Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Ооганстандагы кыргыздар президентке кайрылды


Эминуллах Курманалы уулу.
Эминуллах Курманалы уулу.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда жашаган этникалык кыргыз Эминуллах Курманалы уулу үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүнүн амалын таппай убара. Ал буга чейин мамлекеттик кызматты аркалагандыктан, эми талибдердин аракетинен кооптонгонун айтат.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда жашаган этникалык кыргыз Эминуллах Курманалы уулу кайрылуу жасады. Ал Кабул талибдердин колуна өткөндөн кийин мамлекеттик кызматынан кол жууп, эми алардын бутасында каламбы деп кооптонуп турганын "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.

- Менин атым Эминуллах. Улутум кыргыз. Учурда Кабул шаарында үй-бүлөм менен жашайм. Кабулда бизге окшогон 5-6 кыргыз үй-бүлө бар. Гилменд вилайетинде эки, Мазари-Шарифте 2-3, Кундуз шаарында төрт, Фаязбадда төрт үй-бүлө калды. Калган кыргыздар Улуу Памирде жашайт.

- Учурда Кабулда абал кандай?

- Өзүңүздөр окуп, билип жатсаңыздар керек. Негизи эле Ооганстанда абал курч. Биз үйдү жаап, сыртка чыкпай отурабыз. Шаардын көчөлөрүндө ок атылып, башаламан болуп жатат. Эми калк такыр көчөгө чыкпай калды. Талибдер жүрөт. Дүкөндөрдүн бардыгы жабык. Коркуп отурабыз. Сыртка чыкмак түгүл, терезелерди ачпайбыз.

- Эгер дүкөндөр жабык болсо кантип жан багып жатасыздар?

- Менин беш кызым бар. Аялым менен жетөөбүз турабыз. Бул башаламандык башталардан мурун ун, күрүч, май, чай алып койдук эле. Эми айла жок үйдө нан жаап, тамак-ашты үнөмдөп жашаганга аракет кылып жатабыз. Айла жок. Мен буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп, ушул турган үйүмдү алгам. Эми бара-бара согуш чыгып кетсе мал-мүлк эмес, жаныбызды гана коргоп калууну көздөп калабыз го.

- Айрым ооганстандыктар учурдагы абалдан кооптонуп башка өлкөлөргө качуунун амалын издеп жатканын угуп жатабыз. Сиздер эмнени ойлоп жатасыздар?

- Абал кандай болуп кетери азыр белгисиз. Андыктан Кыргызстандын президентинен суранар элем. Мүмкүн болсо бизди Ооганстандан алып кетсин. Суранабыз. Ата мекенибизге жетсек дегенде эки көзүбүз төрт. Антпесе, бир ууч ооганстандык кыргыз жок болуп кетүүнүн алдында турабыз.

Талибдер башкарган жылдар кандай болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Кыргызстан этникалык кыргыздарды кабыл алат

Кыргызстан Ооганстандагы памирлик 1200 кыргызды кабыл ала алат. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетованын айтымында, ооган кыргыздары чек арага чейин өздөрү келиши керек.

Ооганстандагы элчи Мирослав Ниязов бул өлкөдө Кыргызстандын жыйырма чакты жараны бар экенин айтып, алар 21-августта учуп чыгарын билдирген. Учурда алардын бардыгы менен байланыш бар экенин кошумчалаган.

Ооганстандын Памир тоосун эзелтен байырлап жашаган миңдеген этникалык кыргыздар бар. Өткөн айдын этегинде аймактагы уруштан кооптонгон 300дөн ашык памирлик кыргыз мал-жанын айдап Тажикстанга кире качкан. Бирок расмий Дүйшөмбү аларды кайра артка кайтарган.

Ал эми соңку маалыматтарга ылайык талибдер ооган баш калаасы Кабул толугу менен көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. "Талибан" кыймылынын расмий өкүлү Мухаммед Наим "Аль-Жазира” телеканалы аркылуу Кабулдагы президенттик сарайдан "Ооганстанда согуш бүттү" деп жарыялады. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG