Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:08

Ашраф Гани эмнеден жазды?


Президент Ашраф Гани (ортодо), биринчи вице-президент Амрулла Салех (солдо) жана экинчи вице-президент Сарвар Даниш Кабулдагы ант берүү аземинде, 9-март 2021-жыл.

"Талибан" 20 жылдан кийин кайра Ооганстанга көзөмөлүн орнотту. Миллиарддаган доллардык жардамга карабастан ооган армиясы жоочуларга туруштук бере алган жок. Талибдер Кабулга жетери менен ооган бийлигинин башында турган Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. Ооган өкмөтү эмне үчүн тездик менен ыдырап кетти?

2020-жылдын 9-марты. Талаш жараткан шайлоодон кийин экинчи президенттик мөөнөтүнө киришип жаткан Ашраф Ганинин ант берүү аземи Кабулдагы эки жардыруудан улам кыска убакытка үзгүлтүккө учураган. Анда Гани "өз башымды курмандыкка чалсам да, ордуман жылбайм" деп айткан эле.

Бирок 1,5 жыл өтпөй талибдер Кабулдун босогосуна кирип келгенде ооган президенти өлкөдөн чыгып кетти. Аны менен кошо ооган өкмөтү кулады. Кошмо Штаттар 20 жыл машыктырып, миллиарддаган доллар салган ооган армиясынын бир бөлүгү талибдерге багынып берсе, кайсы бири кумга сиңгендей жок болду.

Батыш өлкөлөрүнүн ооган өкмөтү талибдерге туруштук берет деген үмүтү аткарылган жок. Мунун себебин эл аралык жана жергиликтүү адистер ооган өкмөтүндөгү жемкорлук, армиянын деморализациясы, Ганинин башкаруу ыкмасы сыяктуу бир топ жагдайлар менен байланыштырып жатышат.

АКШ президенти Жо Байден да 16-августта, Кабул талибдердин көзөмөлүнө өткөндөн кийинки биринчи билдирүүсүндө ооган өкмөтүндөгү айрым маселелерди учкай атап өткөндөй болду.

"Мен июнь айында президент Гани жана төрага Абдулла менен Ак үйдө жолукканымда жана кайра июлда Ганиге телефон чалганымда биз ачык сүйлөшкөнбүз. Биз АКШнын армиясы чыгып кеткенден кийин Ооганстан жарандык согушта күрөшкө кантип даярданышы керектигин, өкмөт ооган эли үчүн иштеши үчүн кантип коррупциядан арылышы зарылдыгын талкуулаганбыз. Биз ооган лидерлеринин саясий биримдикке келиши тууралуу кенен сөз кылганбыз. Алар булардын бирин да кыла алган жок", - деген эле Байден.

Жемкорлук жана армиядагы алешемдиктер

Кошмо Штаттар 20 жыл ичинде Ооганстандагы согушка 2 триллион доллардай сарптаганы кабарланып келет. Америкалык басылмалардын маалыматына ылайык, анын 83 миллиарддан ашыгы ооган армиясынын курал-жарагына, аскердик техникасына жана машыгуусуна кеткен. НАТОнун алдыңкы аскердик адистери 300 миңдей ооган жоокерин машыктырып, жабдып чыккан.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Гильменд провинциясында, 3-август 2021-жыл.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Гильменд провинциясында, 3-август 2021-жыл.

Бирок, The New York Times жазгандай, ооган өкмөтүндөгү жемкорлуктан жана жетекчилердин шалаакы мамилесинен улам ооган армиясынын чыныгы абалы көз жаздымда кала берген. Ооганстандын куралдуу күчтөрү четинен ыдырап жатканы мындан бир топ ай мурда эле алыскы райондордо жоокерлер четинен талибдерге багынып, курал-жарагын таштап кете баштаганда анык көрүнгөн. Анда аскерлердин көбү абадан колдоо көрсөтүлбөгөнүн, тамак-ашы түгөнүп калганын айтышкан.

"Аскерлердин жана полиция кызматкерлеринин ооган жетекчилигине каршы кыжырдануусу тереңдеген. Көп учурда жетекчилер ооган аскерлеринин чыныгы саны кагазда жазылгандан кыйла аз экенин билгенине карабастан эмне болуп жатканын көрмөксөнгө салышкан. Кошмо Штаттар аскерлер чыга турганын жарыялагандан кийин "Талибан" жылыш жасай баштаганда коопсуздук күчтөрүнүн арасында "президент Ашраф Ганинин өкмөтү өлүмгө башты байлоого татыктуу эмес" деген ишенимди күчөткөн", - деп жазат The New York Times.

Америкалык дагы бир абройлуу басылма - The Washington Post - ооган өкмөтүнүн жер-жерлердеги өкүлдөрү талибдер менен өз ара кепке келип алганы бүтүндөй армиянын жеңилишине түрткү бергенин жазды. Басылма атын атагысы келбеген ооган офицерине жана америкалык расмий жетекчиге таянып билдиргендей, жергиликтүү ооган жетекчилери мындай макулдашууларды ок атышпоо келишими деп мүнөздөп койгону менен иш жүзүндө талибдер өкмөттүк күчтөргө курал-жарактарынын ордуна акча сунуш кылышкан. Кандагардагы 34 жаштагы полиция командиринин айтымында, талибдер алардын тарабына өткөндөргө 150 миң доллар убада кылган.

Басылманын маалыматы боюнча, ооган армиясындагы мындай деморализация былтыр февраль айында ошол кездеги АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы "Талибандын" өкүлдөрү менен Дохада келишимге кол койгондон кийин тутанган жана быйыл президент Жо Байден америкалык аскерлер 11-сентябрга чейин Ооганстандан чыгып кетерин жарыялагандан кийин ого бетер күчөгөн.

Кыргызстандык саясат тануучу, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев ооган армиясын жемкорлук аксатканын "Азаттыкка" маегинде айтты.

"Ал жерде "жел батальондор" болгон. Баланча батальон түзүлдү, баланча батальон каршы турат деп ошолорго акча, курал-жарак алып, ошолорду пайдаланышкан. Армиядагы коррупциянын коркунучтуу экенин ушундан баамдасаңар болот. Кулаганынын себеби да ушунда болду. Жетекчиликтин баары коррупциялашкан. Курал-жарактарды сатышкан. Сүрөттөн "Талибандын" курал-жарагын карасаңар. Бүт эле мылтыктарды, "Хаммерлерди" алган. Кийинки кездерде булардын карамагына дрондор да өтө баштаган", - деди Ооганстандагы кырдаалга көз салып келе жаткан эксперт Молдалиев.

Талаштуу башкаруу

Ооганстандагы жемкорлук узактан бери келе жатса да "Талибандын" жеңиши, ооган армиясынын жана өкмөтүнүн ыдырашы Ашраф Ганинин президенттик мөөнөтүнө туш келди.

15-августта миңдеген талиб жоочулары Кабулду курчап, шаардын эли дүрбөлөңгө түшүп, саясий лидерлер бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү маселесин сүйлөшүп жатканда министрлер президент Ганини таппай калышкан. Андан бир нече саат мурда ооган лидери жан-жөкөрлөрү менен бирге белгисиз тарапка учуп кеткен эле.

Ал өлкөдөн чыгып кетерин өз өкмөтүнүн башкы мүчөлөрүнө, анын ичинде коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмилла Хан Мохаммадиге да айткан эмес.

"Алар биздин колубузду артыбызга байлап, өлкөнү сатып кетишти", - деп жазды "Твиттерге" Мохаммади.

Кабулдагы талиб жоочусу, 16-август 2021-жыл.
Кабулдагы талиб жоочусу, 16-август 2021-жыл.

Кантсе да Ганинин өлкөдөн чыгып кетиши анын ызы-чуу, жаатташуу менен коштолгон жети жылдык башкаруусуна чекит койду. Адистердин айтымында, 72 жаштагы саясатчы чорт жана авторитардык мүнөздөгү башкаруусу менен бийликти тең салмактоочу оюнчуларды өзүнөн алыстатып, муну менен Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн жана өкмөттүн тездик менен ыдырашына салым кошту.

"Анын элди бөлүп жаруучу жана калкка жакпаган жетектөө ыкмасы согушту башкарууга жана пландоого таасирин тийгизди", - деп билдирди Кабулдагы көз карандысыз "Ооганстандык серепчилердин түйүнүнүн" изилдөөчүсү Али Адили.

Гани Ооганстандын коопсуздук мекемелеринин жетекчилерин бир топ жолу кызматтан алып, жаңы кишилерди алып келген. Ал провинцияларда, өзгөчө Ооганстандын түндүгүндө бийликти тең салмактап келген абдан маанилүү, таасирдүү мурдагы талаа командирлерин көз жаздымда калтырган.

"Соңку апталарда түндүктөгү провинцияларда "Талибанга" каршылык көрсөтүлбөй калышынын бир себеби - бул Ганинин башкы фигураларды обочодо калтырып, бийликтин жергиликтүү түзүмүн алсыратышы", - деди Лондондогу Chatham House аналитикалык борборунун изилдөөчүсү Хамид Хакими.

Ооган элинен оолак президент

Мурда финансы министри болуп иштеген Гани 2014-жылы президенттик шайлоону жеңип чыккандан кийин дүйнөгө таанымал болгон. Бул шайлоо көз боемочулук жана бурмалоолор тууралуу дооматтар менен коштолгон эле.

Пуштун улутундагы Гани Ооганстандын чыгышындагы Логар провинциясынан чыккан. Анда президенттик кызматка төп келе турга билим да, тажрыйба да бар эле. Гани Дүйнөлүк банкта, Бириккен Улуттар Уюмунда иштеп, керек болсо мамлекет катары калыптанбай калган өлкөлөрдү оңдоонун жолдору тууралуу китеп да жазган.

Ошентсе да ал көп атаандаштарынан айырмаланып, элдин калың катмарынынын колдоосуна ээ боло алган жок. Ал узак жыл АКШда жашагандыктан "карапайым оогандардын ой-санаасын билбейт" деген сынга кабылып келди.

Ашраф Гани өзү менен кошо Батышта билим алган жардамчыларын жана кеңешчилерин ала жүргөнү менен өлкө ичинде маанай жараткан оюнчуларды бооруна тарта алган жок.

"Ашраф Ганинин режими калың элдин өкүлү болбой калганына көп болду. Ал түгүл светтик, демократиялык жол менен кетүүнү каалаган оогандыктардын да колдоосуна ээ болбой калган. Ашраф Гани Ооганстандын алдыга жылышындагы негизги тоскоолдукка айланган", - деп билдирди интервьюларынын биринде Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов.

Кабулдагы президенттик сарай, 13-май 2021-жыл.
Кабулдагы президенттик сарай, 13-май 2021-жыл.

Мындан тышкары Гани 38 миллиондой калкы бар Ооганстанда коомдогу ички ажырымды тереңдетип "кайсы бир улутка жан тартты", "этностор арасындагы чыңалууну жаратты" деген айыптоолорго кабылган.

"Анын тайыз популизми өзүнө ашкере ишенүүнүн бир бөлүгү эле. Ал өзү башкарууну каалаган коом тууралуу академиялык жана антропологиялык түшүнүгү бар экенине ишенген", - деди Chatham House аналитикалык борборунун изилдөөчүсү Хамид Хакими.

Ооган өкмөтүндөгү мурдагы кеңешчи, Гани менен иштешкен Торек Фархади ооган президентин мунасага барбаган жана бийликтен баш тарткысы келбеген лидер катары мүнөздөдү.

"Анын саясий жүрүштөрү бийликти сактап калуу үчүн эсептелген. Бул процесстин алкагында ал салттуу лидерлер болобу же технократтар болобу, айтор, көптөгөн кызыкдар тараптарды алыстатты", - деди Фархади.

Майнабы жок сүйлөшүү

Гани 2014-жылы саясий атаандашы Абдулла Абдулла менен бийликти бөлүшү тууралуу келишимдин шарттарын сактоодон баш тарткан. Гани 2019-жылдагы шайлоону жеңип чыкканы жарыяланганы менен бул ирет да добуш берүү бурмалоолор менен коштолгону кабарланган. Шайлоого өтө аз добуш берүүчү катышкан. Чет мамлекеттер жана өлкө ичиндеги лидерлер аны "Талибан" менен сүйлөшүүгө артыкчылык берип, шайлоону токтото турууга чакырышкан. Бирок Гани андай кылган жок.

2018-жылы АКШ "Талибан" кыймылы менен түз сүйлөшүүлөрдү баштаган. 18 айдан кийин тараптар америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгып кетишине жол ачкан келишимге кол койгон.

Бул келишим Ганинин өкмөтүн обочодо калтырган. Ошентсе да бул документ ооган өкмөтүн 5 миң талиб жоочусун түрмөдөн бошотууга милдеттендирген. Гани алгач каршы болсо да бул шартка көнгөн. Бирок абактагы талибдерди бошотуу жараяны созулуп, тынчтык сүйлөшүүлөрү да бир нече айга кечеңдеген.

Акыры оогандардын өз ара ички сүйлөшүүлөрү 2020-жылдын сентябрь айында башталган. Айрым тараптар Ганини бийлигин кармап туруш үчүн "тынчтык сүйлөшүүлөрү кечеңдетти" деп айыпташкан. Ал өз билдирүүлөрүндө ооган элинин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын айтканы менен Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүн аягына чыгара алган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG