Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

"Талибан" Кабулдагы президенттик сарайды ээледи


Кабулдагы коопсуздук кызматкери, 15-август 2021-жыл.
Кабулдагы коопсуздук кызматкери, 15-август 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы президенттик сарайды ээлегени белгилүү болду. "Аль-Жазира" телеканалы президенттик сарайдан түз алып көрсөттү.

Видеодон талибдердин лидерлери куралчан адамдардын коштоосунда президенттик сарайдын негизги бөлмөлөрүнүн биринде отурганын көрүүгө болот.

Кыймылдын өкүлдөрү президент отурган имарат кан төгүүсүз талибдердин колуна өткөнүн билдиришти.

"Талибан" жекшемби күнү кечки саат 18:30дар чамасында, Кабулга кирип жатканын жарыялаган. Андан бир нече саат мурда ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен эле.

Кабулдун башкы аэропортунда Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттарын жана коалициялык күчтөргө жардам көрсөткөн ооган жарандарын эвакуациялоо аракети уланып жатканы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG