Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

"Талибдер ички көйгөйлөрү менен гана алек болот"


Ооганстан. Кабул.

Коопсуздук боюнча эксперт Мурат Бейшенов “Азаттыкка” курган маегинде Ооганстандагы кырдаалга өзүнүн баасын берип, чөлкөм үчүн коркунуч жарата турган жагдайларды атады.

Ооганстанда өкмөт менен “Талибан” кыймылынын ортосундагы тиреш башкалаанын алынышы менен жыйынтыкталды. Кабул согушсуз эле талибдердин көзөмөлүнө өтүп, президент Ашраф Гани жана бир катар аткаминерлер өлкөдөн чыгып кетишти. Ооганстандагы кырдаал дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда тынчсыздануу жаратууда.

- "Талибан" кыймылы Кабулга киргени кечээ кечинде белгилүү болду. Эксперттер мунун кандай кесепети болушу мүмкүн деп талкуулап жатат. Тагыраагы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери бул маселеге кооптонуу менен карашууда. Өткөн аптанын соңунда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы "Талибан" менен байланышкан кыймылдар Борбор Азия өлкөлөрүнө кирип кетиши мүмкүн экенин айткан эле. Бирок талибдер Борбор Азия өлкөлөрүнө түздөн-түз коркунуч келтирбейт деген да пикирлер бар. Региондогу өлкөлөргө Ооганстан тараптан канчалык коркунуч жаралат?

- Дүйнөнүн өзүндө тынчтык болобу? Стабилдүүлүк болобу же туруксуз абалбы? Албетте, жок. Ооганстан геосаясий кызыкчылыктардын чордонунда турат. Ооганстандагы кырдаал эмне менен байланышкан? Ал жакта эмне болуп жатат? Бул талибдер, пуштундар, ич ара келишпестиктер. Чек арасы Иран, Пакистан, Индия менен чектешет, кызыкчылыгы бар Кытай, Түркия, АКШ жана Орусия турат. Мунун баары, албетте, бомба. Бул "атом бомбасы" сыяктуу жарылып кетпейт, акырындык менен өз-өзүнчө жарылат. Кайсы тарабы биринчи жарылары белгисиз.

Азыр кырдаал бардык өлкөлөрдүн көңүл борборунда турат. Менимче, бардык өлкөлөр кандай болуп кетет деп өздөрүнүн божомолдорун жасап жатат. Мүмкүнчүлүгү барлар - күчтүү оюнчулар. Мен аларды "гроссмейстер" деп атайм. 20 күн мурун алар талибдердин руханий өкүлдөрүн кабыл алышкан. Албетте, бул - нонсенс, "Талибанга" Орусияда тыюу салынган. Америкалыктар дагы өздөрү "шах" деп туруп, көйгөйдү ошол тейде калтырып, Орусия, Кытай жана башкалар чечип алсын кылып, мунусун "Фрезиянын чегинүүсү" деп атап жатат. Бул жерде чоң оюн жүрүүдө.

Коопсуздук боюнча эксперт Мурат Бейшенов.
Коопсуздук боюнча эксперт Мурат Бейшенов.

-Демек, Кыргызстанга түздөн-түз коркунучу жок?

-Кыргызстан үчүн коркунучу жок. Качкындар болушу мүмкүн. Бирок алар массалык түрдө Кыргызстанга качып келет деп айта албайм. Анткени, географиялык абал качкындардын массалык агылышына тоскоолдук кылат.

Ооганстандагы кырдаалды талкуулаган Бириккен Улуттар Уюмунун жыйыны өтүшү мүмкүн. Албетте, Ооганстандагы кырдаал кооптуу. Талибдер мамлекетти башкарып кетет деп ойлобойм. Аларда мындай тажрыйба жок. Гани америкалыктардын жардамы менен башкарды, кытайлар көмөк көрсөттү. Ал эми азыр талибдер кимге таянат?

Бул жылы кургакчылык жана пандемиянын соккусу оор болду, алар кантип башкарат? Алар эч кандай өткөөл өкмөт болбойт, бирок кандай болгон күндө да кандайдыр бир убактылуу өкмөт түзүлөт деп жатышат. Оппозиция ар дайым бийликти сынга алганда баалардын кымбатташын, баары оор болуп жатканын айтат эмеспи. Бирок бийликке келгенде, мунун баары өздөрүнүн моюнуна жүк болот. Алар мунун баарын кантип чечет? Аларда 34 провинциянын 20сы жакырчылыкка баткан. Мындан ары кандай болот? Алар эми Кытайга, Пакистанга кайрылат.

- Алгач мыйзамдашуусу керек экен да?

- Мисалы, орусиялыктар, бул уюмга тыюу салган. Эми аны таануу керекпи? Бул мыйзамдык казустар. Аларды ким тааныйт? Укуктук жактан алганда мыйзамдаштыруу абдан көйгөй жаратат. Эгер мамлекет таанылбаса, анда бул аймак “күйүп турган” жер болуп тура берет. Мындан ары кырдаал кандай болору өкмөткө кимдер келеринен көз каранды. Азыр Конституцияны, программаны кабыл алуу маанилүү, андан кийин БУУга аларды таануу үчүн кайрылуу керек. Бул жерде жол жок, аларды тааныбайт. Бул абдан чоң карама-каршылык.

- Бир катар эксперттер “Талибан” аймакка түз коркунуч тийгизбейт, бирок идеянын жайылып кетүү коркунучу бар деп жатышат. Талибдер азыр аймактагы радикалдар үчүн үлгү болуп жатат. Радикалдык уюмдардын “уктап жаткан түйүндөрү” активдешет деген коркунучтар дагы айтылууда?

- Азыр алардын өздөрүнүн ички көйгөйү бар. Мен 34 провинциянын 20сында жакырчылык курч экенин айттым. Эми ага качкындар дагы кошулат. Азыр эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылышат, алар үчүн башкалардын таанышы абдан маанилүү. Мен өздөрүнүн идеясын жайылтат деп ойлобойм, азыр алардын кыргыздар менен иши да жок. Балким, Тажикстан менен Ооганстандын чек арасында көйгөй жаралышы ыктымал. Андыктан ал жакта Тажикстан, Өзбекстан жана Орусия аскердик машыгуу өткөрдү. Бул жерде эмне үчүн бизди чакырбаганы дагы кызык.

- Эгер маегибизди жыйынтыктай турган болсок, "Талибандан" түз коркунуч жок, анткени алар ички көйгөйлөр менен алек болот экен. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү бардык кырдаалга даяр болушу керек экен да?

- Албетте. Тажикстан чек арасын бекемдеп, ал жакка күч түзүмдөрүн тартты. Канттагы авиабаза күжүрмөн даярдыкта турат. Согуш болбойт, ошол эле кезде социалдык көйгөйлөр жаралат. Качкындардан улам Тажикстан менен Пакистанга күч келери түшүнүктүү. Алар качкындарды кабыл алуудан баш тартышпайт. БУУнун санкциялары бар. Кайсы гана өлкө болбосун жардам берип, киргизүү керек. Кыргызстан дагы эл аралык коомчулуктун мүчөсү жана бардык иштерге катышат. Бул жалпы аймактын маселеси, дүйнөлүк көйгөй.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG