүлөр башталганы кабарланды. "Талибан" Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла, мурдагы президент Хамид Карзай жана "Хизб и-Ислами" саясий тобунун лидери, мурдагы талаа командири Гүлбиддин Хекматияр менен байланышта экенин билдирди.

Ооган элитасынын бир бөлүгү "Талибандын" 20 жылдан кийин кайра бийликке келишин кабыл алууга аргасыз болсо, айрымдары каршылык көрсөтүүгө аракет кылууда.

Маселен Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салех президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялады. 18-августта Ооганстандын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Салехти Ооганстандын мыйзамдуу президенти деп тааный турганын билдирди.

Өлкөнүн келечеги арсар абалда турганда жүздөгөн ооган жарандары чет өлкөгө чыгып кетүүнүн айласын издеп, Батыш мамлекеттеринин элчиликтеринин алдында акыйып кезек күтүп турушат.

Кабул аэропортунда болсо "Талибандан" качкан ооган жарандарын жана чет өлкөлүктөрдү эвакуациялоо уланууда. 18-августта жүздөгөн оогандыктар, алардын ичинде АКШ баштаган эл аралык коалицияга жардам берген адамдар отурган бир нече учак Ооганстандан учуп кетти.

Талибдер май айында АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандагы аскерлерин чыгара баштагандан бери ооган армиясына каршы чабуулдарын күчөтүп, июнь-июль айларында бир топ райондорду ээлеп алган. 6-августта алгачкы провинциянын борборун колго алып, андан тогуз күн өтүп-өтпөй Кабулду ээледи. Ооган баш калаасы курчоодо турганда өлкөдөн чыгып кеткен президент Ашраф Гани Бириккен Араб Эмираттарында экени белгилүү болду.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG