Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Тогуз кыргыз жараны Ооганстандан эвакуацияланды


Манас аба майданы. Архив сүрөт.
Манас аба майданы. Архив сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы туруксуз абалдан улам тогуз кыргызстандык эвакуацияланганын маалымдады. Учурда башка жарандарды алып келүү боюнча иштеп жатканын кабарлады.

«17-августта элчиликтин жардамы менен Кыргыз Республикасынын тогуз жараны эвакуацияланды. Калган жарандар коопсуз жайда. Учурда аларды Кабулдагы Кыргызстандын дипломатиялык мекемесинин имаратына алып келүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме Ооганстандагы памирлик кыргыздардын виза жана эвакуация жөнүндө кайрылуусу боюнча маалымат текшерилип жатканын кошумчалады.

АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тарта чыгарып кете баштаган. Талибдердин аракети ошондон тартып күчөп, анын аягы Кабулду алуу менен аяктады. Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны 11-сентябрда аяктай турганы айтылган. Бирок кырдаалга байланыштуу ушул айда Ооганстандан толук чыгарылганы жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG