Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Ооганстанда Гани менен Абдулла бийликти бөлүштүрүүнү макулдашты


Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани Кабулда. 29-февраль, 2020-жыл.
Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани Кабулда. 29-февраль, 2020-жыл.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен анын саясий атаандашы, мурунку башкы аткаруучу Абдулла Абдулла саясий бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Ооган президентинин басма сөз катчысы Седик Седикки «Твиттер» баракчасына 17-майда Кабулда макулдашууга кол коюп жаткан эки саясатчынын сүрөтүн жарыялады.

Седикки жазгандай, Абдулла Улуттук элдешүүнүн жогорку кеңешин жетектейт. Анын командасынын мүчөлөрү өкмөттүн курамына кирет.

Ооганстанда бийликти бөлүштүрүү былтыркы президенттик шайлоого чейин кандай болсо кайра ошол калыбына келди.

«Талибан» кыймылы менен ооган өкмөтүнүн ортосунда сүйлөшүү кайра жанданса, ага катышчу өкмөттүк делегацияны Абдулла жетектейт.

Бириккен Улуттар Уюму жана Кошмо Штаттар эки саясатчынын макулдашууга жетишкенин колдой турганын билдиришти.

Былтыр сентябрда өткөн президенттик шайлоодо эки башка талапкер тең өздөрүн «жеңүүчү» деп жарыялап, март айында ант берүү аземин өткөрүшкөн.

Ооганстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жарышта бир канча добуш менен бийликтеги президент Гани жеңгенин жарыялаган. Абдулла болсо шайлоонун жыйынтыгы «бурмаланганын» айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG