Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

"Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги эвакуация болгонго даяр"


Кабулдун көчөлөрүнүн биринде турган оогандык жоокер. 15-август, 2021-жыл.
Кабулдун көчөлөрүнүн биринде турган оогандык жоокер. 15-август, 2021-жыл.

Ооганстандагы абал саат сайын өзгөрүүдө. АКШ баштаган бир катар өлкөлөр ал жактагы элчиликтеринде иштеген дипломаттарын, жарандарын эвакуация кылып жатат. Кыргызстандык жарандардын, дипломаттардын абалы тууралуу Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов "Азаттыкка" маек курду.

-Мирослав мырза, АКШ баштаган бир катар өлкөлөр Ооганстандагы жарандарын, дипломатиялык кызматкерлерин эвакуация кылып жатат. Ооганстанда учурда канча кыргызстандык бар жана алар эмне болушту?

Мирослав Ниязов.
Мирослав Ниязов.

-Азыр 20 кыргыз жараны калды. Баарынын колунда билети бар. 21-августка чейин учуп кетиши керек. Өтө коркунучтуу жерде иштеген үч жаран элчиликтин имаратында жашап жатышат. Буга чейин кеткендерди узатып отуруп, азыр 20 адам калды. Элчилик дагы эвакуация болгонго даярданып жатат. Ошого жараша чара көрүп, план боюнча иш болуп жатат.

-Демек, кыргыз элчилиги зарыл деп эсептелсе эвакуация болуп кеткенге даяр турат?

- Кыргыз элчилиги гана эмес, башка элчиликтердин бүт баары чогуу чара көрөбүз деп, бири-бирине жардам берип жатат. Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын да элчиликтери даяр турушат.

-Кыргызстандык жарандардын 21-августка чейин чыгып кеткенге билеттери бар деп айтпадыңызбы. Бирок абал саат сайын өзгөрүп жатпайбы. Тез арада алып чыгыш керек болуп калса кандай чаралар көрүлөт?

-Казактардын чартердик учагы барат экен. Казакстан менен сүйлөшүлдү. Чоң коркунуч болсо казактардын чартердик рейси менен биздин балдар чыгып кетишет.

- Кабулдагы кыргыз элчилигинде бир айдоочу жана чарба кызматкери гана калганын айткансыз. Кыргыз жарандарын чыгарып кетүү үчүн Бишкектен бирөө-жарым барабы?

- Эртең бир офицер барат. Тапшырма берилген, керектүү аракеттердин баарын жасайт.

- Ооганстанда калган 20 кыргыз жараны кимдер?

-Ар кандай тармактарда иштеген жарандар. Көбүнчөсү тейлөө тармагында иштеген кыргыз келиндер. Алардын баарынын билеттери колунда. 21-августка чейин акырын-акырындан чыгып кетишет.

- Өткөн айда Ооганстандагы памирлик кыргыздар Тажикстанга качкан эле. Оогандык кыргыздардын учурдагы абалы тууралуу маалыматыңыз барбы?

-Алар жогору жакта өздөрүнчө турат. Аларга кол салган эч ким жок. Бизге кол салды деген маалымат келген жок. Буга чейин дагы бир дагы күч түзүмү кол салып, коркутуп-үркүтүү болгон эмес.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG