Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Дохада АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгаруу келишимине кол коюлду


Келишимге кол коюу.
Келишимге кол коюу.

Кошмо Штаттары жана “Талибан” кыймылы Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу, өлкөдө тынчтыкты орнотууну баштоо боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Катардын борбор калаасы Дохада өткөн кол коюу жөрөлгөсүнө Ооганстандын президенти Ашраф Гани, АКШнын коргоо министри Марк Эспер, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг катышты.

Бул документ 2018-жылдын октябрь айынан бери уланган Кошмо Штаттары жана талибдердин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде макулдашылды. Ага ылайык АКШ жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аскерлери талибдер өз милдеттенмелерин аткарган шартта Ооганстандан 14 айдын ичинде чыгып кетиши керек. Азыркы тапта Ооганстанда 13 миңдей америкалык аскер бар. Келишимге кол коюлгандан кийин 135 күндүн ичинде алардын саны 8600гө кыскарат деп күтүлүүдө.

Ооганстандын президенти сөз сүйлөп, бул келишимди АКШ жана “Талибан” кыймылы так сактарына үмүт артып жатканын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео талибдерди өз убадаларын аткарууга, “Ал-Каида”, “Ислам мамлекети” сыяктуу террордук топтор менен мамилесин үзүүгө чакырды.

Талибдердин лидери Абдул Гани Барадар келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарышарын, Ооганстандын өнүгүүсүн камсыз кылып, өлкөдө шарияттын нормаларын сактоого убада берди.

Келишимге 2019-жылдын октябрь айында кол коюшары күтүлгөн. Бирок, Кабулдагы теракттан америкалык аскер каза тапкандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тарткан. Сүйлөшүүлөр бир нече айдан кийин кайра башталган. 10 миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган согуш 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк менен Вашингтондогу “Ал-Каиданын” кол салууларынан кийин башталган (BCh).

XS
SM
MD
LG