Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:48

"Азыркы "Талибан" 20 жыл мурдагыдай эмес"


Мухаммад Исмаил Кайымогли (ортодо), Бишкек шаары, архивдик сүрөт

Ооганстандагы Фарьяб университетинин саясат таануу жана укук факультетинин деканы Мухаммад Исмаил Кайымогли өлкөдөгү кырдаал, элдин эртеңки үмүтү тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Мухаммад мырза, акыркы күндөрү Ооганстан дүйнөнүн көңүл чордонунда болуп жатат, сиз азыр кайсы жактасыз, ал жактагы абал кандай?

- Мен азыр Ооганстандын түндүгүндөгү Фарьяб провинциясында турам. Ооганстандын бардык аймагы “Талибандардын” колуна өттү. Азыр бийлик кандай түзүлүшү керек, өлкө кандай аталышы керек деген сөздөр болуп жатат. Азырынча чоң өзгөрүү боло элек, бардыгы такталып жатат, калк тынч, өз шаарында, үйүндө.

- Бирок, тынчсыздангандар көп болуп жатпайбы, Кабулдан чыгып кеткенге аракет кылгандар дагы көп болууда. Элдин маанайы кандай?

- Элдин маанайы жаман эмес. Кабулдун аймагында жашаган калк өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатат. Америкалыктар алардын элчилигинде котормочу болуп иштеп, жардам берген оогандыктарды чыгарып кетти. Карапайым калк 20 жыл мурда “Талибандардан” жаман тажрыйба болгону үчүн азыр дагы “басып кирсе ошол кездегидей иштер болот” деп коркуп, аэропортко барышты. Аба майданда америкалыктардын учактарына жармашып алып, асмандан түшүп калгандар болду. Ага бардыгыбыз капабыз. Фарьябда, Шиберген, Мазари-Шариф, Гератта талибдер элге “коркунуч жок” деп айтып жатат. Мен Фарьяб облусундагы университетте саясат таануу жана укук факультетинин деканымын. Ал жерде талибдер бизге чогулуш кылып, “университеттерде, өкмөттүк мекемелерде иштегендерге тийбейбиз” дешти.

- Азыр сиз жашап жаткан Фарьяб провинциясы “Талибандын” колунда. Аялдарга, кийимге, сакал өстүрүү жана башка нерселерге карата катаал талап, чектөөлөр болуп жатабы?

- Азыр мектептер, университеттер иштей элек. Бирок бүгүн эртең менен талибдер мектептер ачылсын дешти. 1-класстан 4-класска чейин эркек балдар менен кыздарга сабак берсе болот. 4-класстан 12-класска чейинки кыздар мектепке хижаб кийип барышы керек. Аял мугалимдер кыздарга, эркек мугалимдер эркек балдарга сабак берсин дешти. Түшкө чейин кыздар, түштөн кийин эркектер окусун деп жатышат. Ошентип, алардын окуй турган убактысын дагы бөлүп койдук.

- Аялдарга паранжа кийгиле деген чектөө болгон жокпу?

- Жок, андай болгон жок. Аялдар деле көчөгө чыгып жатышат, бирок мурдагыдай эмес. Азыр хижабы жок бир дагы аял тышка чыккан жок. Университетке аял мугалимдер, студент кыздар дагы келе элек.

"Кыргызстан жакшы өлкө, кыргыз болуп жашаш керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:18 0:00
Түз линк

- Ооганстанда борбордук бийликтин кулап калышына эмне себеп болду? Ашраф Гани башында турган бийлик "аягына чейин күрөшөбүз, бизде күч бар, бийликти талибдерге бербейбиз" деп келишкен эле. Саясат таануучу катары пикириңиз кандай?

- Акыркы жыйырма жыл боюнча Карзайдын жана Ганинин учурунда Ооганстанда Америка баш болгон коалиция болду. Коррупция күч алды, калк менен өкмөттүн ортосунда түшүнбөстүк, карама-каршылык курчуп, байланыш жок болуп калды. Өзбек, тажик, пуштун, хазар улуттарынын арасында дагы карама-каршылык күч алды. 2 жыл мурда болгон шайлоонун жыйынтыгында элдин добушу эске алынбай Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани ич ара макулдашып, ал президент болуп отурду. Ганинин бийлигине эл арасындагы нааразычылык күчөп отуруп үмүтү өчтү деген пикир бар. Анын качышына бир катар себептер болду. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүн чет жактарга өткөрдү, АКШда жашап окуган. Ооган эли ага “каапыр” деп ат да коюп алган. Андан сырткары диний маалыматтан кабары жок, Ооганстандын тарыхын билбейт, маданиятына, динине сый-урматы жок деп эл аны кабыл албай жүргөн. Ганиде элге жооп берейин, алардын ыраазычылыгын алайын деген түшүнүк жок болчу. Эгер талибдер аны кармап алса, өлтүрүп коёрун түшүнүп, коркконунан качып кетти.

- Ушул өзгөрүүлөрдү сиз кандай кабыл алып жатасыз? Ооганстанда укук үстөмдүк кылчу мамлекетти куруу жокко чыкты. “Талибандын” өкүлдөрү эскини жактайт деген чочулоо көп болуп жатпайбы.

- Азыркы талибдер мурдагыдай эмес. Алар өздөрү дагы “биз эски эмеспиз, мурда каталарыбыз көп болгон” деп жатышат. Азыркылардын мурдагылардан айырмасы телевизорго, радиого тийишпейт. Аялдар окусун, мектеп болсун, университеттер болсун деген көз карашта. Азыр иштеп жаткан мыйзамды жокко чыгарбайбыз, бул ооган калкынын байлыгы, биз аны коргойбуз деген сөздөрү бар. Алардын айткандарына ооган эли дагы үмүттөнүп жатат. Азыр бийлик курууга аракети жүрүүдө. Саясий түзүлүшү, өлкөнүн аталышы кандай болуш керек деген кептер болуп жатат. Ооган калкы бизде демократия болсун, же Американын мыйзамдары иштесин деген жок. Ар бир оогандык согуш болбосун, балдарыбыз өлбөсүн, кан төгүлбөсүн деп жатышат. Алар үчүн курсагы тоюп, дасторкондо нан болгону маанилүү.

- Сиз “Талибан” берген убадага ишенесизби?

- Мен алар менен 2-3 күн мурда университетте жолуктум. Алар мурдагы бийликтин тушунда иштеген мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан албайбыы дешти. Ошондуктан мен аларга ишенип жатам, университеттеги ишимден алынбайм деп үмүттөнөм. “Талибан” мындан 20 жыл мурда бийликке келгенде саясат таануу факультеттерин жапкан. Азыр андай нерсе жок, тескерисинче бизге саясат таануу илими дагы керек деп жаташат.

- Борбор Азия мамлекеттери “Талибан” аймакка кандай таасир берет деп чочулап жатат. 1999-2000-жылдары радикал динчилдер Кыргызстандын чек араларына чейин келген эле. Тынчсызданууга негиз барбы?

- Борбор Азияга таасири тууралуу азырынча айтуу туура болбойт го. Талибандын бийлиги бир аптадан кийин же саналуу күндөрдөн кийин орнойт. Ал бийликтин түзүлүшүнө Азия мамлекеттери салым кошсо, аларга таасири көп болбойт деп ойлойм. Эгер АКШ сыяктуу элчиликтерин чыгарып кетишсе, анда кандайдыр бир терс таасири болушу мүмкүн.

- Сиз экөөбүз кыргызча маектештик, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Мен Кыргызстанда 12 жыл жашап, окудум. Ооганстанга көчүп келгениме үч жыл болду. Бул жакка келгенде университетте фарс тилинде сабак берип, кыргызчаны бир аз унутуп калдым. Кыргызстанда Жалал-Абад шаарында окудум. Магистратураны дагы Жалал-Абадда аяктадым. 2012-жылы Бишкек гуманитардык университетинде докторантураны окудум. Кусейин Исаев агайым болот. 2016-жылга чейин Ооганстандын Бишкектеги элчигинде иштедим. Кыргызстанда балалуу болдум, атын кыргызча Азат деп койдум. Аялым дагы Кыргызстанда магистратураны окуду. Кыргызстандын элине айтаарым бар, Кыргызстандын кадырын, баркын билүү керек. Кыргызстан жакшы өлкө, Кусейин Исаев агайым айткандай, кыргыз болуп жашаш керек.

Мухаммад Исмаил Кайымогли Бишкекте окутуучулары менен. Архивдик сүрөт
Мухаммад Исмаил Кайымогли Бишкекте окутуучулары менен. Архивдик сүрөт

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG