Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Чет мамлекеттер дипломаттарын Кабулдан чыгара баштады


Франциянын аскерлери француз жана ооган жарандарын чыгарып кетүүдө коопсуздукту сактоо үчүн Кабул аэропортунда турушат. 17-август, 2021-жыл.
Франциянын аскерлери француз жана ооган жарандарын чыгарып кетүүдө коопсуздукту сактоо үчүн Кабул аэропортунда турушат. 17-август, 2021-жыл.

Индия Ооганстандагы өз дипломаттарын 17-августта чыгарып кетти.

«Кырдаалдан улам Кабулдагы элчибиз жана башка кызматкерлерибиз Индияга көчүрүлөт»,-деп жазды 17-августта Индиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Аримдам Багчи.

АКШнын Кабулдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Росс Уилсон өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтарды четке какты.

«АКШ элчилигинин кызматкерлери жана мен Кабулдабыз. Американын миңдей жаранына жана оогандыктарга жардам берүү үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Бул жактагы кызматташуубузду улантуудабыз»,-деди Росс Уилсон.

«Талибан» кыймылы баш калааны 15-августта басып алгандан бери чет мамлекеттер өз жарандарын жана алар менен кызматташып келген оогандыктарды чыгарып кетүү аракетин көрүп жатышат.

Дипломаттарды жана чет элдик жарандарды чыгарып кетүү үчүн авиакаттамдар 17-августта кайра жанданды. Дүйшөмбүдө аэропорттогу башаламандыктан улам каттамдар токтоп калган эле.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Пакистан, Орусия, Түркия жана НАТО өкүлдөрү менен Ооганстан тууралуу өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Орусия өз элчилигиндеги айрым гана кызматкерлери чыгарып кетерин билдирди. Кабулдагы орус элчиси Дмитрий Жирнов 17-августта талибдердин өкүлдөрү менен жолугуп, орус жарандарынын жана элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугу тууралуу сүйлөшөрүн билдирди.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 17-августта Брюсселде чогулуп, эвакуация маселелерин жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулай турганы күтүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG