Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:02

"Талибандын" убадасы, Борбор Азиядагы камтамачылык


Кабул шаарындагы талиб жоочулары, 16-август 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы бардык оогандыктар үчүн мунапыс жарыялады. Кабул аэропортунда талибдерден качкан ооган жарандарын жана чет өлкөлүк дипломаттарды эвакуациялоо аракети кайра жанданды. Борбор Азия мамлекеттери ооган качкындарын кабыл алуу маселесин расмий түрдө чече элек.

Ооган өкмөтү кулап, талибдер Кабулду ээлегенден бери дээрлик эки күн өттү. 17-августта ооган баш калаасы салыштырмалуу тынч болду. Ошентсе да тургундардын, өзгөчө аялдардын арасында камтамачылык көп.

"Биринчиден, өз өмүрүм үчүн кооптонуп турам. Бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн. Эл талибдер ким экенин, Ооганстанда эмне болуп жатканын билет. Эми аялдар иштей алабы? Саясий-экономикалык, коомдук турмушка аралаша алабы? Билим алууга укугу болобу? Мени ушунун баары кооптонтуп жатат", - деп билдирди Кабулдагы ооганстандык депутат айым Фарзана Кочай.

16-августта жети кишинин өлүмүнө себепчи болгон Кабул аэропорттундагы башаламандыктан кийин аба майданда абал оңоло баштады. Миңдеген адамдар учуп конуу тилкесине топтолуп алгандыктан америкалык күчтөр аэропортту жабууга аргасыз болгон эле.

Reuters агенттиги кабарлагандай, бир күн мурда чогулган адамдардын көбү үйлөрүнө кайтышты. 17-августта эртелей эвакуация кайра жанданды.

Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарынын көбүн чыгарып кетип жатса, Кытай, Пакистан жана Орусия элчиликтерин дээрлик эвакуациялаган жок.

"Аэропорттогу кырдаал турукташып баратат. Ал жакта америкалык жана британ күчтөрүнүн саны көбөйтүлдү. Биздин кошумча 600 аскерибиз бар. Бул оогандыктар үчүн эле эмес, биздин эвакуация аракетибиз үчүн да абдан маанилүү", - деп билдирди британ тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Кабул аэропортунда топтолгон ооган жарандары, 17-август 2021-жыл.
Кабул аэропортунда топтолгон ооган жарандары, 17-август 2021-жыл.

Талибандын мунапысы, Байдендин билдирүүсү

15-августта президент Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткенден көп өтпөй "Талибан" кыймылы Кабулду ээлеген. Шейшембиде талибдер оогандыктарга жалпы мунапыс жарыялап, өкмөттүк кызматкерлерди ишке кайтууга үндөдү жана аялдарды өкмөттүн курамына кирүүгө үндөдү. Бирок талибдер башында турган өкмөт качан түзүлөрү белгисиз.

"Азырынча өкмөттүн түзүмү так эмес. Бирок тажрыйбага таянсак, толугу менен исламчыл жетекчилик түзүлөт жана бардык тараптар кошула алат", - деп билдирди Ооганстандын мамлекеттик телеканалында сүйлөгөн "Талибан" администрациясынын мүчөсү Энамулла Самангани.

Мындан тышкары талибдер Ооганстандагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугу сакталат деп убада берип жатат.

Ошентсе да Батыш өлкөлөрүндө талибдердин бийликке кайтышы менен Ооганстан кайрадан террорчулардын чордонуна айланбайбы деген суроо талкууланып жатат. Ооган жергесиндеги кырдаалга байланыштуу АКШнын өзүндө да президент Жо Байдендин дарегине сын күчөдү.

Байден 16-августта Ооганстандагы окуялар күтүлгөндөн тез өнүккөнүн айтып, америкалык аскерлерди бул өлкөдөн чыгарып кетүү чечимин коргоду.

"Эгер Ооганстан "Талибанга" азыр чыныгы каршылык көрсөтө албаса, анда бир жылдан кийинби, беш жылдан кийинби же 20 жылдан кийинби, АКШнын армиясынын ал жерде болушу эч кандай өзгөрүү жасамак эмес", - деди АКШ президенти.

Байден АКШ Ооганстанга миллиарддаган доллар салганын, ооган өкмөтүнө бардык инструменттер сунушталганын, бирок ооган саясий элитасы бириге албаганын да белгиледи. Ошондой эле Вашингтон ооган элине жардам берүүнү, адам укуктарына көңүл бурууну уланта турганын айтты.

Сүйлөшүүлөр уланууда

Учурда Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча бир нече өлкөлөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Пакистандын, Орусиянын, Британиянын, Евробиримдиктин, Түркиянын жана НАТОнун өкүлдөрү менен өз-өзүнчө сүйлөштү.

Кабул аэропортундагы француз аскерлери, 17-август 2021-жыл.
Кабул аэропортундагы француз аскерлери, 17-август 2021-жыл.

Пакистан Ооганстандагы кырдаалдан чыгуу үчүн "инклюзивдүү саясий мунаса" керек экенин билдирди. Москва кабарлагандай, Орусия менен АКШнын башкы дипломаттары оогандардын өз ара диалогун баштоо үчүн курамына Кытай, Пакистан, Бириккен Улуттар Уюму жана башка кызыккан тараптар кирген консультацияларды улантууну макулдашты.

Шейшемби күнү Орусиянын Кабулдагы элчиси талибдердин өкүлү менен жолуга турганы кабарланган. 16-августта Кытай бийлиги да оогандык талибдер менен байланышта экенин билдирген.

"Ооган талибдери Кытай менен жакшы мамилени өнүктүрүүгө үмүттөнөрүн, Кытайдын Ооганстанды кайра куруу жана аны өнүктүрүү жараянына катышуусун күтөрүн, бир дагы күчкө ооган аймагын Кытайга коркунуч жарата турган иштерди кылууга эч качан уруксат бербей турганын бир нече жолу билдирген. Биз муну кубаттайбыз", - деп билдирген Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин.

17-августта Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери жана НАТОдогу элчилер Ооганстандагы кырдаалды Брюсселдеги чукул жыйында талкуулаганы жатат.

Аскердик авиацияны айдай качкан аскерлер

Ооганстандагы өкмөттүк аскерлер "Талибандын" өч алуусунан качып, Өзбекстан жана Тажикстанга аскердик авиация менен чек араны кесип өткөн учурлар катталууда. Өзбекстан оогандын 46 учагы жана тик учактар Термезге кондурулганын билдирди. Тажикстан дагы аскер учактарын айдай качып келген аскер качкындары бар экенин ырастады. Бирок Борбор Азия мамлекеттери ооган качкындарын кабыл алуу маселесин расмий чече элек.

Өзбек бийлиги Кабул өкмөтү кулаганда Ооганстандан аскердик 22 учак жана 24 тик учак чек араны кесип өткөнүн билдирген. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы оогандык авиация Термездеги аэропортко күч менен кондурулганын айтты.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Термезге кондурулуп, кармалган авиация заманбап үлгүдөгү жаңы аскердик учактар жана тик учактар экенин баса белгиледи.

Алардын бортунда жалпысынан 585 ооган аскери Өзбекстанга келген. Ошондой эле бир ооган аскер учагы чек арадан учуп өтүүдө өзбек истребители менен кагышып, кулап түшүп, учкучтар аман калганы айтылды.

Бирок буга чейин Өзбекстандын коргоо министрлиги ооган аскер аба күчтөрүнө таандык учак атып түшүрүлгөнүн жарыялаган эле. Өзбекстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн бул аракеттери тууралуу видео тасма интернетке тарады.

Мындан башка Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында 158 ооган жараны чек араны жөө кесип өтүп келгени белгиленген. Бирок анда кармалган авиация жана качып келген оогандыктар азыр каякта турганы, алардын тагдыры эми эмне болору айтылган эмес.

Тажик бийлиги 143 ооганды салган үч учак жана эки тик учак чек араны кесип өтүп, Хатлон облусундагы Бохтар аэродромуна конгонун ырастады. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги ооган аскер качкындарын алып келген авиация кайра артына учуп кеткенин айтты.

Ал эми Ооганстандын Tolo TV телеканалы 15-августка караган түнү Өзбекстанга 45, Тажикстанга 18 авиакаттам чыкканын кабарлады. Бирок телеканал маалыматтын булагын көрсөткөн эмес.

Борбор Азиянын жамааттык коопсуздук тутуму

Бул жагдайда Борбор Азия өкмөттөрү кырдаалды ар кимиси өз алдынча баалап, качкындар маселесине баш катыруууда. Казакстандык эксперт Досым Сатпаев Борбор Азия чөлкөмүнүн өзүнүн жамааттык коопсуздук тутумун түзүүнү сунуштады:

"Биз өзүбүз жамааттык коопсуздукту чыңдоо үчүн Борбордук Азиянын аскердик альянсын түзүшүбүз зарыл. Бул нерсе бизге эртеби-кечпи Ооганстан тараптан же башка бир радикалдык күчтөрдүн кол салуусунан коргонууда өз ара ыкчам колдоо көрсөтүүнү уюштуруу көз карашынан алганда, абдан керек. Ооганстан менен Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын жалпы чек арасы бар. Анан биз Кыргызстан менен чогуу аракеттенсек болот. Бул маселеде бардык Борбор Азия өлкөлөрү биригиш кажет".

Расмий Ташкент Ооганстандагы талибдерден качып, ооп келчү ооган качкындарын кабыл албай турганын, анын ордуна Ооганстандын аймагында коопсуз жайларды ачууну сунуштады. Тажик бийлиги болсо ооган качкындарынын маселеси боюнча расмий үн ката элек.

Иршод Сулаймони, тажикстандык аналитик.
Иршод Сулаймони, тажикстандык аналитик.

"Кошуна өлкөдөгү мындай кырдаалда Тажикстандын бийлиги ооган качкындарын кабыл алуу боюнча демилге көтөрүп, расмий түрдө билдирүү жасашы керек. Анткени мындан отуз жыл мурун Ооганстан өзүндө согуш жүрүп жатса дагы Тажикстандан качкындарды кабыл алып, башпаанек берген. Мындан сырткары Тажикстан менен Ооганстан жөн эле кошуналар эмес. Алардын жалпы маданияты, тили, салт-санаасы жана ошондой эле жалпы жайгашкан геосаясий кызыкчылыгы бирдей",- дейт тажик серепчиси.

Борбор Азия өкмөттөрү качкындар боюнча гуманитардык кризис чыкса, кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз. Кыргыз жетекчилиги да кырдаалды байкап турганын президенттин басма сөз кызматы кабарлаган. Борбор Азиядагы өкмөттөр да кол койгон БУУнун конвенциясына ылайык, ага мүчө мамлекеттер качкындарды кабыл алууга тийиш.

“Азырынча Ооганстандагы талибдерден качып келген качкындар жок. Бирок келиши мүмкүн. Ошондой божомолдор бар. Буга чейин 67 ооган башпаанек сурап кайрылган. Ал эми 73 адам качкын макамын алган. Эгерде ал жактан жапырт качкындар чыга турган болсо, анда мыйзамда белгиленгендей, аларды токтоосуз түрдө каттоо жүрөт. Атайын лагерлер уюштурулушу мүмкүн. Буга бир канча тиешелүү мамлекеттик органдар тартылат”,- деди Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин качкындар жана кайрылмандар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова.

Оогандагы этникалык маселе

Азыр эми Талибан менен Борбор Азия өкмөттөрүнүн, алардын арасынан айрыкча Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси кандай болору туңгуюк. Ошол эле кезде чөлкөмдөгү бул өкмөттөрдүн бардыгы Кабулдагы элчиликтерин жаап, дипломаттарын чыгарып кетүүгө шашкан жок.

Буга Орусия менен Кытайдын Талибанга карата сөз табууга аракет жасаган көмүскө дипломатиялык мамилеси да таасир этип жаткандай.

Бирок дипломаттардын айтымында, мындай шартта Ташкент менен Дүйшөмбү үчүн "Талибан" менен мамилени тактай турган бир чечүүчү жагдай бар. Бул Талибандын "Түндүк альянстын" өзбек жана тажик тектүү лидерлерине карата мамилеси. Себеби "Талибан" кыймылына каршы күчтөрдүн башындагы “Түндүк Альянстын” лидерлери каршылыкка туруштук бере албай, Ооганстандан качканы кабарланган.

Чиеленген карама-каршылык

Балх провинциясынын губернатору, тажик диаспорасынын лидери Атта Мухаммад Нур менен өзбек тектүү маршал Абдул Рашид Дустум тарапташтары менен Борбор Азияга чегингени айтылган.

Ооганстандын Балх провинциясынын губернатору, тажик диаспорасынын башчысы Ата Мухаммад Нур.
Ооганстандын Балх провинциясынын губернатору, тажик диаспорасынын башчысы Ата Мухаммад Нур.

Атта Мухаммад Нур "Твиттерге" өкмөттүк күчтөр Мазари-Шарифти талибдерге согушсуз өткөргөнүн жазып, аларды кармап берүү үчүн кутум уюштурулганын айткан:

"Кутумчулуктун жыйынтыгында бардык өкмөттүк күчтөр менен объектилер талибдерге өткөрүлүп берилди. Бул кутумдун кулачы аябай терең жана чоң болду. Анткени алар бизди - маршал Абдул Рашид Дустум экөөбүздү алдап, колго түшүрүүнү каалашты. Бирок анысы оңунан чыкпай калды",- деп жазган "Твиттер" баракчасына.

Ооганстанда буга чейин көптөн бери "Талибанга" каршы болуп келген “Түндүк Альянстын” лидерлеринин мындай билдирүүсү андагы өзбек жана тажик диаспорасына кандай таасир этиши мүмкүн экени белгисиз.

Ошондой эле салттуу түрдө Мазари-Шарифтеги лидерлер Атта менен Дустум баш болгон "Түндүк альянсты" сырттан ачык жана тымызын колдоп келген Ташкент менен Дүйшөмбү эми арасында тажик жана өзбек диний радикалдары бар "Талибанды" тааныйбы деген маселе ачык турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG