Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

Ооганстан: Кыргызстанга туулган коркунуч


"Талибан" кыймылы соңку 20 жылда биринчи жолу баш калаа Кабулга кирди.

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр. Ошондой эле расмий Бишкек 1200 качкынды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Кыргыз бийлиги Ооганстандагы чукул өзгөргөн кырдаалга кылдат жана астейдил көз салып жатканын маалымдады. Ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден бир суткадан соң жасалган расмий билдирүүдө Садыр Жапаров ал жактагы кырдаалды байкап турганы айтылат.

“Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды. Тышкы иштер министрлигине Ооганстандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана өз мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды”, - деп жазылган анда.


15-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кабулдагы элчилик адаттагыдай ишин улантып жатканын билдирген. Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов аталган өлкөдө 20 кыргызстандык бар экенин маалымдаган. Анын айтымында, эгерде коркунуч жаралса, кыргыз жарандары Казакстандын чартердик учагы менен чыгып кетишет. Алардын көпчүлүгү тейлөө тармагында иштеген кыргыз келиндер экени белгилүү болду.

Мирослав Ниязов.
Мирослав Ниязов.

“Ооганстандагы кырдаал боюнча элчиликтин пландары бар. Ал жактагы жарандардын колунда билеттери бар. Баары ошол билеттерге жараша чыгып кетип жатат. Кооптуу делген жерде иштеген үч кыргызстандык элчиликтин имаратында жашап жатат. Калганы да коопсуз аймакта күн кечирүүдө. Алар менен такай байланышта болуп жатабыз. Кооптонууга эч кандай негиз жок”.

Интернетте тарап жаткан тасмадан Ооганстандан чыгып кетүүгө аракет кылган жарандар Кабулдагы аэропорттун учуп-конуу тилкесине толуп, учактарга жармашып жатканын көрүүгө болот. Reuters агенттиги аэропорттун администрациясы жарандык рейстерди токтотуп, тургундарды учактарга түшүп кетүү аракетин токтотууну суранганын жазып чыкты. Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Ооганстандагы кырдаал качкындардын агымын пайда кыла турганын эскертти. Алардын бир бөлүгү Орто Азия өлкөлөрүн көздөй кача турганы айтылып жатат.

Ооган эли Кабулдагы Хамид Карзай аэропортунда учакка түшүүгө аракет кылууда
Ооган эли Кабулдагы Хамид Карзай аэропортунда учакка түшүүгө аракет кылууда

Ал арада Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр экенин жарыялады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандырган нерсе – ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз”, - деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ооганстандагы "Талибан" кыймылы жапкан университеттердин студенттерине, ооган жаштарына студенттик виза берүүнү сунуштаган.


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги азырынча Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргызстанга "качкын" макамын сурап кайрылгандар боло электигин билдирди. Мекеменин качкындар жана кайрылмандар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова качкындар Кыргызстанга да өтүп келиши мүмкүн деген божомол бар экенин четке какпайт. Анын айтымында, Кыргызстан Ооганстандан 1200 этникалык кыргыздарды кабыл ала алат.

“Ооганстандык жарандар башпаанек сурап акыркы жолу эки ай мурун кайрылышкан. Учурда Ооганстандын 73 жаранына "качкын" макамы берилген, дагы 67 жарандын башкалка тууралуу өтүнүчү каралууда. Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясына мүчө. Качкындар өлкөгө жапырт келе турган болсо, анда аларды каттоо токтоосуз түрдө жүргүзүлөт. Бул мыйзамда белгиленген. Министрлер кабинетинин төрагасынын жетекчилиги алдында тиешелүү иш-аракеттер жүрөт. Чатырдан лагерь уюштурулуп же бир объектиге жайгаштырылышы мүмкүн”.

Мамбетованын айтуусунда, башпаанек берүү өтүнүчү жарым жылга чейинки аралыкта каралат.

Ооганстан кошуналарга коркунуч жаратабы?

Ооганстан Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ичинен Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен түз чектешет. Ал эми Ооганстан менен Кыргызстандын ортосун Тажикстан бөлүп турат. Ошентсе да, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов акыркы кырдаал Кыргызстанга түз таасир этпесин айтып жатат.

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

“Кандайдыр бир экстремисттик күчтөр ушул кырдаалдан пайдаланып Баткендеги чек ара маселесин курчутабыз десе, анда биз ага жол бербегенге аракет кылабыз. Биздин укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү ушундай варианттарга да даярдыктарды көрүүдө. Мен өткөндө Баткенге барып келгем. Жоокерлердин маанайы жакшы. Кооптонууга негиз жок. Ооганстандагы кырдаал ошол өлкөгө гана тиешелүү. Болгону, качкындар боюнча маселе жаралышы мүмкүн. Алар деле Ооганстан менен чектеш өлкөлөргө келиши айтылып жатат. Бизге келе турган болсо даярдыктарды көрөбүз”.

Ооганстандын Вахан коридорундагы Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн кыргыздар байырлашат. 2003-жылы алардын саны 5 миңдей болсо, азыр 1,5-2 миңдин тегерегинде экени кабарланып келет. Алардын 345и “Талибан” активдеше баштаган июль айында мал-жаны менен Тажикстанга качып кирип, 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Андемин айылына кайтарылган эле.


Ооганстанда бийлигин бекемдей баштаган “Талибан” кыймылынын ишмердигине Орусия жана башка кошуна өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да тыюу салынган. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Кыргызстан талибдер менен анча жакын эмес, бирок биротоло кол үзбөгөн мамиледе болуш керек деп эсептейт.

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

“Талибан” кыймылы ондогон өлкөдө тыюу салынган. Азыркы учурда алар дагы ойлонуп жатышат. Бирок “Талибан” - бул Ооганстан. Алар өз өкмөтүн түзүп, бийликти толугу менен колго алды. Эртең эле Ооганстан Бишкектеги элчисин алмаштырат. Биз аларды кантип тааныбай кое алабыз? Анын үстүнө Ооганстандын аймагында этникалык кыргыздар жашайт. Биз өзүбүздүн кызыкчылыкты көздөп иш алып барышыбыз керек. Башка айла жок. Дүйнөлүк дипломатия ушундай”.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев “Талибандын” бийликке келиши Орто Азияга терс таасирин тийгизет деген пикирди карманып турат. Анын баамында, Кыргызстанда да “Талибан” кыймылынын диний көз карашын кубаттаган топтор жок эмес. Бул сөзүн эксперт Сирияга кеткен 700гө жакын кыргызстандыктардын мисалы менен бекемдеп жатат. Орозбек Молдалиев “Талибандын” идеологиялык коркунучу боюнча төмөндөгүдөй пикирин ортого салды:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

“Кыргызстанга куралдуу кол салганга “Талибандын” колу бош эмес. Экинчиден Борбор Азияны ооган ислам эмирлигине кошобуз деген максаты деле жок. Андыктан кол салып жиберет деген кооптонуу жок. Бирок “Өзбекстан ислам кыймылынын” күчү кетип калганы менен, алардын адамдары бар. Тажикстандык “талибдер” бар. Алар азыркы расмий бийликти кулаткысы келишет. Мындан тышкары алардын саясатын колдогон күчтөр Кыргызстанда да жок эмес. Алар демократия, Конституциядан баш тартып халифат кургусу келишет. “Талибандын” жеңиши аларды жандантып койду. Ошон үчүн мамлекет диний саясатты бекемдеп, ушул жаатта иш алып барыш керек. 2014-жылы атайын план кабыл алынган. 2016-жылы токтоп калган. Эми ошону жакшылап улантыш керек”.

АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тарта чыгарып кете баштаган. Талибдердин аракети ошондон тартып күчөп, анын аягы Кабулду алуу менен аяктады. Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны 11-сентябрда аяктай турганы айтылган. Бирок кырдаалга байланыштуу ушул айда Ооганстандан толук чыгарылганы жатат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG