Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ооганстан боюнча чукул жыйынга чогулат


Кабул. 2021-жылдын 15-августу.
Кабул. 2021-жылдын 15-августу.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн 16-августта Ооганстан боюнча чукул жыйынга чогулат.

“Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы президенттик сарайды кечээ кечинде ээлеп алды.

Президент Ашраф Гани бийлигин алдыргандан кийин өлкөдө чыгып кетти. Ал алгач Тажикстандын борбору Душанбеге барганы, кийин ал жерден башка жакка жөнөп кеткени, кайсы жер экени так айтылбай жатканы кабарланды.

Ооганстандагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өз жарандарын чыгарып кетүүдө.

Ашраф Гани Facebook баракчасы аркылуу кан төгүүгө жол бербеш үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирди.

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү президент отурган имарат алардын колуна кан төгүүсүз өткөнүн билдиришти.

Бул өлкөдө иштеген эл аралык уюмдар коронавирустан жана кургакчылыктан кыйналып турган эл арасында качкындар көбөйүп, гуманитардык кризис пайда болгонун билдирүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG