Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

COVID-19: Иран алты күндүк обочолонуу жарыялады


Ирандагы ооруканалардын биринде. 2021-жылдын 15-августу.
Ирандагы ооруканалардын биринде. 2021-жылдын 15-августу.

Иранда бүгүн 16-августта коронавируска байланыштуу алты күндүк обочолонуу башталууда. Бардык шаарлардагы базарларда, мекемелерде, кинотеатрларда, машыгуу залдарында жана ресторандарда чектөө эрежелери кирет.

Шаарлар ортосундагы ички каттам да убактылуу токтойт.

Кечээ Иранда бир күндө коронавирустан 620 адам каза болду. Бийлик муну эң жогорку көрсөткүч деп атоодо.

Жалпысынан бул өлкөдө коронавирустан каза болгондор 98 миңге жакындады. Талдоочулар чындыгында көз жумгандар мындан көп экенин белгилеп жатышат.

Дүйнө жүзү боюнча COVID-19 вирусу жуккандар 207 миллиондон ашты, алардын 4,3 миллиону каза болду.

Кыргызстанда вирусту жугузуп алгандар 172 миң деп расмий айтылууда, алардын 2,5 миңге жакыны көз жумду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG